"Төркүнүнөн келип, асынып алды..." Андаракта суицидге барган аялдар

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Иллюстративдик сүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Лейлектин Андарак айылында бир жыл ичинде он аялдын суицидге барганы тууралуу кабар коомчулуктун үрөйүн учурду. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринде иликтөө жасап жаткан учурда маалым болгон.

Жергиликтүү милиция аялдардын суицидге барган жети учурун расмий билдирүүдө. Калган үч окуяны "Азаттыктын" кабарчысы таап чыккан. Бир жылда он аял өз өмүрүнө кол салып, алардын алтоосу көз жумган. Төртөөнө убагында жардам көрсөтүлүп, өмүрүн сактап калышкан.

Аялдардын өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда. Милиция ар бир окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, жакындарынын баары убагында суракка алынган деп билдирди. Бирок бир дагы киши күнөөлүү деп табылган эмес.

Би-Би-Си алардын экөөсүнүн жакындары менен байланышып, окуя тууралуу сурады.

"Азаттыктын" кабарчысы Андарактагы тажия учурунан тарткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, azattyk.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Азаттыктын" кабарчысы Андарактагы тажия учурунан тарткан сүрөт

"Жин кирип кеткен..."

Андарак айылынын тургуну Ахмадали (атын өзгөртүп койдук) жубайы ушул жылдын август айында таң эрте өзү жашаган үйдүн короосунда асынып алганын айтып берди:

"Аялым биринчи ооруп, дарылануу үчүн ооруканага жатып чыккан. Жакшы болуп кеткен. Кийин башы тынбай ооруй берди. Анан молдого алып барып, дем салдырып келгенбиз. Кечинде аялыма базарга барып, балдарга кийим-кече сатып келели деп айткан элем, ал макул деген. Бирок эртең менен турсам ушул окуя болуп кетиптир".

Өз жанын кыйган аялдын жашы кырк үчтө болчу. Ортолорунда эки кыз, бир уул бар. Уулу учурда Орусияда иштеп жүрөт. Ал эми эки кызы мектеп курагында. Ахмадали жубайы каза болгон учурда Андаракта үй-бүлөсү менен болгонун билдирди.

Окуя болгондон кийин милиция келип, үй-бүлөнү суракка алган.

"Аялымдын төркүнү мени окуя боюнча күнөөлөгөн жок. Ушул күнгө чейин эмне себеп болгонун түшүнбөйм. Аялыма эч кандай кол көтөргөн эмесмин",- дейт Ахмадали.

Ахмадали үйдө эч кандай зомбулук болгон эмес деп ишендирүүдө.

Асынып каза болгон аялга дем салып, диний ырым-жырымдарды жасаган киши менен дагы байланыштык:

"Мага бир күнү келишти. Ошондо аялыңдын ичине жин кирип кетиптир деп айттым. Ал каза болордон эки ай мурун келген. Ошондо күчтүүрөк дем салдырыш керек, муну бир нерсе кылыш керек деп айткам. Макул деген боюнча кетишкен. Ошондон кийин эле ушундай окуя болуп кетти",- деди Андарак айылынын имамы Исманали.

"Төркүнүнөн келип, асынып алды"

Андарак айылы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейлек району, Андарак айылы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыйырма эки жаштагы Дилара (аты өзгөртүлдү) ушул жылдын 25-сентябрында төркүнүнөн келгенден кийин төрт саатка жетпей өзү жашаган короодо асынып алган. Жолдошу Орусияда болчу. Үйүндө кайнене, кайнатасы жана дагы бир абысыны менен чогуу жашачу. Артында бир баласы калды.

Ал окуя болгонго чейин кайын журту менен эч кандай маселе болбогонун, жакшы эле жашап жүргөнүн, мунун себебин бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албай жатканын бир тууган агасы Фарход айтып берди:

"Өзүбүз дагы түшүнбөй калдык. Эки абысыны менен жашачу. Бир күн мурун биздин үйгө тойго келип, конуп калды. Эртеси күнү саат он бирде кайын журтуна алып бардык. Анан түшкү саат үчтөрдө асынып алды. Эч кандай себеп жок. Телефонун толук текшерип чыктым. Эч нерсе деле жок. Уруш, түшүнбөстүк, чатак болгон дагы эмес".

