"Кумурска да өтө албайт". Түндүк Корея Кытай менен чек араны тосуп, көзөмөлдү күчөттү

A barbed-wire fence separating North Korea from China is seen in this photo taken from the Chinese border city of Hunchun, China, March 18, 2015.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын Кытайдын чек арага жакын Хуньчунь шаарынан көрүнүшү, 2015-жыл.
    • Author, Майкл Шейлс МакНэми
    • Role, BBC News

Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда Түндүк Корея соңку төрт жылда Кытай менен чек араны бойлой жүздөгөн километр жерге тосмо коюп чыкты. Human Rights Watch уюму сүрөттөрдү карап анализ жүргүзүп, чек аранын коопсуздугун бекемдөө чек арадан жол таап соода кылып жанын багып келген Түндүк Кореянын жашоочуларына «кесепеттүү» болгонун билдирди.

Түндүк Корея чек арасын пандемия башталганда жапкан, андан кийинки жылдары аны бекемдеп чыкты. Чек араны бойлото тосмолорду куруп, көзөмөлдү күчөттү. Кытайдан тымызын түрдө азык-түлүк же башка товарларды ташыгандарга жана адамдардын качуусуна бөгөт койду.

Ал жактан качып келген бир адам үйдө калган туугандары менен сүйлөшүп, күрүчтү мурдагыдай аткезчилик жол менен алып өтүүгө мүмкүн болбой калганын билдирди.

Азыр керек болсо "кумурска да чек арадан өтө албайт" деди ага анын тууганы.

Укук коргоо уюмунун пикиринде Түндүк Корея иш жүзүндө эбегейсиз чоң түрмөгө айланды, андагы элдин көргөн азабы ого бетер көбөйдү.

Спутник сүрөттөргө караганда Түндүк Кореянын бийликтери 482 км жерге жаңы тосмолорду койду жана дагы 260 км жерде тосмолорду жаңыртууда.

An image showing the construction of border infrastructure at the Hoeryong stream hear to the Tumen River and the international border with China
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы тартылган бүл сүрөттө Түмөн дарыясынын чыгыш жээгиндеги негизги тосмолор кээ бир жерде жок экенин көрүүгө болот. 2022-жылы бул жерге көпүрө салынып, дагы бир катар тосмо тартылды.

Чек арадагы түзүмдөр менен кошо эрежелер да катуу болуп калды. Чек араны бузгандарды кармалган жеринде атып салууга буйрук берилди.HRW байкоо салынган райондо чек ара коопсуздугун караган объектилердин саны 20 эсе көбөйгөнүн билдирди, күзөт посттору 38 ден 6500 гө көбөйдү.

HRW Кореядагы изилдөөчүсү Лина Юн Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул өлкөнү эбегейсиз түрмөгө айландырган саясатты токтотуп, чек араны соода-сатыкка ачык кылып, ички чектөөлөрдү азайтып, эл аралык чукул жардамга уруксат бериши керек деп билдирди.Бул өлкөнү таштап кеткен дагы бир адам 2022-жылдын аягындагы кырдаал жөнүндө буларды айтты: «Менин бир тууганым азыр адамдар ковидден эмес ачкалыктан өлүп калуудан көбүрөөк коркушат. Алар жөнөкөй оорулардан да коркушат».

Map showing the China-North Korea border and the highlighting the Yalu river

Репрессиялар Түштүк Кореядагы адамдардын түндүктөгү туугандарына акча жиберген каналдарына жана байланыштарына бөгөт коюуда.HRW баамында, 2023-жылдын башында он акчалуу брокердин бирөө гана акча которо алды, пандемияга чейинки кырдаал башкача эле.Докладда ошондой эле 2017-жылы өзөктүк сыноолордон кийин БУУнун Пхеньянга киргизген санкциялары элге олуттуу оорчулук алып келгени айтылат.

Алар «чоң масштабда»болгону жана элдин жашоосун кыйындатканы белгиленет, өзгөчө тамак-аш жана дары-дармек жетпегени чоң көйгөйгө айланды.«Өзгөчө үйдү багып жаткан аялдарга жаман болду, анткени базарда алардын соодасы жүрбөй калды".Түндүк Кореядагы туугандары менен байланышып келген бир мурдагы соодагер Covid-19 жана санкциялар башталганда кальмар менен краб кармап, сатып үй-бүлөсүн багып келген бир тууганынын соодасы токтоп, жашоосу начарлап кеткенин билдирди. (КС)

Видеонун түшүндүрмөсү, Мён Хи жана анын кызы Сонми