Блог: Коомду нес кылган аянычтуу окуяларды эмнеге эртең эле унутабыз?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элмурат Кочкор уулу,
- Role, Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржийес университети
Бир жаш өмүр кыйылды. Өтө жаман иш болду. Жеке баамымда, бул окуядан соң деле кайталанма капкандын айлампасынан чыга албайт окшойбуз коом катары. Тилекке каршы Айзада (Канатбекова) деле көп өтпөй көңүл чордонунан четтеп кала берет окшойт, кайран кыз!
Биз, кыргыз коому катары бул сыяктуу окуяларга туура баа берип, туура реакция бере албай жатабыз деп ойлойм. Негизи бир кишинин өлүмүнө жамы өлкөнүн реакция бергени, тынчтык жүрүштөрүнүн өткөрүлүүсү, мамлекеттик машиналарга жоопкерчилигин эстетүүсү жакшы нерсе. Бирок бул окуянын калтырып кеткен сабактарын үч күн өтпөй унутуп калган жерибиз чатак. Буга жакшы көнүп алган бийлик бутактары менен тайыз ой жүгүрткөн көпчүлүк "эжеме жездем жарашкандай" бири-бирин толуктап күн кечирип келе жатабыз.
Жакынкы өтмүшкө эле бир кылчайып кайрылалычы. Мисалы, буга чейин Бурулай (Турдаалы кызы) да ала качуунун курмандыгы болуп жан берген эле. Окуя тууралуу катуу ызы-чуу чыкты, эркектер кеңири жемеленди, коомдук жоопкерчиликке үндөлдү... А бирок, мындай окуяларды массалык түрдө азайтууга карата узак мөөнөттүү кадамдардын ташталышы күзөтүлбөдү, талап кылынбады? Жаңылбасам, мамлекет бул жана ушуга жакын учурларда жүз берген окуялардан улам үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөттү. Айзаданын өлүмүн терең кайгыруу менен эскерген ажобуз да, "Фейсбук" баракчасында ала качуунун жазасын күчөтсө деле тилекке каршы мындай окуялардын тыйылбай жатканына кейигенин билдириптир. Ажобузга үнүм жетеби биле албадым, бирок коомдук илгерилөө, өнүгүү жазадан коркуу менен эмес аң-сезимди жогорулатуу менен гана мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Зомбулукту туура таризде, түбөлүктүү кылып азайтуу коомдук агартуу менен гана мүмкүн. Айтыңыздарчы, атайын агартуу иштерин өткөрүүгө, тийиштүү тармакта китептерди которууга же жазууга шыктандырылдыбы? Атайын адистерди топтоп өлкө масштабында сапаттуу теле маектер, радио уктуруулар, талкуулар өткөрүлдүбү? Үй-бүлөлүк сабаттуулукту арттырган атайын пункттардын (бар болсо) ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүлдүбү же жок болсо ачылдыбы? Жок! Эл катары биз ушундай акылман талаптарды коё алдыкпы? Жок!
Дача-СУ окуясы жана сыздаган руху
Мындай трагедиялуу окуяларды жалаң гана гендердик окуяларды чектөөгө деле болбойт. Окуяга оомо аң-сезим менен мамиле кылуунун таасири бардык эле жерде өзүн көрсөтүп жатты. Алсак Дача-Суу окуясы. Канчалаган киши өлүп кетти. Ошол учурларда катуу реакция кылып, жоопкер коомдун өрнөгүн көрсөтүп, бейкүнөө адамдардын рухун кубантып жүрдүк эле. Бүгүн канча киши эстейт болду экен ал окуяны? Андан да маанилүүсү, ал окуядан улам мамлекеттик башкаруубузда, укуктук талаада кандайдыр бир өнүгүүгө бара алдыкпы? Жок. Эл катары биз окуяны унутуп калбай, туура талаптын такай артынан түшүп, ал окуянын калтырып кеткен сабагын унутпай бийликтегилерден туура реакцияны талап кылдыкпы? Менимче, жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жеке баамымда, биздин сырыбызды өтө жакшы билген бийлик бар күчүн убакытты созууга коротту болуш керек. Анткени, убакыт өтөрү менен биз аларды, түнкү уйкусу түбөлүн уйкусуна уланып кеткендерди унутарыбызды билген го, аттиң. Ал жердеги жерлерди ким саткан, учактагы арам бизнес кимдики эле, алар жоопко тартылдыбы, жапа тарткандарга жеткиликтүү кенемте төлөндүбү, кам көрүлдүбү, ким билет? Муну коомчулук билүүгө акылуу эле. Бирок биздин тайыздыгыбыздан улам муну жашырып коюу кыйынга турбай, элдик казына кайтпай калган жашыл кагаздар бейкүнөөнүн канына малынган бойдон бетбактын чөнтөгүнө кете берди, мерездер жоопко тартылбады!..
