Франциядагы тополоң, Марселдеги кырчылдашкан кармаш
- Author, Джордж Райт
- Role, BBC News
Францияда беш күндөн бери тополоң токтой элек. Марсель шаарында полиция менен демонстранттар кагылышты. Полиция жол эрежесин бузган алжир тектүү иммигранттардын баласын атып өлтүргөндөн кийин нааразылык жалыны бүт өлкө боюнча дүрт этти.
Марселде ишембиде түнү полиция чогулгандарды көз бууган газ менен аткылап таратты. Кеминде 56 адам камакка алынды.
Париждин борборунда полициянын катуу аракети болгон үчүн каршылык басаңдап турат.
Полицияга токтобой койгону үчүн атып өлтүрүлгөн 17 жаштагы Наэлдин сөөгүн ишембиде жерге беришти.
Париждин жанындагы Нантер шаарчасында болгон бул окуядан кийин Франциянын көп шаарларын тополоң-тоз каптады.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча тополоңдо камакка алгандар кеминде 322 адам болду.
Бүт өлкө боюнча 45 миң полициячы каршылык акцияларын басууга чыкты.
Ишембиде кечинде Марселде полиция менен нааразылык акциясына чыккандар ортосунда катуу кагылышуулар болду. Көчөгө чыккандар тополоң чыгарып, имараттар менен автоунааларды өрттөшүп, дүкөндөрдү талкалап талап-тоногон учурлар болду.
Полиция тополоң салгандарга каршы көз бууган газ колдонду. Видеодон Марселдин борборундагы Ла Канебьер башкы проспектисинде болгон кагылышуулар көрүнөт.
Француз ЖМКлары тополоң чыгаргандар менен полициянын кармашы бул райондо бир сааттан ашык болду.

Сүрөттүн булагы, EPA
Социалдык тармакта каршылык акциясына чакыргандар көп болду, бирок полиция бүт бардык жерди көзөмөлгө алгандыктан көпчүлүк көчөгө чыкканга батынган жок.
Баш калаадагы полиция 126 адамды камады. Парижде саат 21.00дөн кийин бардык автобус жана травмайлар экинчи түн катары менен токтоду.
Франциянын премьер-министри Элизабет Борн Париждеги улуттук полициянын командалык пунктуна барып, коомдук тартипти кармоо аракеттерине өзү көз салып жатканы кабарланды.
Түндүктөгү Лилль шаарында каршылык акциясына чыккандарды полициянын спецназ күчтөрү барып таркатты.
Видеокадрлардан каршылык акциясына чыккандар өрттөгөн автомашинаны өрт өчүргүчтөр өчүрүп жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Лиондо 21 адам камалганы айтылууда. Кагылышуулар Ницце жана Страсбург шаарларында да болду.
17 жаштагы Наэлдин сөөгүн ишембиде Нантерде жерге беришти.
Анын жакындары ЖМКлардын өкүлдөрүн жакын жуутпай коюшту. Телефонго тартууга да уруксат берилбеди.
Наэл жол кыймылын текшерип жүргөн полицияга токтобой койгону үчүн ага курал колдонулган, ал тез жардам келгенден кийин каза тапты.
Интернетте тараган видеого караганда эки полициячы автоунааны токтотуу аракетин көрүп жатканы, алардын бирөө куралын айдоочуну карай сунганы көрүнөт.
Өспүрүмдү атып өлтүргөн полициячы камакка алынды, ага атайылап киши өлтүрдү деген айып коюлду. Бейшембиде ал каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.
Наэлдин окуясы француз полициясынын иш-аракеттери жөнүндө талаш-талкууну кайра козгоду. Анын ичинде айдоочу полициянын талабына баш ийбей, токтобой койсо, ага курал колдонулат деген 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдын тууралыгы жөнүндө суроо көп.
Ошондой эле күч органдарындагы расизм маселеси да көтөрүлүүдө. БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы Франциядагы тополоң «укук коргоо органдарындагы олуттуу расизм проблемасын чечүүнү» талап кылып жатканын билдирди. (КС)














