Кытайдын калкы азаябы?

1980-жылдан бери бир эле бөбөк менен чектелгендиктен көптөгөн түгөйлөр эркек балалуу болууга басым жасашкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1980-жылдан бери бир эле бөбөк менен чектелгендиктен көптөгөн түгөйлөр эркек балалуу болууга басым жасашкан

Кытайдын калкы 60 жыл мурдагы ачарчылыктан бери биринчи жолу азаюу алдында турат. Эмне себептен? Бул дүйнөнүн башка аймактарына кандай таасир этет?

Дүйнөдөгү эң ири делген элдин саны азайганы турат.

Кытайда жашаган калк дүйнөдөгү адамдардын санынын алтыдан бирине туура келет. Бирок соңку 40 жылда өлкө калкынын саны 660 миллиондон 1,4 миллиардга өскөнү менен 1959-1961-жылдардагы ачарчылыктан бери адамдардын саны биринчи жолу кыскарышы мүмкүн болуп турат.

Мамлекет жеңилдик берсе деле кытайлык аялдар балалуу болууга ашыкпайт...

Кытайдын Улуттук статистика бюросунун соңку маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкө калкы 1,41212 миллиарддан болгону 1,41260 миллиардга көбөйгөн. 480 миңге гана өсүү — бул он жыл мурдагы жылына 8 миллиондой өсүүнүн жанында кымындай эле сан.

Коронавируска каршы катуу чаралардын шартында балалуу болуу адам санынын көбөйүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде таасир эткени менен бул көрүнүш көп жылдардан бери уланып келатат.

1980-жылдары Кытайда ар бир аялга туура келген төрөттүн саны 2,6ны түзгөн. Бул 2,1ди түзгөн өлүм санына карата бир топ эле жогору болчу. Ошентип 1994-жылдан бери төрөттүн саны 1,6 менен 1,7нин ортосунда кармалса, 2020-жылы 1,3кө түшкөн. Ал эми 2021-жылы 1,15 деп көрсөткөн.

Салыштыруу үчүн Австарлия менен АКШны алып көрсөк. Ал жактарда ар бир аялга туура келген төрөттүн саны 1,6ны түзөт. Улгайып бараткан Жапонияда ал 1,3кө барабар.

Мындай көрүнүш Кытай 2016-жылы бир бөбөк саясатына чекит койгонуна карабастан уланууда. Өлкө былтыр эле үч бөбөк саясатын ишке киргизип, салык жана башка жеңилдиктерди да сунуштап жатат.

Мамлекет жеңилдиктерди берип жатса да эмне себептен кытайлык аялдар балалуу болууга ашыкпай жатканы боюнча ар кандай көз караштар бар. Бир көз караш боюнча, өлкө калкы чакан үй-бүлөлөргө көнүп калышкан. Дагы бир көз караш болсо жашоонун баасы кымбаттап жатканы менен байланыштуу. Ошондой эле, баш кошуу курагынын өсүп жатканын айткандар бар. Мындан улам балалуу болуу да кечеңдеп же балалуу болуу каалоосу азаюуда.

Кытай ресурстарынын көбүн улгайып калган калкынын талаптарын канааттандыруу үчүн жумшоосу керек болобу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай ресурстарынын көбүн улгайып калган калкынын талаптарын канааттандыруу үчүн жумшоосу керек болобу?

Андан тышкары Кытайда төрөткө жарамдуу аялдардын саны ойдогудан азыраак. 1980-жылдан бери бир эле бөбөк менен чектелгендиктен көптөгөн түгөйлөр эркек балалуу болууга басым жасашкан. Натыйжада жаңы төрөлгөн 100 кыз балага 120, айрым провинцияларда 130га чейин уул бала туура келген (дүйнөнүн башка көптөгөн аймактарындагы көрсөткүч 100 кызга 106 эркек бала туура келет).

Изилдөөчүлөрдүн божомолу боюнча, 2021-жылдан кийин Кытайдын калкы жылына орто эсеп менен 1,1% азаят

Ачарчылыктан бери Кытайдын жалпы калкы былтыр минималдык санга гана өскөн. 1000 кишинин ичинен өсүү 0,34тү түзгөн. Шанхай Социалдык илимдер академиясындагы изилдөөчүлөрдүн божомолу боюнча, быйыл ал ачарчылыктан бери биринчи жолу төмөндөп жатат. Кыскаруу 1000 кишинин ичинен 0,49ду түзөт.