Коомдогу "чолок реакция"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эми мынтип Айзаданы жоготту коомчулук. Коомдук реакция чындыгында ич жылытарлык. Маселе биздеги бул атуулдук жалындын канча күн жандуу тураарында. Бул окуядан сабак чыгарып, акылдуу кадамдарды таштайбызбы же алдамай кадамдар менен бир аз сооронуп, андан ары унутуп кете беребизби? Көрө жатарбыз.
Тилекке каршы, биринчи ыктымал жакын тургансыйт. Анткени, «Зөөкүрлөр качан жоопко тартылат?» деген суроо көп жаңырды. Бул туура талап, бирок жетиштүү талап эмес. Айткылачы зөөкүрдү эң оор абалда жазага тартты дейли, эмне өзгөрөт? Зөөкүрдү жазага тартып коюу менен болочок «Айзадалардын» тагдыры өзгөрөбү? Жазадан корккондугу үчүн кылмышка жанашпай калган кишилердин көбөйгөнү кооптуу эмеспи эмне? Опузадан корккондугу үчүн кылмышка жанашпаган кишинин ичиндеги айтылуу жырткыч рух зыянын тийгизбей тура береби?
Маселе мына ошол жырткыч рухту тарбиялоодо, эч кандай опузасыз эле жакшыга жанашкан кишилердин катмарын калыңдатуу эмес беле? Бул үчүн узак мөөнөттү иш-чараларды бийликтен такай талап кылуу керек эле го. «Мамлекет бул сыякту окуяларга коомдук толкундоосу жок эле, тез, алгылыктуу чара көрө турган абалга канткенде келет?» деген суроонун алкагында баш оорутуп, муну шарттаган укуктук кадамдарды мамлекетке кабыл кылдыруу зарыл эмес беле? Учурдагы эмоциялуу көпчүлүктүн зөөкүрдүн катуу жазаланышын гана талап кылып, андан аркысын ойлоно албай калышын "коомдук чолок реакция" десе болчудай экен.
Кудум ушундай эле, ИИМдин жетекчисин алмаштыруу талабы да чолок реакциянын бир башка бутагы сыяктанат. Министрди кетирүү бизди максатка жеткиреби? Жаңы келген министрдин кыйратышына ким кепилдик берет? Жада калса мындай кадамдар бара-бара министрдин креслосун мелжиген куулардын саясий оюнуна курал болуп кетпешине ким кепилдик бере алат?.. Министрликке бир кадам калып, бирок саал көбүрөөк күтүп калган арам ойлуу шылуун, буюртма менен бирөөнү жок кылып, жоопкерчилиги деп министрди жыга чапмай көнүмүшкө айланбайт деп ким айта алат? Маселе министрде эмес, балким министрликтин туура иш алып барышында, андагы механизмдерди түзөтүүдө, иштөө тартибин жакшыртууда эмес беле? Бийликке «Аны кетир, муну алып кел»,- деп күлкү болбой, мамлекеттик машинаны туура иштетүүнүн шарттарын орундатууну талап кылуу орундуу эмес беле?
