Орусия: Банк картасы иштебей калган мигранттар элчиликтен жардам күтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусияда жүргөн 67 миңге жакын кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын көпчүлүгүнүн банк картасы бөгөттөлдү. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Алар укуктук абалын жөнгө салышы керек же Орусиядан чыгып кетиши керек, дейт министрлик.
Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар 6-февралдан тарта банк карталары бөгөттөлүп калганын жапырт түрдө билдире башташкан. Алардын айрымдары документтери жайында экенин, ага карабай эсептери ачылбай, каражаттарын ала албай жатканын айтышкан.
"Картам иштеп калды, бирок чектөө киргизишти"
Би-Би-Си Кыргыз кызматына маек берген бир нече мигрант 11-февралга карата абал бираз турукташканын, банк эсептери кайрадан ачылганын айтышты.
"Документтерибиз жайында болчу. Атайын режим күчүнө киргенде реестрге мигранттардын баарын эле киргизип салышкан окшойт. Бул тизмеге Орусияга жаңы эле келгендер да кирип калыптыр. Менин карындашым Кыргызстандан келип, он күн мурун эле карта алган. Анын картасы да иштебей калды. Орусиянын ИИМине барып, документтерибизди текшерттик. Баары туура экен. Реестрден бир күндөн кийин чыгарышты. Банк картабыз үч күндөн кийин кайра иштей баштады", - деди өзүн Субан деп тааныштырган кыргызстандык жаран.
Орусияда курулушта иштеп жүргөн Аман (аты өзгөртүлдү) ушул тапта үч кесиптешинин банк картасы жабык бойдон турганын, эми алар айлыкты кантип аларын билбей жатканын кабарлады:
"Азыр мени менен бирге иштеген кыргызстандык жарандар азап чегип жатышат. Бригадада жыйырма киши иштесек, үчөөнүн картасы бөгөттөлүп калды. Биз расмий түрдө иштеп жүрөбүз. Ошондуктан маянабыз картага түшөт. Эми алар айлыкты кантип алышат, билбейм. Биздин ишкананын ВТБ банк менен келишими бар экен. Иш берүүчү айлыкты башка банк аркылуу да, накталай да бере албайбыз деп жатат. Бул маселени эми юристтер келип чечип беришеби же жокпу, билбейм. Мигранттарды ушинтип эле кыйнай беришеби?! Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин бизге жеңилдик болуш керек да".
Орусияга мындан алты ай мурун кетип, электр тармагында эмгектенген Бактыбектин картасы да бөгөттөлүп калган. Ал беш күндөн кийин картасы иштей баштаганын, бирок чектөө киргизилгенин айтты:
"Картамда 100 миң рублдан ашык акча бар эле. Эмгек келишим бар, мыйзамдуу түрдө иштейм. Эмне себептен бөгөттөп койгонун билбейм. Бүгүн банктан билдирүү келиптир. Картам кайра иштей баштады, бирок чектөө коюп коюшуптур. Мындан ары айына 30 миң сомдон ашык акча чыгара албайт экенмин. Бүгүн ошол сумманы чыгарып алам. Кайра бөгөттөп салышы мүмкүн, ишенич жок. Батирде ар түрдүү кишилер менен жашайсың, акча сактай албайсың. Ошондуктан көбү айлыгын картада кармайт да. Мигранттарды ойлоп койгула. Элчилик жардам береби деп эле күтүп жатабыз".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Насыя алып, төлөбөй койгондор реестрге кирди "
Орусиядагы мигранттардын WhatsApp тайпаларынын биринин администратору, активист Фарух Нуров көзөмөл реестрине жаңылыштык менен киргизилип калгандар болгонун, учурда система калыбына келип, алардын маселеси чечилип жатканын белгиледи.
Миграциялык мыйзамдарды так сактабай иштеп жүргөндөр да аз эмес экенин, бул учурда карталарды бөгөттөн чыгаруу бир топ кыйын болуп жатканын кошумчалайт:
"Чакан насыя алып, убагында төлөбөй койгондор көп экен. Ошолордун банк карталары бөгөттөлдү. Мындан тышкары медициналык кароодон өтүү, манжа изин тапшыруу сыяктуу жол-жоболор бар. Мен банк карталары бөгөттөлүп калган бир нече кишини "Сахарово" миграциялык борборго алып барып келдим. Маселен, паспортто бир тамгасы туура эмес жазылып калгандар бар экен. Бир ай мурун 8-9 миң төлөп, каттоодон өткөндөр кайра акча коротуп, документтерин тууралап жатышат. Бул өкүнүчтүү".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ТИМ: Укуктук абалын жөнгө салбагандар Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 2025-жылы 5-февралда 67 миңге жакын кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген.
Алардын көбүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Министрлик бул категориядагы жарандарга өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга, болбосо Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш экенин эскертти.
"Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган жарандар Орусиянын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен Орусиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар "Сахарово" миграциялык борборуна) кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүрүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.
Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктарды манжа изин тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө, милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү төлөөгө чакырат.
Убактылуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими бар болсо, тиешелүү жол-жоболор аткарылса, бирок көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестрине кирип калгандар болсо, алар Орусиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылышы керек.
Орусияда 5-февралдан тарта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу режими күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу негизи жок жүргөн чет элдиктер депортацияланат. Бул категориядагы кишилерге банк кызматтарынан пайдаланууга, автоунаа айдоого, никени каттатууга тыюу салынат.
Февралдын башында Орусиянын ички иштер министрлиги өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жалпы саны 670 миң экенин билдирген.
Расмий маалыматка караганда, Орусияда 350 миңдей кыргызстандык бар. 2023-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге көп болгон. (AA)












