Ирак: ас-Садрдын тарапташтары президенттик сарайды басып алды, каза болгондор бар

Raffi Berg, BBC News

Ас-Садрчылар президенттик сарайды басып алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башаламандыкта кеминде 15 киши набыт болду, көбү октон жарадар болушту

Ирак саясатындагы эң көрүнүктүү фигуралардын бири, миллиондогон тарапташтары бар таасирдүү шиит имамы Муктада ас-Садр 29-августта саясаттан кетерин жарыялады. Андан соң анын жүздөгөн тарапташтары Багдаддагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жайгашкан “Жашыл зонасынан” өтүп, президенттик сарайга басып киришти.

Күч органдары ок атуучу куралдарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. Шаарга аскерлер кирип, коменданттык саат жарыяланды.

Кагылышуулардан кеминде 15 киши каза болуп, 200дөн ашууну жарадар болгон.

Түркиянын Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Мындан эки күн мурда ас-Садр 2013-жылдан бери Ирактын саясатына аралашкандардын баарын (анын ичинде ас-Садрдын өз блогун да) кетүүгө чакырган.

АКШ 2011-жылы Иракта жайгашкан негизги аскердик контингентин чыгарган эле.

"ас-садрчылар" президенттик сарайда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ирактын улуттук INA агенттигинин маалыматына караганда, тополоң башталгандан кийин Муктада ас-Садр зомбулук токтогонго чейин ачкачылык жарыялаган. Бирок диний ишмердин кеңсеси муну расмий тастыктай элек.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми Бириккен ыкчам аскер командачылыгынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрүп, демонстранттардын өлтүрүлүшүн иликтөөгө буйрук берди, анткени, анын айтымында, “куралчан аскерлерге демонстранттарды атууга тыюу салынган”.

Кувейттин Ирактагы элчилиги өз жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө, ал эми Иракка барууну пландап жаткандарды “бири-бири менен атаандашкан шиит топтордун кагылышуусунан келип чыккан башаламандыктардан” улам деген жүйө менен пландарын кийинкиге жылдырууга чакырды.

AFP агенттигинин маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү эртең менен Багдаддын көчөлөрүндө “ас-садрчылар” башка шиит, бирок иранчыл “Координациялык структуранын” тарапкерлери менен атышканын жазды.

Бириккен улуттар уюмунун Иракка жардам көрсөтүү миссиясы (UNAMI) өлкөдөгү окуяларды “өтө кооптуу эскалация” деп атап, бардык тараптарды кырдаалды көзөмөлдөн чыгара турчу кадамдарга барбоого үндөдү.

"Мамлекеттин аман калуу маселеси турат", - деп эскертти миссия.

Багдаддагы баш аламандык тууралуу "тынчсыздандырган" кабарларга байланыштуу Америка Кошмо Штаттары дагы сабырдуулукка чакырды.

Шииттердин тиреши

Муктада ас-Садр түздөн-түз саясатка аралашкан эмес, бирок таасирдүү фигуралардын бири деп эсептелет.

Анын блогу өткөн жылдын октябрындагы шайлоодо эң көп добуш алган, бирок бул көпчүлүк үчүн жетишсиз болгон. “Ас-Садрчылар” Иран колдогон “Координациялык структура” оппозициялык топубунун катышуусуз өкмөттү кура алган эмес.

Ас-Садрдын блогу Иран колдогон атаандашы менен сүйлөшүүдөн баш тартты - бул өлкөнү бир нече ай бою саясий туңгуюкка жана туруксуздукка алып келди.

демонстранттарга ок атуучу курал колдонулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттарга карата ок атуучу курал жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулду
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ирактын мусулман калкынын басымдуу бөлүгү эки топко бөлүнөт - шииттер жана сунниттер. Саддам Хусейндин тушунда шииттер куугунтукталып, бирок АКШ басып киргенден кийин саясий тартип өзгөрдү. Анткен менен эми шииттер бири-бири менен тирешүүдө.

Өкмөттү түзө албаган ас-Садрдын блогунун депутаттары парламенттен чыгып, аны таркатууну талап кылышты. Ал эми июлда ас-Садрдын тарапташтары “Координациялык структура” сунуштаган премьер-министр Мухаммед ал-Суданинин дайындалышына каршы демонстрацияга чыгышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда “ас-Садрчылар” парламенттин имаратына басып кирип, андан соң анын алдына лагерь курду жана иш таштоону уюштурушкан.

