Жер үстүндө калктын саны сегиз миллиардга, кыргыздар жети миллионго жеткени калды

Индия келерки жылы дүйнөдөгү калкы эң көп жана жыш жайгашкан өлкө болуп калмакчы. Бул субконтинент 1,4 миллиард калкы менен Кытайды басып өтмөкчү. БУУнун калк фондусу ушул жылы ноябрда планетанын калкы сегиз миллиард адамга жетерин билдирүүдө.

Индия калктын саны жагынан Кытайда басып өткөнү калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия калктын саны жагынан Кытайды басып өткөнү калды

БУУнун Калк фондусунун жаңы отчетуна караганда, азыр дүйнөнүн калкынын саны өсүп жатат, бирок мурдагыдай тез эмес.

Планетада жашаган калктын саны азыркы убакта 1950-жылдардан бери басаңдаган темп менен өсүүдө. БУУнун болжомунда 2080-жылдары өзүнүн туу чокусуна жетип, он миллиард болот. Бирок кээ бир демографтар бул көрсөткүч андан мурда да болушу мүмкүн дешет.

Бирок планетанын калкынын өсүшү бардык жерде бирдей болбойт. Жакынкы 30 жылдагы өсүштүн теңинен көбү сегиз өлкөгө туура келет.

Ошол эле убакта кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө калктын саны кыскарууда. Төрөлүүнүн көрсөткүчү бүт дүйнөдө түшүп жаткан менен медицина жана илимдин өнүгүшү менен адам саны да өсүүдө.

Бул демек, азыркы балдардын көбүнүн өмүрү узак болуп, бүкчүйгөн абышка-кемпир болуп карыганга чейин жашайт дегендик.

Батыйма Жетигенова 97 жашка карады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чүй районундагы Кара-Дөбө айылынын 97 жаштагы тургуну Батыйма Жетигенова дагы эле үй оокатына аралашып турат

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондусунун эсебинде дүйнөдө 2021-жылы жүзгө чыккан 621 000 адам жашаган. Ушул он жылдыктын аягына чейин алардын саны бир миллиондон ашат деп болжонууда.

Салыштырмалуу караганда, 1990-жылы мынчалык узак жашагандар саны 92 миң эле болчу.

Адам өмүрүнүн узарып жатканынын башкы себептери азыр жашап жаткандар ата-бабаларга караганда жакшы тамак ичип, сапаттуу дары-дармек керектеп, жашоо шартынын дагы жакшы болуп жатканында.

Кыргызстанда калктын саны туруктуу өсүүдө

Бактыбек Кайназаров, БУУнун калк фондунун эксперти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келерки он жылдыктарда Кыргызстандын эмгек рыногунда тартыштык болбойт”,-дейт Бактыбек Кайназаров, БУУнун калк фондунун эксперти.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда калктын саны кылым башынан бери жакшы темп менен өсүүдө. Жыл сайын 150 миңдин айланасында балдар төрөлүүдө. Өлгөндөрдү эсептен чыгарганда жылына болжол менен 120-130 миң адамга көбөйүүдө. 2020-жылдан бери гана Ковиддеги жоготуулардан улам саал басаңдады.

Былтыр жыл башында 6 миллион 636 миң адам болсо, 2022-жылдын башына 6 миллион 724 миң адам болду. Жалпы көбөйүү коэффциенти 3,3 түзөт же башкача айтканда бир айымга үчтөн көп бала туура келет.

“Азыркы демографиялык абалыбыз жакшы, калктын саны өсүүдө, өсүш жогору. Кыргызстан боюнча төрөлүүнү орточо 3,3 деп айтабыз. Бир аял үчтү төрөдү дегенди түшүндүрөт”,-деди Жанара Мааткулова, Мамстаткомитеттин өкүлү.

“Токсонунчу жылдары төрөлүү азайып кеткен. 2000-жылдардан тарта 21-22-жылдары төрөлүү орточо эсеп менен үч баладан ашык болуп атат”.

Аял-эркек катышы дээрлик бирдей, ажырым 70 жаштан кийин башталат, аялдар басымдуу, эркектер азайып калат.

Калктын өсүү темпи жагынан Кыргызстан региондо өзүнүн коңшуларынын ичинен Тажикстандан гана артта.

“Өзбекстан, Казакстан, жада калса Кавказдагы Азербайжандан дагы бизден артта турат. Бир айымга 3,3 баладан туура келет. Келерки он жылдыктарда бизде эмгек рыногунда жетишсиздик болбойт”,-дейт Бактыбек Кайназаров, БУУнун калк фондунун эксперти.

Калктын өсүшүнүн көрсөткүчү Ош шаарында жогору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калктын өсүшүнүн көрсөткүчү Ош шаарында жогору

Калктын саны негизинен табигый жол менен көбөйүүдө. Бүт республика боюнча, ошондой эле бардык областтарда, райондордо жана шаарларда эл көбөйдү. Эң жогорку көрсөткүчтөр Ош шаарында, ошондой эле Бишкек шаарында, Жалал-Абад областында.

