Кадамжайда каза болгон келин: кенедей кыздардын эртеңи эмне болот?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Каза болгон Айкыз Калмурза кызы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каза болгон Айкыз Калмурза кызы

Кадамжайда күйөөсү муунтуп өлтүргөн деп айтылып жаткан келиндин эки кызы Баткендеги үй-бүлө тибиндеги атайын үйлөрдүн бирине өткөрүлүп берилди. Кадамжай райондук администрациясынын алдындагы комиссия 12-январда ушундай чечим кабыл алышканын Би-Би-Сиге билдиришти. Анын негизги себеби соттун чечими чыкканга чейин кыздарды эки жакка талаштырбай, чогуу тургузуу болгон.

Кыздардын улуусу алты, кичүүсү үч жашта. Экөөнүн тең угуп, сүйлөөсү жайында, саламаттыгы жакшы, деп билдирди жергиликтүү социалдык кызматтын жетекчиси Гүлбарчын Осмонова.

Каза болгон келин менен күйөөсү экөө тең майыптыгы бар адамдар экени айтылган. Угуу жана сүйлөө жагынан жабыркашчу.

"Жолдошу социалдык кызматтын каттоосунда туруп, ай сайын жөлөк пул алып келген. 2023-жылдын сентябрь айына чейин эки кызына айына 4880 сом көмөк пулу чегерилген. 2023-жылдын июнь айында келиндин агасы эки кызды өздөрүнө алуу боюнча арыз менен кайрылган. Ошол маалда эле маркум келин күйөөсү менен жашабай калган экен. Арыз түшкөндөн кийин биздин бөлүмдүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлеринен турган топ барып, балдар менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда эки кыз тең чоң энесинин колунан кетпейбиз деп айтышкан", - деп кошумчалады жергиликтүү социалдык кызматтын жетекчиси.

Ошондон кийин социалдык кызматкер ай сайын үйүнө барып, кыздардан кабар алып турганбыз деп айтууда.

Окуя кандай болгон?

Жыл жаңырары менен Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айылында жаш келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду деген суук кабар тарады. Окуя күндүзгү саат үчтөр чамасында экөө жашаган айылдагы көчөдө болгон. Келиндин көзүндө көк-ала тактар бар экени сырттан кароо жүргүзгөн учурда байкалган.

Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын милиция билдирди.

"Жолдошу дагы сүйлөбөйт эле. Адистердин айтуусу боюнча, чыр-чатак кызганычтын айынан болчу экен. Кол көтөрүп жүргөнү тууралуу маалымат бизге түшкөн эмес. Себебин сураганда кызганычтын айынан экөө эки башка жолго түшкөнүн укканбыз",- деди Гүлбарчын Осмонова.

Мурда Айкыз жолдошу тарабынан ур-токмокко алынып, тиштери сынып, мунун айынан жашабайм деп Бишкекке бир тууган эжесинин үйүнө кеткен.

"Күйөөм урбайм деди..."

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Окуяга чейин дагы урган болчу. Тишин сындырып, ооруканага жатып чыккан. Ошондон кийин жаныма Бишкекке алдырып алгам. Үч жаштагы кызы менен келген. Улуу кызы чоң энесинин жанында калган. Анан кайын журту жараштыралы, эки кыз эки жакта калбасын, улуусу апасын сагынып жатат деп тынбай эле атама чала беришиптир. Айкыз күйөөм мени урбайм деди, улуу кызым сагынып жатыптыр деп кеткен",- деди Айкыздын бир тууган эжеси Сапаргүл Пиржанова.

Айкыз жолдошу менен айылга баргандан кийин дагы ур-токмокко кабылганын эжесине айткан. Бул тапта бир тууган агалары Москвада болуп, айылда атасы гана бар экен. Апасы мындан тогуз жыл мурун көзү өтүп кеткен.

"Кичине кызын ээрчитип алып, көчөгө чыккан экен. Күйөөсү аркасынан кууп барып, мыкаачылык менен өлтүрүптүр. Башы жанчылган. Сөөктү жууганы киргенде соо жери калган эмес, каны токтогон жок. Беттери жарылган. Башынын аркасын жанчып салган. Өлгөндөн кийин деле моюну шылкылдап жатты",- деп кошумчалады бир тууган эжеси.

