Фалуңгоң: Кытайда тыюу салынып, чет жакта өсүп-өрчүп жаткан кытай сектасы

Members of the Falun Gong spiritual movement hold candles during a candlelight vigil July 19, 2001 in Washington, DC

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Дэнни Винсент
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы, Тайпей

Кытай өкмөтү бул руханий кыймылды "жаман культ" деп сыпаттаса, анын тарапташтары Фалуңгоңдун харизмалуу негиздөөчүсүнүн окутууларында кереметтүү шыпаа бар экенин айтышат. Би-Би-Синин кабарчысы Дэнни Винсент Кытайда тыюу салынгандан жыйырма жыл өткөндөн кийин кыймылга эмне болгонун билүү үчүн Тайвандагы Фалуңгоңдун сыйынуучулары менен маектешип келди.

A woman is seen from behind demonstrating in front of a large office building
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фалуңгоңдун бул мүчөсү дагы деле Кытайдын алардын тобуна жасаган мамилесине каршы нааразылык акциясын өткөрүүдө

Бут кийими жок, алсыраган аял кол чатырдын астына баш катып, желим төшөнчүнүн үстүндө турат. Ал медитацияда, жанында үн чыгарган чакан колонкасы диний музыкаларды жана рухий лекцияларды ойноп жатат.

Ал Фалуңгоң агымынын мүчөлөрүнө Кытайдын жасаган мамилесине каршы өнөктүк жүргүзүп жаткан жалгыз демонстрант. Анын жанындагы имарат Гонконгдогу Кытай өкмөтүнүн, Бээжин менен байланыш кеңсесинин өкүлчүлүгү.

Мурда аны менен демонстрацияга чыгууну каалагандар көп болчу, бирок Кытай 2020-жылы Гонконгдо демонстранттарды куугунтуктоону жеңилдеткен улуттук коопсуздук мыйзамын киргизгендиктен, фалуңгоңчулар, бир гана кишини эске албаганда, митингдерге чыгууга батынбай калышкан.

Бул күндөрү Фалуңгоңдун мүчөлөрү экенин ачык мойнуна алган адамдарды табуу үчүн өлкөдөн тышкары сапарга чыгуу керек.

Тайвандын борбору Тайбэйдин четиндеги шарты жок имаратта Фалуңгоңдун мүчөлөрү үстүнкү кабаттагы батирде мандаш токунуп, медитация кылып отурушат.

Алар топтун негиздөөчүсү Ли Хун Чжинин окууларын бир ооздон үн чыгарып айтышат. Дубалда жетекчинин рамкага салынган портрети илинип турат. Бөлмө анын сөздөрүнө толгон.

Өзүн-өзү башкарган Тайвань аралында секта камакка алуудан коркпостон ачык иш жүргүзө алат.

Falun Gong practitioners sit cross-legged at a demonstration in Taiwan

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фалуңгоң менен шугулдангандар аны "рухий кыймыл" деп сыпатташат.

Кытайдын Коммунисттик партиясы бул рухий сектаны "жаман культ" деп атап, тыюу салганына жыйырма жылдан ашык убакыт өттү.

Фалуңгоңдун айтымында, Кытайда анын мүчөлөрү куугунтукка, мажбурлап иштетүүгө кабылып, алтургай ички органдарын алуу максатында өлтүрүлгөн.

Бул дооматтарды Кытай бийлиги четке кагууда, бирок көз карандысыз эл аралык трибунал ал билдирүүлөрдү ишенимдүү деп тапты.

"Трибуналдын мүчөлөрү бир добуштан Кытайда көптөгөн абийир туткундарынын эркине каршы алардын ички органдарын алуу узак убакыттан бери колдонулуп келгенине терең ишенишет", - деп айтылат кыймылдын 2018-жылдын декабрындагы убактылуу токтомунда.

Фалуңгоң көп учурда Кытай өкмөтүнө каршы эң уюшкан оппозиция катары сыпатталып келет, бирок ал өзү эмне болгон кыймыл?

"Бул руханий кыймыл же ишеним. Ал көнүгүү бөлүгүнөн жана адамды эң мыкты абалга жеткирүүдөн турат ", - дейт тайвандык Фалуңгоңдун жергиликтүү лидери Ляо мырза.

