Чабылган эл жана чабал коммуникация

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан чек арадагы кыргыз айылдары чабылып, чоң жоготуулар болду. Андан кийин Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өттү деген нааразылык орун алып жатат. Сыртка сатылган алтындын чыры да басыла элек. Кымбатчылык-каатчылык барган сайын элди жакадан алууда.

Мына ушундай шартта өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий акыбалга кандай баа берет элеңиз деп Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат талдоочу Бурул Усманалыга кайрылды.

Бурул Усманалы

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бурул Усманалы

Б.Усманалы: 14-15-16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өтө чоң куралдуу кол салуу болду. Алтымыш алтыдан кем эмес жараныбыз набыт кетти. Өлкөнү өтө чоң шокко алып келген кандуу окуялар болду. Андан кийин эле кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры тууралуу маселе жаралды. Эл кийин туура эмес чечимдин азабын тартышы мүмкүн. Ошол эле Кемпир-Абадды алалы, ал жакта суудан таңкыстык жаралса, түштүк облусундагы талааларга, анан барып экономикага таасир этет да.

Жогорудагы эки көйгөй тең чек араларга байланыштуу жана бул жерде негизги маселе – кабыл алынып жаткан чечимдердин ачык айкын эместигинде болуп жатат. Чек ара талаштары өтө жашыруун жагдайда чечилип жатат, ушунун өзү эле мыйзамсыз. Жалпы элге бул тууралуу ачыктабаган менен Жогорку Кеңеш мындан кабардар болуп, ратификация кылышы керек да.

Бүдөмүк нерселер көп болуп, ал жалпы коомдук-саясий акыбалды курчутуп жатат. Протоколдор ачыкка чыкпай, сабатсыздык орун алып, протоколду сураган адамдарды чагымчы көрсөтүү аракети орун алууда. Бул элдин укугун одоно бузууга жатат. Алтын чыры боюнча да ошол эле көрүнүш. Буга кошумча кымбатчылыкты да алалы. Мунун баары кошулуп отуруп, бийлик менен элдин мамилесин чыңалтууда.

Би-Би-Си: Баткендеги чабылып-чачылган айылдарга барып келген бир топ депутаттар сентябрдагы кол салуу учурунда болгон аскердик чоң кемчиликтер жөнундө айтып жатышат. Аскердик чалгындоо, контр чалгындоо, аскердик координация талаптагыдай болгон жок деген мааниде. Былтыр апрелдин аягында да ушундай жоготуулар, кемчиликтер болгон. Бирок бир дагы аскер жетекчиси бул үчүн жоопкерчилик алган жок. Мына ушул маселе дагы наарызылыктын бир себеби болуп жаткан жокпу?

Б.Усманалы: Баткендеги окуяларда Кыргызстандын чалгындоо дарамети жана заманбап технологиялары чабал экени көрүнүп калды. Ал окуяларда чек арачылар өзү менен өзү калып калгандай болду. Курчоодо калган балдардын видеолорун көрүп аттык. Ушунун баары чек арачылардын материалдык-техникалык базасына олуттуу мамиле жасалбаганын көрсөтүп жатат.

Экинчи жагынан, Баткендеги окуялар чек ара окуяларында тезинен жооп кылуу үчүн коммуникация начар иштегенин көрсөттү. Мисалы, чек арада өзгөчө кырдаал жаралса, окуя болгон жерден түзмө-түз президентке чыкканга мүмкүн канал болушу керек. Буга чейин Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиев айтты эле, Тажикстанда ушундай экен деп. Бизде кандай? Чек арада бир окуя болсо, биринчи талаа командирине чалып, ал өзүнүн жетекчисине айтып, анан ал барып Башкы штабга маалымдап, айтор маалымат жогору жакка жетүү үчүн беш-алты чынжырдан өтөт экен деп. Чек арада окуя болсо ал дароо президентке жетиши керек, ортодо коммуникациялык чынжырлар чубалжыбай, болушунча кыска президентке маалымат кетиши керек. Ошондой чукул канал чек ара маселесинде иштебейт экен. Бул биз үчүн өтө чоң сабак.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Укук коргоочулар авторитардык башкаруунун белгилери күчөп, сөз эркиндиги чектелип жатканын айтышууда. Ошол эле учурда президент, УКМК төрагасы байма-бай интервьюлар менен чыгып жатпайбы. Жакында элдик курултай өтүп, Садыр Жапаров отчет берген жатат. Бийликтин эл менен болгон коммуникациясына эмне жетишпей жатат?

Б.Усманалы: Кыргызстанда чын эле диктатордук башкаруунун белгилери болуп жатат. Бийлик ага каршы пикир билдирген адамдарды камап, өзү каалаган нерсени айтып жатат. Бийликтин иш-аракеттерине кайтарым жооп жазгандарды “бузуку” атап, ар түрдүү шылтоолор менен жаап коюп жатат. Мисалы, блогерлер Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиевдин жана “Некст ТВ” директору Таалай Дүйшөмбиевдин мисалдары бар. Ошондой эле адам укуктары боюнча абал да начарлады. 7-октябрда орус элчилигинин алдына чыккан активисттерди кармап кетишти. Бул Россиянын диктатордук режимин туураганга жатат.