"Акча топтоп, тишимди оңдотом, үй алам дечү…"

Каза болгон Айкыз Калмурза кызынын Бишкекте түшкөн акыркы сүрөтү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каза болгон Айкыз Калмурза кызынын Бишкекте түшкөн акыркы сүрөтү

Эжесинин айтымында, Айкыз бала кезинен эле бардыгына шыктуу болчу. Тикмечиликти бир көрүп эле үйрөнүп алган экен. Жаңы жылга чейин Бишкекте эжесиникинде жашап жүргөндө тикмечи болуп иштеп, астына көп максаттарды койгон.

Эң биринчи эле ур-токмоктон сынган тиштерин оңдотуп, айылга барып, улуу кызын алып, аларды эч нерседен кем кылбай багууну кыялданган. Эжесине үй алалы деп кайра-кайра айтып, дем берип турчу экен.

Айкыздын бир тууган эжесинин айтымында, зомбулук тууралуу укук коргоо органдарына буга чейин дагы кайрылышкан. Ал иштин аягы эмне болгону азыркыга чейин так белгисиз дешти.

Зомбулук көргөндөр УКМКнын аймактагы бөлүмдөрүнө кайрыла алышат

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

Окуя коомчулукка чыккандан кийин зомбулук темасы кайрадан талкуулана баштады. Зомбулук боюнча милицияга арыз түшүп, бирок иш убагында аягына чыкпай жатат деп нааразы болгондор аз эмес.

12-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кыз-келиндерге кайрылып, зордук-зомбулукка туш болушса, райондордо жайгашкан атайын кызматтын бөлүмдөрүнө кайрылуу керектигин жазды.

Ташиевдин бул билдирүүсү колдоого дагы, сын-пикирге дагы алынып жатат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова адам катары Камчыбек Ташиев туура билдирүү жасаганын айтып, бирок аталган кызматтын ыйгарым укуктары тууралуу сөз кылды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

"Кандайдыр бир маселе болсо кайрылгыла деп айтканы адамгерчилик, ага ыраазычылык билдирдим. Бирок бул УКМКнын иши эмес да. УКМКнын ички жана тышкы чалгындоо жумушу бар. Бизде коомдук тартипти, жарандын коопсуздугун сактоо үчүн атайын орган бар да. Эми кайрылгыла деп жазганы туура. Бирок ошол эле убакта Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары катары жазылган арызга эмнеге убагында көңүл бурбадыңар деп айтышы керек эле да. Сотту дагы, прокуратураны дагы, ИИМди, Юстиция министрлигин, Жаза аткаруу кызматын жалгыз эле УКМК алмаштыра албайт", - деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Айкызга көрсөтүлгөн зомбулуктан улам убагында жергиликтүү милицияга жазылган арыздын соңу эмне болгону тууралуу ИИМ азырынча маалымат тарата элек.

Би-Би-Си бул боюнча ИИМден комментарий алууга аракет кылып, бир катар суроолор менен кайрылганын, бирок жооп ала электигин айта кетели.

Бир жылда зомбулуктан 26 аял каза болгон

Бир жылда зомбулуктан 26 аял каза болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир жылда зомбулуктан 26 аял каза болгон

ИИМдин коопсуздук кызматынын буга чейинки берген маалыматына караганда, 2023-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун айынан 26 кыз-келин каза болгон.

Узаган жылдын он бир айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 11783 учур катталган. Анын ичинен аялдарга 9786, жашы жете элек балдарга 184 убактылуу коргоочу ордер берилген.

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу он бир айда 539 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 350 сотко жөнөтүлгөн, калгандары өндүрүштө.

Андан башка укук бузуу фактысы боюнча 2604 иш сотко жетип, үй-бүлөлүк зомбулукка шектелгендердин миңден ашыгын коомдук жумушка тартуу боюнча чечим чыккан. Анын ичинен 872 адам 3-7 күнгө камалган.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көп катталып жаткандыгына байланыштуу кылмыш-жаза кодекси жана айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек деген сунуштар улам айтылып келүүдө.