АКШ Ирандын ракета учурганын текшерет

АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр бул маалыматтардын чындыгы чыкса, анда маселе Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюларын билдирди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр бул маалыматтардын чындыгы чыкса, анда маселе Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюларын билдирди

АКШ Ирандын БУУнун салган тыюусуна карабай, ушул жылдын ноябрь айында баллистикалык ракета учурганын текшерген жатат.

АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр бул маалыматтардын чындыгы чыкса, анда маселе Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюларын билдирди.

Пауэр андан сырткары Тегеранга бир тараптуу санкциялар салынат деп эскертти.

Ирандын жетекчилиги өз кезегинде жаңы санкциялар салынса, анда ал Тегеран менен курамына АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Кытай жана Орусия кирген «алтылык» менен өзөктүк отунду кайра иштетүү жөнүндө келишимдин бузулушуна алып келет деп жатат. Аталган келишимге 2015-жылы июнда Венада кол коюлган эле.

Ал документке ылайык, Тегеран өзүнүн карамагындагы өзөктүк отундун 98% жок кылмак, анын ордуна Батыш өзүнүн Иранга салган санкцияларын токтотмок.

Октябрда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Ирандын орто аралыктагы ракета учурганын текшерип чыгууну өтүнүп кайрылышкан.