Өсүүнүн жогорку темпи эл көп топтолгон зоналарда, Чүй областында жана Фергана өрөөнүндө болуп атат. Түздүк зоналарда калк көп топтолуп, өсүү темпи да жогору.

Расмий статистикага караганда, өлкөдө урбанизация деңгээли төмөн. Калктын жарымынан көбү мурдагыдай эле айылда. Биз кепке тарткан кочкорлук аксакал айылдык балдар шаарды бир сүзүп кайра келип жатканын айтты.

“Айылда калып аткан жаштар көп. Анткени алар да шаарды түшүнүп бүттү. Бир сыйра каптап кайра барды. Кой буякта оокат жок экен, абышка-кемпирдин пенсиясы менен оокат кылалы деп атат. Талааны жакшы сугарып, он койду жакшы багып алайын деп атат. Бул жерде эмне, миң сом менен базарга барсаң, эчтеке жок”,-деди Бейшеев Шадыкан, Кара-Суу айылынын тургуну.

Бейшеев Шадыкан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айылдык балдар шаарды бир сүзүп кайра келүүдө, дейт Кочкор районунун тургуну Бейшеев Шадыкан

Социалдык-экономикалык жүк

Калктын көбөйүп жатканы Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан жакшы көрүнүш, бирок социалдык-экономикалык жагынан алганда ошончолук жүк түшөт. Жетиштүү санда бала бакча, мектеп, иш орун камдаш керек. Тийиштүү инфраструктура даяр болуш керек.

Мамлекет өз убагында чара көрбөй, жумуш менен камсыз кыла албай, жетиштүү билим бере албай, мүмкүнчүлүктөрдү жасап бере албай калган учурда тобокелдиктер пайда болот. Мисалы, биринчи жакырчылык, дестабилизация, нааразылык, кылмыштуулук күчөйт”,-дейт Бактыбек Кайназаров.

“Бүгүнкү төрөлгөн балдар үч-төрт жылдан кийин эле бала бакчага барышы керек. Жети жылдан кийин мектепке барат. Ошондуктан алдын ала даярданганга мүмкүнчүлүк бар. Калк өсүп аткан жакка инфраструктуралык жактан инвестиция туура жасалыш керек”.

Эл көп жыш жайгашкан аймактарда ансыз деле мектепке бала батпай, бала бакча, башка социалдык инфраструктура жетишпейт.

Премьер-министр Акылбек Жапаров жакында эле калк саны өсүп жатканына байланыштуу мамлекет жылына 25 тен мектеп курууну пландап жатканын билдирген болчу.

Милянфан айылында үч-төрттөн балалуу болгон жаш үй-бүлөлөр көп.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дунгандар компакттуу жашаган Милянфан айылында үч-төрттөн балалуу болгон жаш үй-бүлөлөр көп.

Кыргызстанда жашаган улуттар боюнча карап келгенде эгемендик жылдары орус, немец, украин калкынын саны азайды, көбү көчүп кетти. Ошол эле учурда калктын өсүшү көбүнчө кыргыздардын, өзбектердин, дунгандардын, уйгурлардын эсебинен болуп жатат. Мисалы, дунгандар кылымдын башында эле 50 миң чамал эле, андан берки 20 жыл ичинде эле 50% көбөйдү.

Биз дунгандар компакттуу жашаган Чүй боорундагы Милянфан кыштагына барып келдик. Жыйырманчы кылымда он үй бүлө түптөгөн айылда азыр беш миңден ашык адам жашайт. Биз баарлашкан Айша Багинин келгенине жарым кылымдан ашты.

Азыр жаштар үч-төрт, беш-алтыдан балалуу болууда. Токсонунчу жылдары орточо үч-төрт эле. Азыр көпчүлүгү көп балалуу үй-бүлөлөр”,-деди Баги.

Ушул айылдан чыккан Советтер Союзунун баатыры Вансуз Ванахуновдун келини бизге айылдагы мектепке балдар батпай жатканын айтты:

“Айылда бир мектеп. Үч сменде окушат. Мен билгенден 1200 бала бар. Имарат жетишпейт. Башталгыч класска кошумча имарат салса жакшы болот эле”.

Геосаясий контекст

Кыргыздар

Ошого карабастан геосаясий контексттен караганда, Кыргызстан Борбордук Азиядагы калкы эң аз өлкө болуп жатат. Калк аябай көбөйүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандан демографиялык басым болбой койбойт дешет. Ансыз деле калк аябай жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндө кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар көбөйүп, куралдуу кагылышууга айланып кетүүдө.

Мисалы, бизге караганда тажик калкынын саны көбүрөөк. Демографилялык кысым болот деп айта албайбыз. Кошуна мамлекеттерде калк өссө, бул жерде сууга, ресурска муктаждыктар болот. Өзбекстанда калктын саны 35 миллионго баратат. Буга жакшы көңүл бурушубуз керек”,-деди Бактыбек Кайназаров, БУУнун калк фондунун эксперти.

Кыргызстанда калктын саны ушундай темп менен жүрүп отурса, бир-эки жылда жети миллионго чыгат деп күтүлүүдө.