Аялдардын койнуна кирген шылуун "шыпаагерлер"

BBC reporter Hanan Razek
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин араб кызматынын кабарчысы тукумсуздуктан жабыркаган аялдын кейпин кийип, шыпаагерчиликке жамынган зордук-зомбулукка өзү күбө болду
    • Author, Ханан Разек
    • Role, Би-Би-Си Араб кызматы

Би-Би-Синин араб кызматы шыпаагер ишине жамынган эркектердин жыныстык зомбулук жана шылуундук кылган учурларын изилдеп чыкты.

Дем салып, руханий тазартуу, айыктыруу араб жана мусулман дүйнөсүндө кеңири жайылган көрүнүш. Мындай шыпаагерлерге көбүнчө жин шайтанды окутуп чыгаргысы келген аялдар кайрылат.

Би-Би-Си бир жылдан ашык убакытта күбө катары чогулткан 85 аял Марокко менен Судандагы аларга тийиштик кылып же зордуктаган шыпаагер деп аталган 65 адамды аташты.

Биз бейөкмөт уюмдар, соттор, юристтер жана аялдар менен көп айлап сүйлөшүп, аялдардын башынан өткөн кейиштүү окуяларды иликтедик. Кабарчылардын бири дарыланып жаткан киши болуп барып, шылуун шыпаагердин колуна түшүп, жыныстык зомбулукка кабылды.

Далал (аты өзгөртүлдү) жыйырма жашында Касабланкадан алыс эмес шаардагы шыпаагерге депрессиядан арылуу үчүн дарыланууга барган. Анын айтымында, шыпаагер депрессиянын себеби анын башын айландырып ойнош болуп алган "жинде" деп айткан.

Жеке сеанс учурунда ал мускус деп айтып, аромат жытты жыттатканда кыз эс-учун жоготуп койгон, азыр ал баңгизат болсо керек деп ойлойт.

Ага чейин жыныстык тажрыйбасы болбогон Далал ойгонгондо ич кийими чечилип калганын көрүп зордукталганын түшүнгөн. Ошондо ал ракиге (Курандагы шыпаагер) кыйкырып эмне кылганын сураган.

"Мен айттым: "Жүзүң курусун сенин! Эмнеге мындай кылдыңыз?" Ал болсо: "Жиндерди сенин денеңен айдап чыгыш керек болду",- деди.

Далал уятынан бул жагымсыз окуяны эч кимге айткан эмес, анткени баары бир шыпаагерди эмес анын өзүн күнөөлөп чыгышмак. Бирок бир нече аптадан кийин боюна бүтүп калганын билгенде айласы куруп, керек болсо жанынан кечип кеткиси келген.

Шыпаагерге кайра барып боюна бүтүп калганын айтканда ал "жин тукумдай баштады" деп жооп берген. Андай сөздү уккандан кийин Далал ого бетер кыйналып санаага баткан, ошондуктан бала төрөлгөндө аны колго алмак түгүл атын койбой туруп башка бирөөгө берип жиберген.

Ал эгер үй-бүлөсү бул ишти билип кала турган болсо аны өлтүрүп коерун айтты.

Биз сүйлөшкөн көптөгөн аялдар эгер жыныстык зордуктоо жөнүндө айтып арызданышса, алардын өздөрүн күнөөлөйт деп корко тургандыктарын айтышты. Ошондуктан башындагы көйгөйдү полицияны мындай кой, үй-бүлөсүнө айткандар аз экен. Кээ бирлери мындай иштер ачыкка чыгып кетсе, жиндерди кайра өчөштүрүп алабыз деп коркушарын айтат.

Суданда Савсан деген аял күйөөсү шариятка таянып, экинчи аял алып ага кетип калганда оокаты жүрбөй калып, шыпаагерге жардам сурап барган. Шыпаагер анын күйөөсү үчүн бир дары жасап берип, аны ичкенде жакшы мамиле жасап калат дейт. Бирок андан төшөктө дарылануу сунушу болот деп эч күткөн эмес.

"Ал мени менен жыныстык катнаш кылып, андан алынган биологиялык суюктуктан дары жасап, менин күйөөмө беришим керектигин айтты".

"Ал менин полицияга, сотко, керек болсо күйөөмө да барып айтпай турганыма ишенип турган!"

Sawsan
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Судандагы аял шыпаагер атыккан адам аны күйөөсү менен жараштыруу үчүн жыныстык катнаш кылууну сунуш кылган

Савсан сеансты токтотуп шарт кетип калып, андан кийин такыр барган эмес. Бирок шылуун шыпаагердин жоругун эч кимге кабарлаган да жок.

