Милицияга атылган ок: Кара-Кулжадагы окуя

Сүрөттүн булагы, Social media
Ош облустук милициясы Кара-Кулжа районундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине ок атуучу курал менен кол салуу болгонун кабарлады.
Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Би-Би-Сиге окуя 13-январында болжолу менен түнкү 01:10 чамасында болгонун айтып берди.
"2021-жылдын 13-январында болжолу менен түнкү саат 01:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБдин Жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору милициянын кенже лейтенанты С.Б Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө токтоп турган өзүнө таандык болгон "Нива" үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган учурда ага бейтааныш жаран кол салып, автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган. Б.Снын эки далысынын ортосуна 7-8 чачма октору тийген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу заматта жетип, Кара-Кулжа РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Д. К автоунаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз атуул белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу арткы эки далысына атып жиберген. Ошол учурда Д. К жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал атуулду көздөй бир жолу ок чыгарган. Кол салган киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 39, 130 беренесинин 2 бөл., 4.8, 11.-п.п менен Кара-Кулжа РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Натыйжада Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери Д.К жана Б.С денелеринен жараат алышып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя боюнча кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна "Перехват" операциясы киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына тосмолор коюлган",-деди Ж.Аширбаев.
Аймакта милиция кызматкерине ок атылган биринчи учур эмес. 35 жаштагы милиция полковниги Толкунбек Шоноевди 2013-жылы 11-январь күнү кечинде Ошто өз үйүнүн жанынан, кызматтык автоунаасынын ичинен атып кетишкен эле. Ал Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп турган. Анын өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтордун катыштыгы болгону айтылган.








