Кытай менен Тайван кырчылдашып кетсе эмне болот?

Image of Taiwanese soldier
    • Author, Дэвид Браун
    • Role, BBC News

АКШ президенти Жо Байден Тайванды коргоп калыш үчүн күч колдонууга даяр экенин билдирди, бирок Ак үйдүн өкүлдөрү АКШ өзүнүн мурдагы позициясын өзгөртпөйт деген пикирде турушат.

Кытай Тайванга кол салган учурда аскердик кийлигишүүгө барабы же жокпу деген маселеде Вашингтон көптөн бери "стратегиялык белгисиздик" саясатын жүргүзүп келатат.

Кытайдын президенти Си Цзинпинь Тайвань менен "биригүү" "ишке ашышы керек" деп билдирүү менен ал үчүн күч колдонулушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

Кытай өзүнчө башкаруудагы Тайванды өлкөдөн бөлүнүп калган провинция катары карап, ал акыры кайтарылышы керек деп эсептеп келатат.

Тайвань болсо өзүн Конституциясы бар, демократиялык түрдө шайланган лидери бар көз каранды эмес мамлекет катары санайт.

Тайван каякта?

Тайван — Кытайдын түштүк-чыгыш жээгинен 100 км аралыкта жайгашкан арал мамлекет.Ал биринчи чынжырдагы аралдар деп аталган аймакта жайгашкан, бул АКШнын тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү аймактар экени белгилүү.

Map of China and Taiwan with neighbouring states..

Эгер Кытай Тайванды басып ала турган болсо, кээ бир батыш эксперттеринин баамында, анын бийлиги Тынч океан аймагынын батыш жагында эркин чабыттап, АКШнын Гуам жана Гавайы сыяктуу алыскы аралдардагы аскердик базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Кытай өз кезегинде өзүнүн максаты жана ниети таза экенин билдирүүдө.

Тайван Кытайдан кандайча бөлүнүп калды эле?

Булар Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин бөлүнүп кетишкен. Ошол убакта материктеги Кытайда Гоминдань өкмөттүк аскерлери менен Кытайдын коммунисттик партиясынын күчтөрүнүн согуш жүрүп жаткан эле.

1949-жылы согушту коммунисттер жеңип, алардын лидери Мао Цзэдунь Пекиндеги бийликти алган.

Ал эми улутчул партия Гоминдань коңшулаш Тайванга качкан.

Chiang Kai-shek fled to Taiwan after defeat by the communists in 1949

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чан Кайши Тайванга качып баргандан кийин Гоминданды башкарып калды

Гоминдань ошондон бери Тайвандын тарыхында эң көп жыл башкарган саясий партия болуп калды.

Азыркы убакта Тайванды эгемен мамлекет катары 13 гана (Ватикан да бар) өлкө тааныйт. Кытай башка өлкөлөргө Тайванды тааныбасын деп дипломатиялык кысым көрсөтүп келатат.

Тайвандын коргоо министри Кытай менен мамилелердин соңку кырк жылдан ичиндеги эң начар учуру болуп турганын айтууда.

Тайван өзүн коргой алабы?

Кытай экономикалык байланыштарды бекемдеп, биригүүнүн аскердик эмес жолун пайдаланса болот. Бирок кандай гана аскердик кармаш болбосун, Кытайдын куралдуу күчтөрүнө Тайвандын алы жетпейт.

Кытай коргонууга АКШдан башка өлкөлөрдүн баарынан эң көп акча жумшап жатат. Анын колунда толтура мүмкүнчүлүк бар, анын ичинде аскердик-деңиз күчтөрүн, ракеталык технологияларын, согуштук учактарын жана кибер чабуулдарын айтса болот.

Аскеринин саны жана согуштук даярдыгы жагынан караганда эки өлкөнүн ортосунда абдан чоң айырма бар.