Суданда биз менен жыныстык эксплуатация же зомбулук тууралуу сүйлөшкөн 50 аялдын үчөө шейх Ибрагимди көрсөтүштү. Биз атын ачык айтпай турган аялдардын бири шыпаагер анын башын айлантып, алдап, койнуна алып жаткысы келгенин билдирди. Ал эми Афаф аттуу аял шыпаагер жабышып баштаганда аны түртүп салышка туура келгенин айтууда.

"Шейхтин жосунсуз жоругун адамдар түшүнбөйт. Алар буга такыр ишенбейт. Күбөлөрдү мен кайдан тапмак элем. Мен аны менен бөлмөдө турганда эч ким көргөн жок".

Биздин команда менен иштеп жаткан журналист шейх Ибрагимге ооруп жаткан кишинин кейпин кийип барып, көбүрөөк далил топтомой болду.

Биз кабарчыны Рим деп атап коелу, ал тукумсуздуктан жабыркаган аял болуп барып жардам сурады.

Шейх Ибрагим ал үчүн кудайга сыйынып, дуба келтирерин айтты да "махайя" деп аталган "шыпаа суу" даярдап коюп, аны алып кетип үйдөн ичиш керектигин айтты.

Бир убакта, Римдин айтымында, шейх жакын отуруп, колун анын курсагына койгон. Келин кызарып-татарып, колун алууну суранганда, ал анын денесин кармалап, колун көйнөктүн астына салып жиберген. Ошондо ал бөлмөдөн качып чыгып кеткен.

"Ал чынында эле денемди дүркүрөттү",-деди Рим кийин. "Анын түрү жаман экен".

Рим шейхтин кыз-келиндерге асылган жагынан абдан машыккан, кыныккан кишидей көрүнгөнүн айтууда.

Би-Би-Си өз кезегинде Рим менен эмне окуя болгонун шейх Ибрагимдин өзүнөн сурадык. Ал жардам сурап кайрылган аялдарга жыныстык тийиштик кылганын же асылганын четке кагып, интервьюну дароо токтотуп салды.

Sheikh Ibrahim
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Сиде журналист болуп иштеген айым дагы шейх Ибрагимдин жеми болуп кала таштады

Бирөөнүн жеми болбой, зордук көрбөй руханий шыпаа алуунун альтернативдүү жолун сунуш кылган бир аял бар - ал Шейх Фатима.

Хартумга жакын жерде ал аялдар үчүн дарылоо борборун ачкан. Бул жер отуз жылдан бери аялдар шыпаа таап жүргөн саналуу жайлардын бири катары таанымал.

Бизге ушул жеке менчик борборго кирүүгө уруксат беришти. Биз барган убакта көрүнгөнү келген кээ бир аялдардын эсин жоготуп койгон учурларын көрдүк. Шейх Фатиманын айтымында, аялдар мындай абалга түшкөндө башка шылуун шыпаагерлер өздөрүнүн арам оюна пайдаланып коюшат.

"Көп аялдардын сөзүнө караганда, аларга тийиштик кылганда шайтанды кууп чыгарып жатканын айтышкан. Алар дарылоо ушундай жол менен да жүрөт деп ойлошкон",-дейт ал. "Бул аялдардын айткандарын уксаңыз, жакаңызды кармайсыз".

Биз Марокко менен Судандын саясий бийликтерине кайрылып, бардык далилдерди көрсөттүк.

Судандагы Ислам иштери боюнча министрликтин үй-бүлө жана коом бөлүмүнүн башчысы Алаа Абу Зейд башында биз айтканга ишенген жок. Бирок ал шыпаагерлерден дарылануунун укуктук тартибинин жоктугу баш аламандык жаратып, андан кыянат пайдаланып жаткандар бар экенин моюнга алды.

Ал өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам азыркы учурда кол жетпей жаткан көйгөй экенин белгиледи.

Мароккодо болсо, ислам иштери боюнча министри Ахмед Туфик руханий шыпаагерлер жөнүндө өзүнчө мыйзамга зарылчылык жоктугун айтты.

"Бул иштерге легалдуу түрдө кийлигишүү оңой эмес. Бул маселе диний билим берүү жана агартуу иштери аркылуу чечилет",-деди ал.

Ошентип биз топтогон далилдерге карабастан, Марокко менен Судандын бийликтери куурай башын сындырып коюшкан жок. Демек, дарыгердин кесибине жамынган шылуундар ишенчээк кыз-келиндердин башындагы балакет көйгөй болуп кала бермекчи. (КС)