Түндүк Корея тыңчы спутниги менен Ак үйдү аңдып жатканын эмнеге айтты?

Kim Jong Un,clasping hands with his daughter (left), poses for a picture with scientists and engineers who worked on the North's satellite launch.

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын кызы менен (солдо) кол кармашып, Түндүк Кореянын спутнигин жасаган окумуштуулар жана инженерлер менен сүрөткө түшүп жатат.
    • Author, Фрэнсис Мао
    • Role, BBC News

Түндүк Корея өзүнүн жаңы тыңчы спутниги менен Ак үйгө байкоо салып жатканын жарыялады. Пхеньян спутник ойдогудай иштеп жатат деп билдирүүдө, бирок Батыш андан күмөн санайт.

Ошентсе да Ким Чен Ын жаңы байкоо салуучу оюнчугуна кубанып, анын ишинин болжолдуу натыйжалары тууралуу сүйүнүч менен айтып жатат.

Шейшемби күнү Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары тараткан буталардын тизмеси: Пентагон, Ак үй жана АКШнын түндүк-чыгыш жээгиндеги жана Тынч океандын Гуам аймагындагы аба күчтөрүнүн базалары.

Пхеньян өзүнө жакыныраак турган Түштүк Кореянын аскерий буталарын жана анын порт шаары Пусанды да тизмектеди. Андан ары бир аз таң калыштуусу: Рим шаарын да атап кеткен.

Бул иштин масштабы алгач таасирдүү сезилиши мүмкүн, бирок ал анчалык деле олутту эместей.

"Интернетте Пентагон менен Ак үйдүн көптөгөн сүрөттөрү бар деп айтар элем. Демек, ага кабатыр деле болбосок болот,"- деди, шейшемби күнү АКШнын расмий аскерий өкүлү сүрөт тууралуу маалыматка жооп кылып.

Бүгүнкү күндө каалаган адам Google Earth жана интернеттеги башка булактарды колдонуп Ак үйгө көз чаптыра алат. Би-Би-Си муну сынап көрдү - YouTube'дагы биринчи жыйынтык Ак үйдүн түз эфирде көрсөткөн камерасы болду.

Анда Ким мырза эмнеге минтип ойноп жатат? Эмне үчүн ал буга олуттуу маани берүүдө? Ал чындыгында эле мындан пайдалуу бир нерсе ала алабы?

Түндүк Кореянын ишке жарамдуу спутниги барбы?

Биринчиден, Түндүк Кореянын спутниги өзү иштеп жатабы деген олуттуу күмөн бар.

Ал бир жумадан ашык убакыттан бери орбитада калкып жүрөт жана анын Ким мырзага сүрөттөрдү жиберип жатканы көз карандысыз булактар аркылуу тастыкталган жок.

АКШ, Түштүк Корея жана Япония анын орбитада экенин гана билерин айтышат.

Ал эми Түндүк Корея жөнүндө бир нерсе белгилүү, ал "ар дайым калп айткан өлкө" дейт Сеулдагы Кукмин университетинде Түндүк Кореянын саясатын изилдеген Федор Тертицкий.

"Эгер алар кандайдыр бир маалымат чыгарса, ал сөзсүз эле чын боло бербейт. Биз ар дайым алардын иш-аракетине көз салышыбыз керек," - дейт Тертицкий мырза.

The White House photographed at dawn through the frame of a fence

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея Ак үйдү атайын бута деп эсептейт

Пхеньян ички жана тышкы аудиторияга багытталган пропаганда үчүн өзүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнөн алда канча ашкан аскерий эрдик жана курал-жарактар жөнүндө маалымат чырагып, жасалма сүрөттөрдү таратуу тарыхына ээ.

Түндүк Корея бул жолу да келип түшкөн сүрөттөрдү ачыкка чыгарбоо чечимин кабыл алды. Алар белгилеп кеткен объектилерди канчалык масштабда көрүп жатканын душмандары билип албасы үчүн далилдерди жашырып жатышкан болушу мүмкүн.

Бирок Пхеньян буга чейин сүрөттөрдү сыймыктануу менен чыгарган. 2022-жылы Жердин космостон тартылган сүрөттөрүн жарыялап, Түндүк Корея бул сүрөттөр акыркы жылдардагы эң күчтүү ракетасынан тартылганын маалымдаган.

Стратегиялык мааниси

Бирок, эгерде спутник иштеп жаткан болсо, жиберилген сүрөттөр абдан начар сапатта болот деп эсептейт эксперттер.

Серепчилердин айтымында, Түндүк Кореянын спутнигинин резолюция диапазону бир пикселге 3м-5м.