Ар жылдагы эсептөөлөр

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ар жылдагы эсептөөлөр

Мындай бурулуш учур 10 жылга эртерээк келип калды...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2019-жылы эле Кытайдын Социалдык илимдер академиясы өлкө калкы 2029-жылга чейин рекорддук 1,44 миллиардга чыгат деп күтүп жаткан. БУУнун Калктын санын болжолдоо боюнча 2019-жылкы баяндамасында кытай эли кийинчерээк, 2031-32-жылдары рекорддук 1,46 миллиардга чыгары айтылган.

Шанхай Социалдык илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү 2021-жылдан кийин калктын саны жыл сайын 1,1% кыскарарын болжолдоп жатат. Мындан улам Кытайдын калкы 2100-жылы 587 миллионго чейин азайып кетиши мүмкүн. Бул бүгүнкү күндөгү калктын жарымынан азыраагы дегенди билдирет.

Мындай тыянактын артында Кытайдагы жалпы төрөт көрсөткүчү 2030-жылга чейин 1,15тен 1,1ге түшүп, 2100-жылга чейин ошол бойдон өзгөрбөйт деген божомол турат.

Калктын саны кескин түрдө кыскарып кетсе, Кытайдын экономикасына катуу сокку урат.

Кытайдын эмгекке жарамдуу калкы 2014-жылы рекорддук көрсөткүчкө чыккан жана 2100-жылга чейин анын үчтөн бири кыскарышы болжолдонууда. Кытайдын улгайган калкы (жашы 65тен жогору) убакыттын өтүшү менен көбөйүп, 2080-жылдары эмгекке жарамдуу калктан ашып кетет.

Демография өндүрүшкө таасир эткен эң негизги факторлордун бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демография өндүрүшкө таасир эткен эң негизги факторлордун бири

Кытайдын бир бөбөк саясаты 2016-жылы токтогон...

Демек, учурда эмгекке жарамдуу 100 киши 20 улгайган адамды кароого көмөктөшүп жатса, 2100-жылы эмгекке жарамдуу 100 кытай жараны 120 улгайган кытай жаранына көмөктөшүүсү керек болот.

Өндүрүш кескин түрдө илгерилебесе, Кытайдын эмгекке жарамдуу калкынын саны жылына 1,73% кыскарып отуруп, экономикалык өсүүнү басаңдатууга негиз болот.

Эмгек күчүнүн азаюусунан улам эмгек акысы да жогорулап, Кытайдагы аз төлөнгөн жана көп эмгекти талап кылган өндүрүштү Вьетнам, Бангладеш жана Индия сыяктуу эмгек күчү көп болгон өлкөлөргө түртүп чыгаруусу мүмкүн.

Ансыз деле Кытайдагы эмгекчи өндүрүшүнүн баасы Вьетнамдагыга караганда эки эсе кымбат.

Ошол эле учурда Кытай ресурстарынын көбүн улгайып калган калкынын талаптарын канааттандыруу үчүн жумшоосу керек болот. Кытай каражатын саламаттык сактоо, медициналык жана улгайгандарга кам көрүү кызматтарын жөнгө салууга жумшап калат.

Австралиядагы Виктория университетинин Мамлекеттик саясат борборунун моделдөөсү көрсөткөндөй, Кытайдын пенсия системасы өзгөрбөсө, анда 2020-жылы ИДПнын 4% түзгөн пенсия төлөмдөрү 2100-жылга чейин ИДПнын 20% барабар болору күтүлүүдө.

Кытайда Жаңы жыл тосуудан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда Жаңы жыл тосуудан бир көрүнүш

Мындай өзгөрүүлөрдөн улам Австралия сыяктуу экспортко негизделген өлкөлөр Кытайдан башка өндүрүшчүлөргө багыт алышат. АКШ сыяктуу товар импорттоочулар жаңыдан өсүп келаткан өндүрүш борборлоруна бара-бара оой башташат.

Алдыдагы жылдар “Кытайдын доору” болот деген божомолдорго карабастан калктын саны боюнча жоромолдор көрсөткөндөй, таасир башка жактарга жылып кетиши мүмкүн болуп турат. Мисалы, алдыңкы он жылда калкынын саны Кытайдыкынан ашып өтөрү айтылып жаткан Индияга таасир ооп кетүүсү ыктымал.

* Бул макаланын түп нускасы The Conversation сайтында жарык көргөн жана Creative Commons лицензиясынын негизинде кайрадан чыгарылды.

Сюцзян Пен Виктория университетинин Мамлекеттик саясат борборунда иштейт. Соңку беш жылда ал бир нече уюмдардан каржылык колдоо алган. Алардын арасында Шанхай Социалдык илимдер академиясы, Хенан айыл-чарба университети жана “Кытай энергия” уюмунун экономикалык жана технологиялык изилдөө институту да бар. (EA)

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: