Италияда асма жолдогу кабина кулап, он төрт адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, HANDOUT VIA REUTERS
Жекшембиде Италиянын түндүгүндө 200 метр бийиктиктеги асма жолдон бир кабина кулап, кеминде он төрт адам каза тапты. Алардын бешөө Израилдин жарандары. Бир кичинекей бала дагы бар.
Кырсык Пьемонта районундагы Моттароне тоосуна жакын жердеги Стреза курорттук шаарында болду. Кырсыкта жаракат алган беш жана тогуз жаштагы эки бала Турин шаарына учак менен жеткирилген, бирок алардын улуусу ооруканада каза тапканы айтылууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кабинаны кармап турган кабель үзүлүп кеткен. Ичинде толтура адам бар кабина калың токойдун үстүнө кулап түшкөн.
Кырсыктын себеби иликтенип баштады. Италиянын бийликтери атайын комиссия түзүп, прокуратура иликтөө ишин баштады.











