"Аль-Каида" Орусияга чабуул жасайбы?

Пакистандык Абид Нассир соттук жараянда

Сүрөттүн булагы, ap

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистандык Абид Нассир соттук жараянда

2011-жылы “Аль-Каида” группасынын башчысы Усама бин Ладендин өлүгү табылган үйдөн аталган уюмдун Орусияга чабуул жасашы тууралуу документтер алынганы кабарланды.

Шаршембиде Нью-Йорк жана Манчестерге чабуул жасоого даярданган деп шектелип, Нью-Йорк сотунда сурак берип жаткан пакистандык Абид Нассирге бул документтердин чоо-жайын түшүндүрүү керектиги айтылды.

Табылган документтерде Европага, Британияга куралдуу кол салууга даярдыктар жөнүндө да жазылган. Бин Ладендин дарегинде жолдонгон бир катта “Аль-Каиданын” мүчөлөрүнүн Европага жана Орусияга кол салуу боюнча планы жазылган, бирок алардын айрымдары күч түзүмдөрү тарабынан кармалган.

Сурак берип жаткан пакистандык Абид Нассирдин фамилиясына же Манчестерге чабуул жөнүндө табылган кагаздарда айтылган эмес. Бирок прокурорлордун айтымына караганда, Нассир Манчестерде жана Нью-Йорк метросунда жардыруу уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

Эки жыл мурда ал Британиядан АКШга экстрадицияланган эле.