Москвадагы теракт. Жалган билдирүүлөрдү төгүндөө

A picture of one of the suspects with his head covered

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Ольга Робинсон, Шаян Сардаризаде жана Пол Браун
    • Role, BBC Verify

Россия Москвадагы концерттик залга болгон террордук чабуулга Украинаны бир нече жолу күнөөлөдү. «Ислам мамлекети» террордук тобунун өзүнө жоопкерчиликти алган билдирүүсүнө да ишенбегендей түр көрсөтүүдө.

Биринчи айыптоо

Биринчи айыптоолор жума күнү Гринвич боюнча 17:15 те «Крокус Сити Холлго» кол салуу болгону жөнүндө биринчи кабар чыккандан кийин эле дароо башталды.

Кремлдин таламын талашкан бир бир нече блоггер Telegram тиркемесине байма-бай кабар жазып, бир сааттан ашык убакыт Украинаны күнөөлөштү.

Мисалы, россиячыл эксперт Сергей Марков 18:25 те кол салгандар «исламчыл радикал» болуп көрүнгөнүн билдирип, бирок кол салууну «Киев уюштурган болушу ыктымал» деп далили жок эле жазды.

Андан 40 мүнөт өткөндө улуттук таблоид «Московский комсомолец» аскер эксперти Роман Шкурлатовдун пикирин жарыялады. Ал каратып туруп эле кол салуу Украинанын коопсуздук кызматы менен аскер чалгындоосунун колдоосу менен уюштурулушу мүмкүн деп билдирди.

Ал эми саат 19:27де Россиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев эгер буга Украинанын катышы бар болсо, өч алуу керектигин айтты.

Жалган билдирүү

Андан үч саат өткөндө (22:13) Россиянын башкы телеканалдарынын бири НТВ - видеоклип чыгарып, Украинанын жогорку кызматтагы адамы өзүнүн өлкөсүнүн катышы бар экенин ырастады деп билдирди.

Видеодо Алексей Даниловдун айткан сөзү мындай берилди: "Москвада бүгүн көңүл шат, меним оюмча, өтө көңүлдүү. Биз мындай көңүлдүү маанайды көп тартуулайбыз деп ишенем".

Бирок BBC Verify изилдеп көрүп, бул клип чынында өткөн аптада көрсөтүлгөн украиналык эки телеинтервьюнун монтажы экенин аныктады.

A screenshot of the fake video broadcast by NTV

Сүрөттүн булагы, NTV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BBC Verify НТВ көрсөткөн видео иш жүзүндө украиналык эки интервьюдан чабыштырылган монтаж экенин аныктады

Экөөн тең YouTube тапса боло. Биринчиси —Даниловдун 19-марттагы маеги. Экинчиси үч күн мурда жарыяланган маек, ал Украинанын аскер чалгынынын башчысы Кирилл Буданов жөнүндө.

НТВнын видеоролигиндеги Даниловдун сөзү интервьюнун түп нускасында жок.

BBC Verify менен Ливерпуль университетинин криминалдык технологияларды изилдөө тобу жүргүзгөн аудиоанализ НТВнын видесундагы үн жасалма экенин аныктады.

Үн жыштыгындагы боштуктар анын редакцияланып жасалганын көрсөтөт.

"Качуу терезеси"

Россиянын президенти кол салгандар "Украинага качууга аракет кылып жатканда кармалды, аларга чек араны кесип өткөнгө терезе даярдалган» деп билдирди.

Бирок Россия кол салгандар качып өтүп кетиши мүмкүн болгон «терезенин» бар экенине эч кандай далил келтирбеди.

BBC Verify шектүү адамдар каякка баратканын өз алдынча ырастай албасак дагы, кармоо учурунда тартылган видео менен сүрөттөрдү текшерип көрдүк. Путиндин билдирүүсүнө карабай, камоолор украин чек арасынан абдан эле алыста болгону такталды.

President Vladimir Putin at a desk

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин кылмышкерлер Украинага качып бараткан жеринен кармалды деп билдирди

Майда маалыматтарына чейин салыштырып көрүп, биз шектүүлөрдүн экөө видеого тартылган жери украин чек арасынан 145 км алыстыкта болгонун билдик.

Украина өзүнүн тиешеси жок экенин билдирип атканда, «Ислам мамлекети» өзү менен байланыштагы «Амак» маалымат агенттиги аркылуу террордук чабуулга жоопкер экенин билдирди.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кол салууга шектүүлөр Украинанын чек арасынан 145 км алыстыкта кармалды

«ИМ» таркаткан визуалдык далилдерде кол салган төрт адамдын бети жакшы көрүнбөйт, бирок бир кол салуучунун көз карашынан тартылган даана видео бар.