Дилара мектепти бүткөндөн кийин окуусун уланткан эмес. Турмушка чыкканына төрт жыл болгон. Баласы азыр кайын журтунда чоңоюп жатат.

Окуя болгонго чейин башы ооруп жүргөнүн айтып келген. Туугандары алгач молдого, андан кийин ооруканага алып барып, дартын аныктоого аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан эмес, дейт бир тууган агасы.

Андаракта үлүш жер тартыш...

Суицидге барган аялдардын эң жашы жыйырмада болсо, эң улуусу кырк үчтө болгон. Өлүмгө барууга негизги себеп жана ага күнөөлүү кишилер али күнгө чейин табыла элек.

Айрымдарынын жакындары уруш-талаш болгон эмес деп, шайтан, жин кирип кетиши мүмкүн деген божомолдорун айтышты.

Андарак айыл башчысы жер үлүштүн тартыштыгынан бир үйдө көп бүлө жашаганга туура келип жаткандыгын, бул дагы бир себеп болушу мүмкүн дейт:

Хакимжон Хожаев

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андарактын айыл башчысы Хакимжон Хожаев

"Катталган суициддердин негизги себептерин биз дагы тактай алган эмеспиз. Турмушунда шарты жок, социалдык абалы начар деле эмес болчу. Жаңжал-талаш болбогондуктан биз себебин аныктай албай жатабыз. Биздин айыл тоолуу райондо жайгашкандыктан, өкмөттөн трансформация кылалы десек, жер жок. Мындан улам бир үйдө төрттөн-бештен бүлө жашаганга туура келүүдө”.

Андарак Тажикстан менен чектешкен айыл, анда 8500гө жакын тургун жашайт. Көпчүлүгү чет жакка иштегени чыгып кеткен.

Өз өмүрүнө кол салган аялдардын баары тең тажик улутундагы Кыргызстандын жарандары.

"Чындык жашырылып жатат..."

Гендердик эксперт Адинай Жапаралиева негизги көйгөй миграцияда деп эсептейт. Келиндер үй кызматчысы катары кабыл алынып, суициддин себеби түшүнүксүз деген жүйөөгө ишенүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

Адинай Жапаралиева көп жылдан бери аял укуктары боюнча өлкөнүн бардык аймактарында окутууларды өткөрүп келет. Учурда Лейлекте кезектеги окутууларын өткөзүп келе жатат:

Гендердик эксперт Адинай Жапаралиева

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гендердик эксперт Адинай Жапаралиева

"Эрте үйлөнүп, эрте турмуш курушат. Анан күйөөлөрү миграцияга кетет дагы, аялдар үйүндө кайын журту менен калат. Бул деген көбүнчө ата-энени баккан бекер үй кызматкер сыяктуу кабыл алынат. Үйдө психологиялык кысымга кабылып, кошуна же үйүндөгү эркектер тарабынан жыныстык ыдыкка дуушар болуп, мындай жашоого чыдай албай, өзүнө-өзү кол салыштыбы деп ойлойм".

Бул көрүнүш айыл жергесиндеги аялдарга кейиштүү мамилени көрсөттү, бул заманбап кулчулук, деп кошумчалады Адинай:

"Жакындары, айылдагылар чындыкты жашырып жатышат. Бул масштабдуу суициддин себеби белгисиз бойдон калуу мүмкүн эмес".

Аялдардын көбү муунуп алышкан. Алардын жакындары менен иштешкен юрист же адвокат болгон эмес. Милиция бардык иш териштирилгени менен бул боюнча бирөө-жарым жоопко тартылган учур азырынча каттала электигин билдирди.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча, өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун 8500 учуру катталган.