Көзү өтүп кеткен кишиден «кечирим суроо»
«Том аванын тамы» (Хижина дядя Тома, анг.Uncle Tom's Cabin) деп аталган роман, Америкада кул ээлөөчүлүк адаты толугу менен жокко чыга элек доордо Гарриет Бичер Стоу тарабынан жазылган. Романда, акчасы азайган ээси иштерман Том аваны сатуусу менен башталат. Ушундайча Том үй-бүлөсүнөн узакта калып, колдон колго өтүп аябай кордук көрөт. Ошол учурда баштагы ээсинин уулу Жорж, Томду издеп, артынан түшөт. Соңунда Томду табат. Бирок Том, ак терилүү ээсинен өлгүдөй токмок жеп жерде жаткан болот жана көп өтпөй жан берет. Мына ошондо жал ооруган Жорж өзүнүн пальтосун чечип, Томду ороп аны топуракка берчү жайга көтөрүп барат. Топуракка берген соң, пальтосу менен мазарынын үстүн жаап коёт.
Романдын мындай окуя менен аякташы ак терилүү ээсине симпатия туйдурбай койбойт, чиркин. Анткени Жорж пальтосу менен мазардын үстүн жаап жатат жана Томду өлтүргөн ак терилүү кожоюнду бир чаап ийгени да бар.
А чындыгында Жорждун бул кылганын «кечигип кечирим суроо» деп бааласак болот. Башкача айтканда бул кадам өлүп калган кишиге «кечир» деген менен гана барабар. А бирок айтыңыздарчы, киши тирүү кезинде ага кам көрбөй, өлгөн соң кечирим сураган канчалык ынанымдуу?
Айзаданын мисалындагы окуялардын азайышы үчүн, көп кырдуу кадамдардын ташталышы керек экендиги анык. Алардын ичинен, агартуу ишине олуттуу көңүл буруу башкы мааниге ээ. Мындай кадамдарды таштабастан, аларга баш ооруткусу келбей туруп маркум болуп кеткен мекендештерибизди «терең кайгыруу» менен эскерүү - романдагы, мазарга пальто жапкан менен окшош. Эң башта ажобуздун маркумдарга карата мындай көңүл айтуусун көңүлдөн чыкты деп кабыл алуу үчүн, оболу мындай окуяларды тамырын кырккан, көрөгөч кадамдарын көрүүбүз шарт деп эсептейм. Биз өлкө башкарган, элдин ишеними менен келген жол башчыларыбызга мазарыбызга пальто жабууну жараштырбайбыз...
Жыйынтык
Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуунун бир эле жолу бар аң-сезимди жогорулатуу. Албетте бул көп кырдуу ишмердүүлүк. Тактап айтканда аң-сезимдин жогорулоосу экономикалык абалдын жакшырышы, мамлекеттик машинанын ар тараптуу жакшы иштөөсү, маданий өсүү менен тагдырлаш. Бирок булар акырындык менен жүзөгө аша турган иштер экени да чын. Муну сезип турабыз. Бирок ошол эле учурда, жалпылап айтканда үй бүлө маданиятын жогорулатуу максатында илимий-коомдук иш-чараларды көп өткөрүүгө, бул жаатка жеке салым кошкусу келгендерге кеңири колдоо көрсөтүп коюуга мамлекеттин алы жетет. Маселе, кептин, китептин, билимдин күчүнө тийиштүү рычагды мыкчып олтурган кишилер ишенип ишенбестигинде... Жогорудагы сунуштарым балким бир курулай ой, майнапсыз кыял сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок ишенип коюңуздар, коомдук өнүгүү так ошол сиздер ишенбеген «жомок» аркылуу гана ишке ашат! Коомдук гармония бир гана агартуу жолу менен мүмкүн болорун тарых нечендеп далилдеп келди. Мунсуз кандай жолго кайрылбасын майнап чыкпашын эстетээр элем.
Элдин тагдырынын жоопкерчилигин моюндаган эр-азаматтарыбыз, эгер чындап эле мындай окуяларды терең кайгыруу менен кабыл алса, жүрөктөн күйсө утурумдук чаралар менен элдин көзүн боёгондун эмес, агартуу иштерине көңүлдүү жакшылап бурат деп ойлойм.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