Андагы көптөгөн деталдар, концерттик залдын өзгөчөлүгү, кол салгандар колдонгон курал Интернетте кол салуу учурунда чыккан видеолорго туура келет.

Бирок, далилдер жок экенине карабай, Россия Украинага күнөө коюну улантууда.

Россиянын RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян X программасында кол салгандар "ИМден" эмес деп айтты, анткени аларда жанкечтилердин куру болгон эмес, "өлөйүн деген ойлору жок болгон" дейт.

«ИМ» кол салгандар тирүү колго түшпөш керек деп көп жолу эскерткенине карабай, кол салгандар качып кеткен учурлар мурда да болгон.

Мисалы, 2022-жылдын аягында Кабулдагы кол салууга катышкан согушкерлердин бирөө качып кеткенге үлгүргөн. "ИМ" маалыматы боюнча ал андан кийин жанкечтилик менен теракт жасаган.

Шектүүлөр жөнүндө эмне белгилүү?

Кол салгандар концерттик залга Renault автоунаасы менен келишкен, өзүнчө видеодо дагы ошондой автоунааны көрсөк болот. Ошол эле унаа менен качып баратканда колго түштү.

Мамдуманын депутаты Александр Хинштейндин айтымында, бир адам автомобилдин жанынан, калгандары жол четиндеги токойго кире качып, ошол жактан кармалды.

Renault автоунаасынан курал жана тажик паспорттору табылган деди Хинштейн.

"ИМ" жарыялаган видеодо кол салууга катышкан төрт адамдын жүзү жакшы көрүнбөйт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "ИМ" жарыялаган видеодо кол салууга катышкан төрт адамдын жүзү жакшы көрүнбөйт

Жекшембиде кол салууга шектүүлөрдү сотко алып бараткан сүрөттөр жарыяланды. Россия бийликтери кармалгандардын аты-жөнүн жарыя кылды: Далерджон Мирзоев, Саидакрами Муродали Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов.

"ИМ" чыгарган сүрөттөрдө үч шектүү адам ачык күрөң, ачык жашыл футболка жана боз көйнөк менен жүрөт.

Ал эми үч шектүү адам кармалган учурдагы видеодон деле алардын ушундай эле кийинип жүргөнүн көрүүгө болот.

Мисалы, "ИМ" чыгарган видеодо Рачабализода аттуу адамдын ачык күрөң футболкасында эки логотип көрүнүп турат. Кийинки сурактагы видеодо дагы ал өзүнүн ушундай атады.

"ИМ" видеосунда кылмышка шектүү Мирзоев кармалган учурда жеңи узун ачык көйнөк, көк жинсы жана кара кур тагынып жүрөт. Ушул үч нерсени "ИМ"дин видеосунан да табасың.

"ИМдин" билдирүүсү канчалык чындык?

Кол салгандардын концерттик залдагы адамдарды өлтүрүп жатканы, видео ураандарды өздөрү даана тарткан видеонун "ИМдин" өзү менен байланыштагы расмий ЖМКлар аркылуу таратылганы бул террордук топтун мурдатан кылып жүргөн ишине окшош.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кол салууга шектүүлөрдү сотко сүйрөп келишти

Россиянын ЖМКлары "Крокус Сити Холлго" кол салгандардын бирөөсүнүн сүрөтүн теракт болордон эки апта мурункусун чыгарганы бул иштин алдын ала пландалганын көрсөтөт.

"ИМ" билдирүү жасардан мурда көбүнчө кол салгандардын тагдыры эмне болгонун күтүп турат. Эгер ал өлүп калса, атайын кызматтар сурак же кыйноо жол менен маалымат ала албай калат.

Ошондуктан кылмышкерлер кармала электе өздөрүнүн жоопкер экенин билдирип жатканы бул жолу башкача болду жана "ИМдин" өзүнүн ролун көрсөтүүгө умтулуп жатканын билдирет.

Бул жихадчылар Россияга кол салып жаткан биринчи учур эмес. 2015 жана 2018-жылы дагы эки ири чабуул болгон, соңку жылдары майдараак деңгээлдеги аракеттер болгону да белгилүү. (МА)

Мина Аль-Лами, Бенедикт Гарман жана Адам Робинсондун кошумча репортаждары колдонулду.

BBC Verify logo
BBC Verify logo