Европанын тышкы байланыштар боюнча кеңешинин (ECFR) өкүлү Хамзе Хадад ас-Садрдын стратегиясы кандай экени белгисиз болгонун айтты.

"Эң жаманы, ал өзүнүн жолдоочуларына каалаганын жасоого жол берип жатат", - деди Хадад.

Август айынын башында премьер-министр Казыми партия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, бирок садристтер ага бойкот жарыялашкан.

"ас-садрчылар" парламентте

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку убакытта "ас-Садрчылар" бир нече жолу Ирак парламентинин имаратын басып алган

Муктада ас-Садр аятолла Кадхим ал-Хаэри Ирактагы руханий лидерликтен кете турганын жарыялагандан кийин саясаттан кетүү тууралуу билдирүү жасады. Ал-Хаэри анын жолдоочуларына ирандык аятолла Али Хаменеини колдоого чакырды.

Анткен менен бул ас-Садрдын саясаттан кетүү тууралуу биринчи билдирүүсү эмес. Акыркы жылдары ал ар кандай кызматтарды аркалап келген.

Муктада ас-Садр деген ким?

Ас-Садр саясаттан кетүү тууралуу билдирүүсүн Твиттерде жасады, анда: "Мен саясий иштерге кийлигишпөөнү чечкенмин, эми азыр биротоло пенсияга кетүүнү жана бардык [“ас-садрчылардын”] тиешеси бар мекемелерди жабууну жарыялайм".

Анын кыймылына байланыштуу кээ бир диний жайлар, мисалы, атасынын күмбөзү ачык бойдон калат.

48 жаштагы ас-Садр акыркы 20 жыл ичинде Ирактын коомдук жана саясий турмушундагы белгилүү фигура. Муктада ас-Садр динчил шииттердин үй-бүлөсүндө туулган. 2003-жылы Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийин ал антиамерикалык насааттары жана интервьюлары менен атактуу болгон.

Анын “Махди” кошуундары АКШнын өкмөттүк күчтөрүнө жана анын союздаштарына каршы күрөшкөн күчтөрдүн бири болгон. АКШ Иракка басып киргенден кийин Саддам Хусейн бийликтен алынган.

2004-жылы ас-Садрдын саясий атаандашынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу аны камакка алуу ордери чыгарылган.

“Махди” армиясынын согушкерлери 2006-2007-жылдарда болгон жамааттык кыргында жүздөгөн сунниттерди барымтага алууга, кыйноого жана аларды өлтүрүүгө айыпталган. Ас-Садр анда Иранга качып чыккан.

2008-жылы “Махди” армиясы премьер-министр Маликиге лоярдуу Ирактын өкмөттүк аскерлери менен да согушкан. Согушкерлердин көбү камакка алынган, андан кийин “ас-Садрчылар” уюму согуштук бөлүктөрдү жоюп салган.

Андан соң диний ишмер премьер-министр менен элдешип, 2010-жылы анын кайра шайланышына да жардам берген. Ас-Садрдын блогу жаңы өкмөттө бир нече кызматтарга ээ болгон.

Ас-Садрдын миллиондогон жактоочулары бар - алар ыкчам түрдө көчөгө чыга алышат

2011-жылы Садр Ирандан кайтып келген, бирок ал мурдагы тирешүүдөн баш тартып, Ирак элинин тынчтыкка жана биримдикке чакырган.

Кийинчерээк ас-Садр армиясынын атын "Тынчтык бригадалары" деп өзгөрттү - ал Ирактын азыркы куралдуу күчтөрүндөгү эң ири согуштук түзүлүштөрдүн бири бойдон калууда.

“Махди” армиясынын мурда Иран менен байланышы болгону менен соңку убакыттарда Муктада ас-Садр шиит кошунасынан алыстап, өзүн “Ирактын ички иштерине АКШ менен Ирандын таасирин токтотууну каалаган” улутчул катары көрсөттү.

Садрдын блогу менен тирешкен “Координациялык структурага” негизинен Иран колдогон партиялар кирет.

Ас-Садр кара селдеси, кара көздөрү жана шадылуу турпаты менен Ирактын эң таанымал инсандарынын бири. Ал өз сөзүндө жумушсуздук, электр жарыгынын тынымсыз өчүрүлүшүнөн жана коррупциядан жапа чеккен карапайым ирактыктарды коргоп келген.

Ал ошондой эле Ирактагы жүз миңдеген тарапташтарын ыкчам түрдө көчөгө чогулта алган саналуу адамдардын бири. (ЕВ)