Graphic of Chinese and Taiwanese active military personnel

Кээ бир батыш эксперттеринин баамында, конфликт болгон учурда Тайвань эң жакшы дегенде Кытайдын чабуулун басаңдатып, анын десанттык күчтөрүн жээкке жеткирбей аракет көрүп, партизандык соккуларды жасап, сырттан жардам күткөндөн башка аргасы жок.

Бул жардамды Тайванга курал-жарак берип жаткан АКШ гана көрсөтө алат.

Вашингтон буга чейин жүргүзүп келаткан "стратегиялык олку-солкулук" саясаты Тайванга кол салуу болсо АКШ аны коргойбу же жокпу деген маселеде бир жаңсыл түшүнүк бербей келди.

Дипломатиялык жагынан АКШ азыркы учурда "Бирдиктүү Кытай" саясатын колдоп жатат, бул Пекиндеги бир гана Кытай өкмөтүн тааныйт дегенди билдирет.

Бирок дүйшөмбүдө АКШ президенти Жо Байден Вашингтондун позициясын күчөткөндөй сезилет.

АКШ Тайванга аскердик жагынан коргоого алабы деген суроого Байден "Ооба" деп жооп берди.

Ал ошондой эле Кытайдын Тайванга кол салуу ыктымалдыгы менен Россиянын Украинага басып киргенин параллель карап жатат: "Аны [Тайванды] күч менен алам деген идея, жөн гана күч менен, болбогон иш. Бул бүт регионду чакчелекек кылып, Украинада болуп жатканга окшош дагы акция болот".

Кырдаал бузулуп жатабы?

2021-жылы Кытай Тайвандын асмандан коргонуу күчтөрүнүн зонасына согуштук учактарды жиберип, басымды күчөтө баштады.

Тайвань 2020-жылы кол салган учактар тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Бул жакка чабыттаган согуштук учактардын эң күчөгөн учуру 2021-жылдын октябры болуп калды, бир күндө 56 кол салуу болду.

Graphic showing reported incursions into Taiwan's Air Defence Identification Zone..

Тайвандын дүйнө үчүн эмне мааниси бар?

Тайвандын экономикасынын абдан чоң мааниси бар.

Дүйнөдөгү электроникалык жабдуулардын чоң бөлүгү - телефондордон баштап ноутбуктарга чейин, сааттар, Тайванда чыгарылган компьютердик чиптерден азыктанат.

Тайвандын бир компаниясы эле - Taiwan Semiconductor Manufacturing Company или TSMC — дүйнөлүк рыноктун жарымынан көбүн ээлейт.

Graphic showing computer chip manufacturing

TSMC — аскердик максатта иштелип чыккан микросхемаларды чыгарган компания. Бул наркы 2021-жылы 100 миллиард долларга чыккан зор тармак. Тайванды ээлеп алса, Пекин дүйнөдөгү эң маанилүү өнөр жайга көзөмөл кылып калат.

Тайвандыктар коркуп жатабы?

Кытай менен Тайвандын ортосундагы мамиледе чыңалуу болуп жатканына карабастан, изилдөөлөр Тайвандын көптөгөн жашоочулары салыштырмалуу алганда тынч маанайда экенин көрсөтүүдө.

Октябрда Тайвандын коомдук пикир фонду Кытай менен акыры согуш болот деп ой барбы деп сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын үчтөн экиси (64,3%) жок деп жооп беришкен.

Graphic showing that most Taiwanese people don't think there will be military conflict

Өзүнчө изилдөөлөргө караганда, Тайванда элдин көбү өздөрүн тайвандык деп эсептешет.

Graphic showing whether people in Taiwan regard themselves as Taiwanese or Chinese

Ченчи Улуттук университети 90-жылдардын башында жүргүзгөн сурамжылоо өзүн кытай деп эсептеген адамдардын саны азайып, көпчүлүгү өздөрүн тайвандык деп эсептеп калышканын көрсөткөн. (КС)