"Биз аны кудай деп эсептейбиз. Мен муну ушундай көрөм. Ал Исага же Кудайга же Мухаммедге окшош. Биз анын билим деңгээли ушунчалык жогору деп ойлойбуз", - дейт пенсионер Ваң топтун негиздөөчүсү Ли Хонг Чжи тууралуу. Ваң мырза жана анын жубайы Чен айым он жылдан ашык убакыттан бери Фалуңгоң менен машыгып келишет.

"Фалуңгоң кереметтүү" дейт Чен айым. Мындан жыйырма жыл мурун ага гепатит В деген диагноз коюлган.

Ал Фалуңгоң сессиясына катышкандан кийин, медицина илими түшүндүрө албай турган нерсени башымдан өткөрдүм деп билдирет. Чен айым анын денесинде "кычышкан кызыл бүдүрлөр" сыяктуу нерселер пайда болгонун, бирок алар жоголгондон кийин, оорусу да жоголгонун белгилейт.

"Мен Ли агай денемди тазалаганын түшүндүм. Оорумду айыктырганы үчүн Ли агайга чын дилден ыраазымын. Көптөгөн сыркоолуу адамдар, анын ичинде рак оорусуна чалдыккандар - Фалуңгоңдун арты менен айыгышат," - деди ал.

Фалуңгоңдун ден соолукка тийгизген пайдасын ырастаган көз карандысыз медициналык далилдер жок.

Li Hong Zhi stands gesticulating in a business suit in an office overlooking other large buildings

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ли Хоң Чжи топту 1990-жылдары Кытайда негиздеген

"Фалуңгоң менен машыккандар оорубайт. Ли агай бизге, эгер сыркоолоп калсаң, бул сенин ооруганыңдын себеби эмес, ал карма деди. Дары ичүүнүн кереги жок. Таптакыр кереги жок".

Кытай Коммунисттик партиясы дал ушундай окутуулар Фалуңгоңду өтө кооптуу кылып жатканын айтат.

Фалуңгоң алардын кыймылы каралоону көздөгөн мамлекеттик пропагандалык кампаниянын курмандыгы болгонун айтат. Бирок эл арасында анын негиздөөчүсү Ли Хун Чжини жана сектанын саламаттык боюнча окуусун сындагандар көбөйүүдө.

"Ал өзүн ооруларды айыктыра алуучу адам катары көрсөтөт. Ал адамдардын ишенимин бекем кармап туруу үчүн ооруну ... өмүр же өлүмдүн ортосундагы сыноо катары колдонот. Адамдар кандайдыр бир жол менен бул сыноодон өтсө - кээде ошондой да болуп калат да - бул алардын Ли Хун Чжи чындап эле керемети менен айыктырды деген ишенимин бекемдейт. Бирок, эгерде адамдар өлүп калса, бул башкалар ишенимин бекемдеши керек, болбосо алар да өлүп калышы мүмкүн деген ойду таңуулайт", - деди Би-Би-Сиге топтун атын атагысы келбеген мурдагы мүчөсү Сэм*.

"Мен билген көптөгөн адамдар дарыланбагандыктан каза болушту" деди ал. "Менин оюмча көп учурла, эгерде Фалуңгоңдун окуулары болбогондо, ошол ооруган адамдар азыр да тирүү болмок", - деп кошумчалады ал.

A large group of Falun Gong practitioners make co-ordinated body movements

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аталган секта Кытайдын денени, кыймылды, дем алууну жана медитацияны координациялаган Цигун аттуу салттуу системасынан келип чыккан.

1992-жылы Кытайдын түндүк-чыгышында негизделген Фалуңгоң бир кезде кытай бийлиги тарабынан колдоого алынып, ал кыймылды коомдук саламаттык үчүн пайдалуу деп эсептеген.

Кыймыл өлкө боюнча кеңири тараган Цигунга кызыгуудан келип чыккан. Цигун - Кытайдын денени, кыймылды, дем алууну жана медитацияны координациялаган салттуу системасы.

90-жылдардын аягында Фалуңгоң Коммунисттик партияга караганда анын жолдоочулары көп экенин ырастаган: 1999-жылы Фалуңгоңдун негиздөөчүсү дүйнө жүзү боюнча 100 миллионго жакын жолдоочулары бар экенин билдирген.

