АКШ жыл аягында Ирактан аскерин чыгарып кетет

Иракта кызмат кылган АКШнын эки жоокери

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Мустафа аль-Казыми: “Иракта эч кандай чет жерлик аскердин кереги жок”.

Президент Байден АКШнын куралдуу күчтөрү Ирактагы миссиясын жылдын аягына чейин аяктаарын, бирок алар Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктырууну уланта берерин айтты.

Бул чечим президент Байдендин Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми менен болгон Акүйдөгү жолугушуусунан кийин жарыяланды.

Учурда Иракта АКШнын 2500 аскери жергиликтүү аскерлерге “Ислам мамлекети” тобунун калдыктары менен күрөшүүгө жардам беришүүдө. АКШнын Ирактагы жоокерлеринин саны өзгөрбөй сакталып калышы ыктымал, бирок бул Ирактын премерьер-министрин колдоо үчүн жасалган кадам катары бааланууда. АКШ күчтөрүнүн Иракта турушу былтыр Багдадда Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани жана Иран колдогон куралдуу шейит мусулмандар кошуунунун лидери дрондон атып өлтүрүлгөндөн кийин чоң көйгөйгө айланган.

Генерал Касем Сулеймани

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал Касем Сулеймани

Иранга байланыштуу саясый партиялар, суннит жихадчылардын тобу жараткан коркунучка карабастан, “Ислам мамлекетине” каршы турган АКШ башындагы эл аралык коалициянын күчтөрү толугу менен Ирактан чыгарылышын талап кылып келишет.

Ошол эле учурда, АКШ куралдуу шейит кошуундарын Ирактагы аскерий базаларга жүздөгөн ракета, мина атып жана ана дрон чабуулдарын койду деп күнөөлөп келет.

Президент Байден үчүн бул жарыя кичүү Жорж Буш баштаган дагы бир согуштун аякташын билдирет. Ал мурда АКШ аскери быйыл Афганистандан дагы чыгып кетерин билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акүйдө сүйлөп жатып, президент Байден Ирактын премьер-министрине: “биз бул жаңы баскычка өткөндө дагы, биздин терорризме каршы кызматташуубуз улана берет”, - деп белгиледи.

Премьер-министр Мустафа аль-Казыми: “Бүгүн биздин кызматташуубуз болуп көрбөгөндөй бекем. Биздин кызматташуубуз экономика, экология, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана башка чөйрөлөрдү камтыйт”, - деди өз жообунда. Ал Иракта эч кандай чет жерлик аскердин кереги жок экенин баса белгиледи.

АКШы баштаган күчтөр президент Саддам Хуссейнди бийликтен кетирүү жана массалык кыйратуучу куралды жок кылуу максатында Иракка 2003-ж. басып кирген, бирок айтылган курал табылган эмес. Андан соң президент Буш Ирак “эркин жана тынч” болот деп убада кылган, бирок өлкө диний козголоңчулардын кандуу капшабында калган.

АКШ аскери Ирактан 2011-ж. дагы чыгарылган. Бирок 3 жыл мурун “Ислам мамлекети” өлкөнүн көп бөлүгүн басып алганда, Ирак өкмөтүнүн талабы менен кайтып келген. “Ислам мамлекети” 2017-ж. согуштан жеңилгенден кийин, АКШ аскери козголоңчулардын топтору кайра жанданбашы үчүн өкмөткө жардам берип келе жатат.

Президент Байден жолугушууда: “Биздин Ирактагы ишибиз машыктырууларды улантуу, көмөк көрсөтүү жана “Ислам мамлекети” тобу пайда болсо, аны менен күрөшүүгө жардам берүү болот”.

“Бирок жылдын аягында биздин согушка катышуу миссиябыз болбойт”, - деди ал.

Ирандын утушубу?

Френк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча корресопнденти

Френк Гарднердин анализи

1979-ж. болгон ислам революциясынан бери Иран коңшу өлкөлөрдөн АКШны кетирип, аймактагы негизги күчкө айланууга аракет кылып келет. Бирок Иранга ишенбөөчүлүк күчтү болгон жана баарында АКШ аскерлери жайгашкан Перс булуңунун алты өлкөсүндө тең ийгиликке жетише алган жок.

АКШнын Саддам Хуссейнди жок кылышы Ирандын баскынына каршы турган эң күчтүү факторду алып салды. Иран бул мүмкүнчүлүктү куру кетирген жок. Ал шейит кошуунчуларын Ирактын коопсуздук түзүмдөрүнө киргизе алды. Ирактын парламентиндеги анын тарапташтарынын позициясы күчтүү.

Сириядагы жарандык согуш Иран аскерлеринин өлкөгө киришине жол ачты. Коңшу Ливияда Ирандын өнөгү болгон Хезболла эң таасирдүү күчкө айланды.

Иран алысты көздөгөн оюн жүргүзөт. Анын лидерлери ачык жана көмүскө кысымды уланта берсек, бир күнү Жакын Чыгыш Америка аскерин кармаганга арзыбаган аймакка айлантат деп үмүттөнүшөт.

Демек, АКШнын базаларына ракеталык чабуулдар болуп турат жана Иран америкалык аскерлерди кетүүгө үндөгөн жарандык нааразычылыктарды колдоосун уланта берет.

АКШнын Ирактагы согуштук аракеттеринин аякташын көздөгөн келишим Тегеранда көпчүлүк тарабынан туура багытта жасалган кадам катары кабыл алынат. (ChS)