Ирак: ас-Садрдын тарапташтары парламентин имаратын басып алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шиит лидери Муктада ас-Садрдын жүздөгөн тарапташтары 27-июлда Багдаддагы кайтарылган “Жашыл зонага” басып кирип, Ирак парламентинин имаратын ээлеп алышты.
Муктада ас-Садрдын тарапташтары өлкөнүн премьер-министрлигине анын атаандашы Мохаммед ас-Суданинин дайындалышына каршы чыгышууда - митингчилер аны “Ирандын кишиси” деп эсептешет.
27-июлда Ирак 290 күн бою толук кандуу өкмөтсүз болуп, өзүнүн антирекордун жаңыртты. Буга чейинки рекорд – 289 күн, ал 2010-жылы коюлган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, AHMED JALIL/EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK
Ас-Садр жетектеген “Ас-Садрчылар кыймылы” 2021-жылдын октябрында өткөн шайлоодо салыштырмалуу көп добуш алган, бирок ушул убакка чейин бийликке келе алган жок. Жаңы өкмөттү түзүү тараптардын, баарынан мурда шиит жана күрт топтордун, келишпестигинин айынан токтоп калган.
Парламенттин имараты Багдаддын белгилүү, кылдаттык менен корголгон “Жашыл зонасында” жайгашкан. Бирок, Багдад берген маалымат боюнча, полиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу аткычтарды колдонгонуна карабастан имаратты басып алгандарды тобун токтото алышкан эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окуя болгон маалда имаратта депутаттар болгон эмес.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу Мустафа аль-Кадими демонстраттарды имараттан чыгып кетүүгө чакырды, бирок алар аны укпастан ызы-чуу улантып, желектерди булгалап, ырдап, бийлеп, эмеректерге жатып алып сүрөткө түштү. Аль-Кадими тогуз айдан бери кызматын тапшыра албай жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Толук кандуу өкмөттүн жоктугунан улам Ирак бул жылы бюджетин беките албай, ал эми анын инфраструктуралык долбоорлору жана реформалары каржылоосуз калды.
Муктада ас-Садрдын тарапташтары буга чейин дагы, 2016-жылдагы башаламандыкта парламентке бастырып кирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2019-жылы Иракта мындан да олуттуу башалмандыктар болгон - чогулган эл коррупцияга, жумушсуздукка жана жакырчылыкка нараазы болуп чыгышкан. Анда жүздөгөн адам каза болгон.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:







