Кытай Тайван тарапка 30 аскер учагын учурду. Аларга каршы кыйраткыч учак абага чыкты

Getty images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty images

Тайван бийлигинин билдирүүсүнө караганда, Кытай дүйшөмбүдөн бери карай аралга жанаша аба мейкиндигине 30 аскер учагын учурган. Аларды ооздуктоого Тайвандын кыйраткыч учактары учкан. Бул январь айынан берки ушул сыяктуу чоң инцидент болуп калды.

Саналуу эле күн мурун АКШ президенти Байден Кытайдын Тайванга кол салуусунун алдын алып, эскерткендей болгон. Ал эгер зарыл болсо Вашингтон аралга аскердик колдоо көрсөтөрүн билдирген.

 Соңку окуяда 22 кыйраткыч учак, радиоэлектрондук күрөш үчүн учактар тартылганын Тайвандын коргоо министрлиги билдирди. Министрлик көрсөткөн карта боюнча, Кытайдын аскердик учактары Тайвандын абадан коргонуу тилкесинин бир бөлүгү саналган Пратас аралынын түндүк-чыгыш району тараптан учкан. Бирок ошол эле учурда кытадын учактары кастык актсы катары саналып калбасы үчүн Тайвандын аба мейкиндигине кирген эмес.

 Кытай менен Тайван 1940-жылдары жарандык согуш учурунда бөлүнүп кеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай менен Тайван 1940-жылдары жарандык согуш учурунда бөлүнүп кеткен

Абадан коргонуунун байкоо зонасы – улуттук коопсуздуктан улам анда учкан чет өлкөнүн учактары такталып, көзөмөлдөнүп турган улуттук аба мейкиндигинен жана өлкөнүн мейкиндигинен сырт тилке. Бул зонанын чегин мамлекеттер өз алдынча аныктайт. Ал эл аралык аба мейкиндиги болуп кала берет.

 Аралдын бийлиги билдиргендей, кытайдын учактары бир жылдан ашуун убакыттан бери бул зонага регулярдуу учуп турат. Тайван бул операцияларды тайвань күчтөрүнүн абадан коргонуу боюнча даярдыгын такай текшерүүнү максат кылган "күңүрт зона" деп атайт.

Айрым аналитиктер Кытайдын учактарды учуруусун Тайван өкмөтүнүн расмий түрдө эгемендигин жарыялап жибербөсүн эскертип туруу аракети деп эсептейт. Пекин мурдатан бул машыгуулар суверенитетин сактоого багытталганын билдирип келет.

 "От менен оюн"

Президент Байден Азияга президент катары биринчи сапарында абадан кол салуу тууралуу сөз кылган. Анын сөзү боюнча "Кытай Тайванга мынчалык жакын учуп, от менен ойноп жатат" деген эле. Эгер Пекин аралга кол салчу болсо АКШ аскердик чаралар менен жооп кайтарууга даяр экенин айткан.

Байдендин билдирүүсүн, Кытай Тайванга кол сала турган болсо АКШнын Тайванга карата "стратегиялык жактан такталбаган" делген мурдагы тактикасынан баш тартуу катары чечмелесе да болот.

Өткөн аптада кытайдын аскер күчтөрү Тайвандын тегерегинде Тайбэйдин Вашингтон менен "кутумуна" каршы эскертүү иретинде машыгуу өткөрүшкөнүн билдирген.

Соңку окуя америкалык сенатор Тэмми Дакворт аймактык коопсуздук жана соода маселелерин Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен талкуулоо үчүн аралга келген учурга туш келди.

Эң негизгилери...

· Эмне үчүн Кытай менен Тайвандын мамилеси олку-солку?

Кытай менен Тайван 1940-жылдары жарандык согуш учурунда бөлүнүп кеткен. Бирок Пекин кайсы бир учурда арал керек болсо күч менен болсо дагы кайрылат деп келет

· Тайван кандай башкарылат?

Аралдын өзүнүн конституциясы, демократиялуу шайланган лидерлери жана куралдуу күчтөрүндө кызмат кылган 300 миңге жакын аскери бар.

· Тайванды кимдер расмий тааныган?

Саналуу гана өлкө таангына. Басымдуусу Пекиндеги Кытай өкмөтүн тааныйт. АКШнын Тайван менен расмий байланышы жок, бирок, арал өзүн коргошу үчүн каражат берүү жөнүндө мыйзамы бар.