Завахири “Аль-Каиданын” жаңы башчысы

Сүрөттүн булагы, a
Уюмдун "башкы командачылыгынын" атынан жарыяланган билдирүүдө Айман Завахири “Аль-Каиданын” жаңы лидери деп аталды.
Билдирүүдө шейх, доктор Завахири өзүнө толук жоопкерчиликти алганы белгиленип, “Аль-Каида” уюмун мындан ары дагы АКШ жана Израиль менен күрөшө берээри айтылган.
Завахиринин билдирүүсүн джихадчылардын интернет сайты мындан бир апта мурда жарыялаган. Анда ал АКШ операциясы учурунда набыт болгон Усама Бин Ладен тиги дүйнөдөн деле АКШга айбат болоору айтылган.
Экинчиден биринчиге
Айман Завахири АКШ тарабынан террорист катары изделген дүйнөдөгү эң алдыңкы 22 кишинин ичинен Усама бин Ладенден кийинки экинчи сапта турган. Анын башына 25 миллион доллар сыйлык коюлган.
Завахири 2001-жылдын 11-сентабрь окуясынын артындагы идеологиялык уюштуруучусу болгон деген шектер бар.
“Аль-Каиданын” мурдагы лидери Усама бин Ладен май айынын башында Пакистандын Абботабат калаасындагы жашырынып жаткан үйдөн АКШ жүргүзгөн атайын операция учурунда өлтүрүлгөн.
Таржымалы
Доктор Айман Завахири Египедде жетиштүү, байланыштары бекем үй-бүлөдө туулган. Жаш кезинде Египеддеги дүйнөлүк джихадчылардын атасы деп таанылган Саид Кутбанын окууларынан тасирленгени айтылат.

Сүрөттүн булагы, a
Завахири доктордук билим алган. Ошол эле учурда Египед өкмөтүн эртеби-кечпи кулатуу идеясын таратып жүргөн. Ал Египед президенти Анвар Саадат өлтүрүлгөндө камакка алынган миңдеген кишилердин арасында болгон.
Завахири абакта олтурганда кыйноолорго кабылганы, түрмөдөгү кишилердин өкүлү катары билдирилүүлөрдү тартаканы телеканалдардан көрсөтүлгөнү бар. Айрымдар Завахири абакта олтурганда чыйралып, дүйнөлүк джихадчыга айланган дешет.
1984-жылы түрмөдөн бошотулганда Завахири Советтик армияга каршы согушуу үчүн Афганистандагы джихадчыларга кошулганын айтылат. Ошол жерден ал Усама Бин Ладенге жолугуп, “Аль-Каиданы” негиздөөгө катышкан.
Көп жылдардан бери Завахири бул уюмдун дүйнөлүк операцияларын башкарган идеологу деп саналган. Айрым эксперттер аны 2001-жылдын 11-сентябрь окуясын пландаштырган негизги киши катары көрүшөт.
Ал акыркы жолу 2001-жылдын октябрь айында Афганистандын Хост калаасында көрүнгөн бойдон жашырынып жүрөт. Завахиринин аялы жана балдары 2001-жылдын соңунда АКШ күчтөрүнүн абадан чабуулу учурунда көз жумганы кабарланган.











