Полковниктин өлүмүнө байланыштуу сот ишине жакындары нааразы

Кыргызстандын Ош аймагында мындан үч жыл мурун өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишин адилеттүү карап, аягына чыгарып берүү өтүнүчү менен анын атасы президент жана парламентке, өкмөт башчыга массалык маалымат каржаттары аркылуу кайрылуу жолдоду.
Полковниктин атасы Курманбек Шоноев бул окуяга жогорку кызматтагы таасирдүү кишилер башында турган мафиянын катыштыгы болгон болушу мүмкүн деп айыптап, сот иштери аягына чыкпай калышынан чочулоодо. Ал бул мафиянын башында жогорку кызмат адамдарынан тарта кылмыш чөйрөсүнө чейин аралашкан деп болжоодо, бирок конкреттүү ысымдарды атаган жок.
«Азыр бул мафия каалаганын кылып жатат. Ушул окуя боюнча буюрутманы аткарган деп өмүр боюу абак жазасына кесилген Кадыр Сайдиевди сотко күбө катары алып келип жатышат. Анысы “милиция мени уруп-сабады” деп справка алып, кыскасы буларга бардыгын жасап койгонго мүмкүн экен. Милициялар болсо тергөөдө баарын далилдешип, сотко жеткирди, аларга рахмат. Бирок сотко жеткени менен ал аягына чыкпай жатат. Ошон үчүн кайрылуу жолдоп жатам. Бул мафиянын эң майдалары ушул кылмышты аткаргандар, ал эми чоңдору жогорку кызматтарга чейин жетет. Буюрутма адам өлтүрүүнүн бетин ачкандарды сыйлап, наам бергендин ордуна кызматтан алышууда. Бул баары бир ачылат. Алкак кысылып жатат, баары белгилүү болот. Президентке туура маалымат жетпей жатышы мүмкүн. Ошондуктан мен түздөн-түз президентке спикерге, премьерге кайрылып жатам. Жыйынтык чыкпаса кудайга койдум. Бирок арты жакшы болбойт, жазасыз калуу коомду бузат”,-деди Курманбек Шоноев.
Милиция офицеринин өлүмү боюнча буга чейин алты кишиге айыбы угузулуп, сот тарабынан 10 жылдан 30 жылга жылга чейин эркинен ажыратылган. Өткөн жылы бул ишке катыштыгы бар делип, издөөгө алынып жаткан дагы бир шектүү Кадыр Сайдиев кармалып, анын көрсөтмөсү менен полковникти өлтүрүүгө буюрутма кылган деп кылмыш дүйнөсүндө “Женго” деген каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалган эле. Көрсөтмө берген Кадыр Сайдиев Досоновдун өкүл уулу болгон жана ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганын Ош облустук милициясы ырастаган. Ал бул кылмышты аткарган деп айыпталып, өмүр боюу эркинен ажыратылган.
Учурдагы соттук териштирүү кылмышка тиешеси бар делип шектелген Кадыр Досоновдун үстүнөн болууда. Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева, буга чейинки сот иштеринде сотко ишенбөөчүлүк эки тараптан тең көрсөтүлүп, сот чечимдери Жогорку сотко чейин даттанылып, создугуп кетти деп айтты. Учурда бул ишти Кара-Суу райондук соту кароодо.
“Досоновду күнөөсүн далилдеген эч кандай далилдер жок. Шоноев өлтүрүлгөн кезде Досонов камакта болгон. Ал жерде Досонов менен эч кандай байланыш болгон эмес. Мыйзам боюнча камакта олтурган адамдар мобилдүү телефон менен байланышпайт, ага тыюу салынат. Досонов ал кезде олтурган учурда ким менен кандай сүйлөшкөн, кантип буюртма берген дегенге далилдер жок. Экинчиден, бул иште эмне үчүн Досонов айыпка тартылып жатат? Анткени кармалган Садиев көрсөтмө берген деп айтылган. Бирок Сайдиев эки күндөн кийин өзүнүн жактоочусуна уруп-сабап, милиция кызматкерлери Досоновко көрсөтмө бересиң деп моюнуна алдырышканын айткан. Бул боюнча прокуратурага даттанган. Биринчи берген көрсөтмөсүнөн баш тартып, сот жараяндарында “мага милиция кызматкерлери буюрутма берген” деп айтууда. Соңку соттук отурумда үч милиция кызматкеринин атын атаган”,-деди адвокат Назгүл Сүйүнбаева.
Адвокаттын айтымында, көрсөтмө берип жаткан Кадыр Сайдиев бардык кылмышты моюнуна алууда. Бирок Досоновдун катыштыгы жок экенин айтып, биринчи берген көрсөтмөсүнөн баш тартып жатат. Эмнеге милиция кызматкерлеринин аттары аталса укуктук баа берилбейт деп суроо салды Сүйүнбаева.
Ош облустук милициясынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев, бул окуяда милиция кызматкерлеринин ысымдарынын аталышын курулай доомат катары эсептешерин айтты:
“Полковник Шоноев менен бирге иштеген үч милиция кызматкеринин аты аталып жатышына биз кошула албайбыз. Кылмыштын бетин дал ушул ысымдары аталган үч милиция кызматкери ачкан. Көрсөтмө берген кишини кармалган учурда эле ал адвокаты аркылуу уруп-сабоого кабылганын айтып чыккан. Прокуратура тарабынан текшерилип, уруп, кыйноо болгону далилденген эмес. Милиция бул жерде жөндөн жөн эле кишилерди кармаган эмес. Кылмыштары фактылар менен далилденип, өздөрүнүн көрсөтмөлөрү менен кылмыш иштерине тиешелүү кишилер кармалган. Бул жерде эми милицияны күнөөлөшү мыйзам ченемдүү. Кылмыштуу топтор милициядан өч алуу максатында ойлонуп тапкан ыкма деп билебиз, экинчиден сотко ачыктан ачык тоскоолдук кылуу деп түшүнөбүз”,-деди Ж. Ашырбаев.
Полковниктин өлүмүнө милиция кызматкерлери өздөрү аралашкан дегенге анын атасы дагы макул эмес экенин айтты:
“Милицияларга көрсөтмө бергени атайын уюшулган. Анткени башында эле булар кармала электе эле милицияга каршы көрсөтмө берип, тергөөнү бурмалаганга аракет кылат деп жоромолдоп жатышкан. Булар ишене турган адамдар эмес. Бюуртума берди делген Кадыр Досонов жөн эле аткаруучу болгон. Бул жогортон болгон буйрук. Аткаруучулар Досонов менен бүтөт, калганы кыйын болот. Ал көп нерсени билет. Сотторду да кыйнап бүтүштү. Досоновду бошотуп жибереби деген чочулоо да бар. Ушул абалга жеттик”,-деди Курманбек Шоноев.
35 жаштагы милиция полковниги Толкунбек Шоноевди 2013-жылы 11-январь күнү кечинде Ошто өз үйүнүн жанынан, кызматтык автоунаасынын ичинен атып кетишкен эле. Ал Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп турган. Анын өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтордун катыштыгы болушу мүмкүн деп айтылган эле.