Демократиянын тегерегиндеги маселелер боюнча саясий жактоочулук менен белгилүү болгон АКШнын коммерциялык эмес Freedom House уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кытайдын ичинде Фалуңгоңдун, жашыруун болсо да, 20дан 40 миллионго чейин жолдоочулары бар.

Он миңдеген адамдар мамлекеттин кийлигишүүсүнө жана сектаны куугунтуктоого каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн, бул өз кезегинде кайрадан ырайымсыз куугунтукка алып келди.

Коммунисттик партия бул кыймылды коом үчүн коркунучтуу деп эсептейт. Сынчылар Кытай бийлиги Фалуңгоңдун популярдуулугунан жана таасиринен коркуп, руханий топту жок кылууга бел байлаганын айтышат.

Falun Gong protesters hold images of members they say were killed by the Chinese state

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фалуңгоң анын мүчөлөрү Кытай мамлекети тарабынан системалык түрдө куугунтукталууда деп ырастайт

Фалуңгоң дүйнө жүзү боюнча 70ке жакын өлкөдө колдонулуп, анын окуулары 40 тилге которулганын ырастайт, бирок өз өлкөсүндө ал азыр оор абалда.

"Биз коммунисттик партияны жаман балээ деп эсептейбиз. Ошол себептен алар Фалуңгоңду басышты", - деди Ванг мырза.

Секта коммунисттик партиянын "бул коркунучтуу кыймыл, анткени мүчөлөрүн дары ичпөөгө үндөйт" деген дооматтарын четке кагат.

"Биздин оорунун себептерине болгон көз карашыбыз көп адамдардыкынан бир аз башкача болушу мүмкүн. Жалпысынан бизде ооруканага барбаш керек деген окуутуу жок", - дейт жергиликтүү лидер Лиао мырза.

"Оору терс карманын кесепети, ал эми терс карма башка адамдарга жамандык кылуунун натыйжасы - моралдык жактан туура эмес нерсени жасоо", - деп кошумчалады ал.

"Адамдар өлүп келген. Президентпи же күчтүү адамбы, баары бир, баары ооруп калат. Оору бул карманын бир түрү - адам төрөлгөндөн баштап ооруй баштайт. Дары ичкендин пайдасы жок," - деди Ваң мырза.

"Бул ишеним артуу кыйын болгон эки уюмдун ортосундагы талаш. Коммунисттик партия Фалуңгоңго карата кээ бир негиздүү сындар менен баштаган, бирок андан кийин ишенип болбой турган көптөгөн дооматтар пайда болуп кетти," - дейт Сэм.

Falun Gong members practising openly in the street in Hong Kong in May 2001

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фалуңгоңдун мүчөлөрү Гонконгдо ачык машыгууларды өткөрүшчү, бирок 2020-жылдагы Улуттук коопсуздук мыйзамы топтун коомго чыгуусун дээрлик токтотту.

"Фалуңгоң өзүн ден-соолукка маани берген адамдардын тобу катары сүрөттөйт, алар жөн гана өз иштерин жасагысы келет, жөн гана рухий жактан өнүгүүнү каалашат. Бирок бул Фалуңгоңго эч окшошпойт - ал абдан катуу көзөмөлдөнгөн уюм", - деп кошумчалайт ал.

Ал ошондой эле Америкада жашайт делген кыймылдын негиздөөчүсү Ли Хоң Чжиге сын көз менен карайт жана ал жалгыз эмес: академиктер Линин акыр замандык окууларынын көбү илимий фантастикадан алынган деп ырасташат.

Фалуңгоңду жогорку окуулары, чынында эле, жерден тышкаркы жашоо жөнүндө сөз кылып, мүчөлөр "космос мейкиндигине" кайтып баруу үчүн сапарда жүрөт деп ырасташат.

Бирок ишенгендер үчүн бул фантастика эмес.

"Жер планетасы ар бир адам түбөлүк кала турган жай эмес" дейт жергиликтүү лидер Лиао мырза.

"Биз бөтөн жерден келгенибизге ишенебиз жана бул жерде болуубуздун максаты - мыкты болуп жетилүү, андан соң келген жерибизге кайтып кетебиз."

*Сэмдин аты анын коопсуздугу үчүн өзгөртүлдү