Курултайды дагы бийлик өз пайдасына колдонгусу келип жатат. Курултай институту кыргыздардын тарыхында болгонун эч ким танбайт, бирок азыр анын юридикалык макамы бекитилген эмес да. Бирок азыр бийлик парламентти кыйгап өтүп, курултай аркылуу айрым маселелерин бекиткиси келет. Алардан колдоо таап, кайсы бир иштерге акым бар дегени жатат.

Коммуникация боюнча бийликтин саясаты чабал болуп атат. Алар өздөрү каалаган учурда басма сөз жыйындар уюштурат, бирок элге эч нерсе айттырбай жатпайбы. Айрым маселеде болсо маалыматтык ваакум болуп, маселенин баары ушундан келип чыгып атат.

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы укук коргоочулардын тынчсыздандырууда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы укук коргоочулардын тынчсыздандырууда

Би-Би-Си: Чек ара, “Кумтөр”, сөз эркиндиги жаатында оппозициянын бийликке карата сын-дооматтары күчтүү болуп атат. Бирок бирдиктүү делген оппозициялык күчтөрдүн аракети эмнеге бирдиктүү болбой аткандай. Оппозициянын саясий потенциалы канчалык деп баалайсыз.

Б.Усманалы: Ооба, мындай сындар уулуу муундагы Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов сыяктуу оппозиция өкүлдөрү тарабынан айтылып жатат. Бирок бирдиктүү деген оппозиция жок болуп атат. Жашыраак муундагы оппозициялык күчтөр дагы бар. Бирок улуу жана кичүү муундагы оппозициялык күчтөр бириге албай жатат. Мисалы, Урмат Жаныбаев, Руслан Акматов, Айбек Турдаалы, Назгүл Шекекова санай берсе көп. Өтө күчтүү ойчул балдар бар, бирок жаштар менен улуу муун ортосунда ишеним аз болуп, бириге албай атат. Мындай маселе бар жана мен аны көптөн бери байкап келем. Бириксе, бийлик баарынын аркасынан түшүп ала алмак эмес, бирок биригүүгө эрк жетпей жатат.

Би-Би-Си: Кыргызстанда туура эки жыл мурун Октябрь окуяларынын негизинде бийлик алмашты эле. Андан кийин бийликке келген Жапаров-Ташиев тандемин “кыргызча дуумвират” деп атап жүрүшөт. Азыр өлкөдө кош бийлик жүрүп жатабы жана анын кандай белгилерин байкап жатасыз?

Б.Усманалы: Бийлик алмашканына эки жыл болду.Эл анда либералдардын оозун жаап, ушул бийликти сүрөп алып келишкен. Шайлоодо көпчүлүк ушул бийликти колдоп жеңип кетишкен. Эми алар азыр Кемпир-Абад, Баткен окуяларынан кийин тилдерин тиштеп калышты. Өздөрү ошол тандоонун кесепетин көрүп жатышат. Ооба, Кыргызстанда кош бийлик жүрүп жатат. Көп суроолор боюнча Камчыбек Ташиев жооп берип, Садыр Жапаров жооп бербей калууда. Президент өлкө башчысы катары өзүнө жоопкерчилик алган эле, чек арабы, сот бийлигиби, бардык суроолор боюнча мен жооп берем деген. Конституцияны өзгөртүп үч бийлик бутагынын жоопкерчилигин өзүнө алган. Ошону менен бийликтер ортосундагы баланс жоголгон. Бирок азыр болсо ал жоопкерчилигин алган жок. Көп эле суроолор боюнча президент жоктой. Ташиев болсо көп маселе боюнча өзү чуркап жооп берип, адамдарды камап атат. Тымызын кош бийлик жүрүүдө. Бул бара-бара конфликтке алып келет. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып же кичине шектенүү жаралса, ошондо башталат. Бул өлкө үчүн трагедия, достук болбош керек саясатта.

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев

Би-Би-Си: Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген күчтөр арасында ич ара тирешүү бар экени айтылып жатат. Мисалы, ошол эле мурдагы парламент спикери Талант Мамытовдун отставкасынын чыныгы себеби бир аз бүдөмүк болуп турат. Бирок азыркы турушунда Жапаров-Ташиев тандеми бузулгустай көрүнөбү? Эл арасында бул тандемди “эки дос” деп атап жүрүшөт, бул достуктун негизги күчү эмнеде?

Б.Усманалы: Ооба, тирешүү тууралуу сигналдар кетти. Талант Мамытов күтүүсүз отставкага кетти. Экөөнүн ортосунда конфликт болуп атат деген талаш-талкуулар болуп атат. Бул баягы эле маалыматтык вакуумдун айынан келип чыккан нерселер. Экөө ачык маалымат бербейт, коммуникациясы өтө начар. Мындай будөмүктөн элдик шек саноосу жаралат. Негизи эле Азиянын маданиятында кош бийлик көпкө барбайт. Бул баягы “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дегендей кеп. “Эки дос” деген схема бизде иштебейт, Атамбаев менен Жээнбековду көрдүк. Мамлекетте институттар иштеш керек, бизде вождизм болуп атат, болгондо да эки вождь болуп атат. Саясаттагы түндүк-түштүк маселесин башкача чечиш керек. Саясатчылар аны өз пайдасына колднуп жатат. Улуттук деңгээлде ойлонгон лидер керек, элдин да саясий деңгээли көтөрүлүшү керек.