Афганистанда АКШнын атайын операциясында "Аль-Каиданын" лидери Айман Завахири өлтүрүлдү

Сүрөттүн булагы, SITE/Reuters
АКШ президенти Жо Байден Афганистанда "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Айман Завахиринин атайын операцияда өлтүрүлгөнүн жарыя кылды.
"Акыйкаттык келди, террористтердин бул лидери жок кылынды. Биз эч качан артка чегинбейбиз", - деди Байден телекайрылуусунда.
Анын айтымында, Завахиринин жүргөн жери АКШнын атайын кызматына ушул жылдын башында эле белгилүү болгон.
"Ал америкалык жарандарга, америкалык аскер кызматчыларына, америкалык дипломаттарга жана америкалык кызыкчылыктарга карата киши өлтүрүү менен зордук-зомбулуктун изин калтырды",-деди Байден.
Атайын брифингде Ак үйдүн өкүлү Афганистандын баш калаасында Завахири жашынып жашап жүргөн үйгө жогорку таамайлыктагы ракета менен өткөн жекшембиде сокку урулганын айтып берди.
"Завахири Кабулдун ушул жеринде жашап жүргөнүн биз бир нече ай байкоо салып тактадык. Көп убакыт бою аны балкондон көрчүбүз. Акыры аны көздөй сокку урдук", - деди ал.
Анын айтымында, эки Hellfire ракетасы менен сокку дрон учактан жасалды. Бул ракеталык соккудан Завахири менен бир үйдө турган туугандары, тегерегиндеги жайкын тургундар жабыркаган жок.
Завахириге каршы атайын операция АКШнын армиясы Афганистандан өткөн жылы августта чыгып кеткенден кийин "Аль-Каидага" жасаган биринчи ракеталык сокку болуп калды.
Айман Завахири АКШ тарабынан террорист катары изделген дүйнөдөгү 22 кишинин ичинен Усама бин Ладенден кийинки экинчи сапта турган. Анын башына 25 миллион доллар сыйлык коюлган.
Завахири 2001-жылдын 11-сентябрь окуясынын артындагы идеологиялык уюштуруучусу болгон деген шектер бар.
Усама бин Ладен 2011-жылы Пакистанда америкалык атайын операцияда өлтүргөндөн кийин "Ал "Аль-Каиданы" Завахири жетектеп калган.
"Талибандын" реакциясы
"Талибандын" өкүлү АКШнын атайын операциясын эл аралык принциптерди бузуу деп атады.
"Мындай аракеттер соңку 20 жылдагы туура эмес тажрыйбанын кайталанылышы болуп эсептелет жана АКШнын, Афганистандын жана бүтүндөй региондун кызыкчылыгына каршы келет",-деди ал.
Завахириге Афганистандан баш паанек талибдер бийликти 2021-жылы алгандан кийин берилгенби, бул жагы азыр белгисиз.
Ак үйдөн билдиришкендей, "Талибандын" жогорку жетекчилери "Аль-Каиданын" лидери Кабулда жашынып жүргөнүн билишкен.
Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Завахиринин афган баш калаасында жашап жүргөнү 2020-жылдагы келишимди каратып туруп бузуу болгон, анткени келишимде талибдер Афганистанды эл аралык терроризмдин баш паанегине айлантпоого убада беришкен.
"Биз алар Дохада кол койгон келишимдин шарттарын аткарышат деп күтөбүз. Завахиринин Кабулдун чок ортосунда турганы бул шарттардын ачыктан ачык бузулушу болгон. Биз талибдерди жоопкерчиликке чакырууну уланта беребиз".
Жо Байден өзүнүн телекайрылуусунда АКШ атайын операция даярдалып жатканы жөнүндө"Талибанга" кабар бербегенин белгилеп, ошол эле учурда АКШ Афганистандын жаңы бийликтери менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирди. (КС)