Сеулдагы Асан Саясий Изилдөө Институтунун Түндүк Корея боюнча изилдөөчүсү Ук Янг "Түндүк Корея Ак үйдү көрө алганы менен, спутникти андан башка тактикалык максатта колдоно албайт" дейт.

Бирок бул, төмөн резолюцияга карабастан, Түндүк Кореянын спутниги азыр өзөктүк соккулар үчүн буталарды аныктап, тандай алат дегенди билдирет. "Демек, спутниктин стратегиялык мааниси бар" - дейт Янг мырза.

Азыркы учурда ал маңыздуу маалымат чогултууга жөндөмсүздүр, бирок бул кадам Түндүк Корея өзүнүн технологиялык чегинен ашып жатканынын белгиси болушу мүмкүн.

"Максат - ракета учурууларды нормалдаштырып, мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү ... бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузат," - дейт, Сеулдагы Эвха университетинин эл аралык изилдөөлөр боюнча профессору Лейф-Эрик Эсли.

Режим өзүнүн спутник программасын көптөн бери коргоп келет. Пхеньян бул эгемен өлкөнүн укугу, аскердик зарылчылык жана ички саясий убада деп ырастайт, дейт профессор Эсли.

Джеймс Мартиндин ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча изилдөөлөр борборунун (CNS) спутниктик сүрөттөр боюнча эксперти Дэйв Шмерлер дагы "нөлдөн баштап бир натыйжага жетүү алар үчүн чоң секирик болду" деп эсептейт.

"Бирок биз Пхеньян чогултуп жаткан сүрөттөрдү көрмөйүнчө, алардын колдонулушу боюнча божомолдорду гана айта алабыз," - деди ал Reuters маалымат агенттигине.

Символикалык мааниси

Батыш Түндүк Кореянын аймагын ондогон жылдардан бери асмандан карап жүргөн кезде, Пхеньян үчүн да андай көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу саясий жактан да узак мөөнөттүү максат болгон.

"Пхеньян Американын спутниктеринин көз салуусуна нааразы болуп, коркуп келген. Ал ошондой эле өзүн космос жана куралдануу жаатында Сеул менен жарышта деп эсептейт," - деп билдирди профессор Исли.

A satellite image shows a North Korean port in Rason on 27 October

Сүрөттүн булагы, PLANET LABS PBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрда спутниктен тартылган Түндүк Кореянын Расон портунун сүрөтү

Түндүк Кореянын башкы гезити "Родонг Синмумда" жарыяланган маалыматтардын ички жана чет элдик аудиторияга багытталганы көрүнүп турат, дейт Тертицкий мырза.

Ал чынбы же жалганбы - башка маселе, бирок бул Спутник менен Түндүк Корея батышка "күч көрсөтүп", Батышты Түндүк Кореянын аскердик жана өзөктүк базаларына сокку уруудан карманууга алдын ала эскертип жатат дейт ал.

"Эгерде силер биздин аскердик объектилерге сокку урууга батынсаңар, биз силерди жок кылабыз деген билдирүү".

"Алардын улам эле Ак үйгө басым жасап жаткан себептеринин бири: "биз сизди көрүп турабыз. Биз Американы эле эмес, Байден мырза жеке сизди көрүп турабыз жана жок кыла алабыз" деген билдирүүнү жеке Джо Байденге жиберүү."

Коммунисттик диктатурада обочолонуп жашагандар үчүн техникалык прогрессти көрсөтүү өлкөнүн жакшы иштеп жатканын белгилөө үчүн иштелип чыккан. Өткөн жумадагы спутник учуруу тууралуу билдирүү жана шейшемби күнкү сүрөт отчеттор өлкө боюнча жергиликтүү жыйындарга боло турган "шайлоолорго" даярдык болушу ыктымал.

Kim Jong Un, cheered on by locals and surrounded by guards, visits a polling booth in the South Hamgyong Province for the election of delegates to the provincial, city, and county People's Assembly in a photo published by state media on 27 November

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дем алыш күндөрү Түштүк Хамгёнгдогу шайлоо участогуна чогулган эл Жогорку лидерди кубануу менен тосуп алды

"Мен жаңы спутник АКШдагы Ак үй жана Пентагон сыяктуу маанилүү объекттерга көз салат деген билдирүү эл аралык эмес, ички аудиторияга багытталган болушу мүмкүн деп шектенип жатам,"- деди Улуу Британиядагы Шеффилд университетинин Корей изилдөөлөрү боюнча лектор, доктор Сара Со.

"Мен муну Түндүк Кореянын жөнөкөй жарандарынын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок экенине таянып айта алам. Андыктан алар башка жерлердин спутниктен тартылган сүрөттөрүн көрүү дүйнөнүн калган бөлүгүндө кеңири колдонуларын билишпейт деп ойлойм". (ДО)