Индия: касталар кармашы жана кедейлерге квота

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индияда Жогорку Сот коллеждер менен мамлекеттик кызматтагы орундардын он пайызын кедейлерге калтыруу жөнүндө талашка түшкөн мыйзамды бекитти.
Бул социалдык каруусу бош касталык топтор менен уруулар үчүн мурда бөлүнгөн 49,5% квотага жаңы толуктоо болуп калды.
Жаңы мыйзам боюнча жогорку кастадан болсо да кедейлерге артыкчылык берилет.
Мыйзамды сотто талашкандар аны "Конституциядагы эгалитардык жана кастасыз коом куруу максатын мазактоо" деп сынга алышты.
Касталарга бөлүнүү Индияга гана мүнөздүү көрүнүш, башка өлкөлөрдө мындай жок. Конституция боюнча Индиянын башкы калкы тең укуктуу болгон менен иш жүзүндө андай эмес.
Индияда 1950-жылы мамлекеттик кызматта жана билим берүү мекемелеринде касталык иерархиянын эң төмөн баскычында турган адамдар үчүн атайын квота каралган. Бул тарыхый адилетсиздикти жоюу жана колунда жоктор үчүн бирдей шартты түзүү максатында жасалган.
Квоталардын мөөнөтү эң башында он жыл деп коюлган, бирок маалы келгенде анын мөөнөтү узартылып жүрүп отурду.
1989-жылы квоталар кеңейтилип, ага башка дагы артта калган, жогорку жана төмөнкү касталардын ортосундагы катмардагы эл дагы киргизилген.
2019-жылы премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтү кедейлер жана экономикалык чабал катмарлар үчүн он пайызды резерв кылууга уруксат берген толуктоолорду киргизген.
Бирок бул мыйзам дискриминация болуп калды деп каршы болгондор Жогорку Сотко кайрылышкан. Жаңы мыйзам боюнча кедейлер жана төмөнкү касталар үчүн квоталар 59,5% түзүп калды.
Өкмөт өз кезегинде өзүнүн максаты экономикалык каруусу бош катмардагы элдин кызыкчылыгын коргоо жана аларды кедейчиликтен чыгаруу экенин билдирип келди.
Дүйшөмбүдө сот мыйзамдын пайдасына чечим чыгарды, коллегиядагы беш судьянын үчөө өкмөттүн токтомун колдоп добуш беришти.
Колдоп добуш берген судьялардын жүйөсүндө жаңы квота "Индиянын негизги түзүмүн жана конституциясын бузбайт" жана аны өкмөттүн ишиндеги "жакшы аракет" катары кароо керек.
Каршы болгон эки судьянын бири Равиндра Бхат "жаңы мыйзам социалдык адилеттиктин негизине" доо кетирди деп айтты, анткени тарыхый түрдө коомдо маргиналдашкан топтор эске алынбай калды дейт.
Индиядагы касталар
Индияда тигил же бул белгиси боюнча айырмаланган жана индуизм дини тарабынан колдоого ээ болгон адамдардын бири биринен обочолонгон топтору касталар болуп бөлүнөт. XX кылымдын 40-жылдарында Индияда 3,5 миң каста болгон.

Сүрөттүн булагы, INDRANIL MUKHERJEE
Байыркы жана орто кылымдардагы индиялык коом варналарга бөлүнгөн жана алар кийин касталык системанын негизине коюлган. Төмөнкүдөй төрт варна (коомдук катмар) бар:
1. Брахмандар - дин кызматкерлеринин варнасы. Ага дин кызматкерлери менен кечилдер киришкен. Эң жогорку жана эң билимдүү каста.
2. Кшатриялар - аскердик ак сөөктөрдүн варнасы. Бул варна аскерлердин жана мурунку уруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган. Кшатрияларга ири жана орто феодалдар киришкен. Азыркы убакта алар аскер адамдары, күч органдарынын өкүлдөрү, фирмалардын башчылары.
3. Вайшьялар - Индиянын калкынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин варнасы.
4. Шудралар эң төмөнкү, башкача айтканда өндүргүч күчтөрдүн, көз каранды калктын, кедей-кембагалдардын, мүлксүздөрдүн, жерсиздердин массасы.
5. Булардан сырткары эч бир касталарга кирбеген, шудралардан да төмөн турган "кол тийбестер" деген катмар бар. Алар эң ыплас иштерди аткарат, дааратканаларды тазалайт, көчө шыпырат, өлүктөрдү өрттөйт.
Индияда азыркы учурда дагы касталардын мааниси бар. Мисалы, башка кастадагы кыздарга үйлөнүүгө, бир столдо отурууга тыюу салынган. Жогорку кастадагыларга институтка оңой өтөт - босого балл аз коюлган. Касталык орду атадан-балага өтөт: мисалы шудранын үй-бүлөсүндө төрөлгөндөр социалдык баскычта эч качан жогору кете албайт.
Индиянын Конституциясы (1950 ж.) касталардын тең укуктуулугун жана «кол тийбестердин» юридикалык толук укуктарга ээ экендигин жарыялаган. (КС)












