"Домино эффекти": Орусия АКШнын Ооганстандагы аскерлери чыгарылгандан кийинки кесепетти алдын алууда

Сүрөттүн булагы, Russian MOD/TASS
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Си
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып чыкты. Өткөн аптада ал Тажикстан менен Өзбекстанга барды. Бул иш сапар АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча жарыялоосунан кийин болуп жатат.
Бул кадам "Талибан" кыймылынын күч алышына алып барышы ыктымал жана ансыз деле туруксуз регионго терс таасир этиши мүмкүн.
Өзбекстанда Сергей Шойгу Орусиянын 2021-2025-жылдарга жазылган эки тараптуу стратегиялык шериктештик боюнча аскердик программасын жарыялады. Бул программа биринчи жолу иштелип чыкты.
Тажикстанда болсо Шойгу абадан коргонуу үчүн бирдиктүү система боюнча келишимге кол койду. Ошондой эле Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коргоо министрлеринин кеңешинин жолугушуусуна катышты.
"Коңшу Ооганстандагы абалдын чыңалып жатканына байланыштуу коркунучтарга биргеликте туруштук берүү, машыгуу аркылуу практикалык суроолорду биргеликте чечүү аракетин көрүп жатабыз",-деди Шойгу (РИА Новости тараткан кабар).
Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген эксперттер Орусия Борбор Азия регионундагы туруксуздуктан кооптонуп жатканына кошулушту. Буга 1-майда АКШ жана НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганы себеп болушу мүмкүн.
Орусиянын Ооганстан менен чек арасы жок, бирок бул өлкөгө коңшу болгон Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен олуттуу экономикалык байланышы бар. Андан тышкары бул мамлекеттерден Орусияга көп сандагы мигранттар барган.
АКШ Ооганстандан аскерлерин кантип чыгарып кетет?
Өткөн дем алыш күндөрү Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлердин башчысы америкалык генерал Скотт Миллер жоокерлерди чыгаруу жараяны эмитен эле башталганын, ооган аскерлерине жабдык жана базалар өткөрүлүп жатканын билдирген. 2020-жылы февраль айында жетишилген келишимге ылайык, АКШ аскерлерин 1-майга чейин чыгарып кетиши керек эле. Бирок бул мөөнөткө жетишпей, аскерлер толугу менен 11-сентябрда чыгарылары айтылган.

Сүрөттүн булагы, Vadim Savitsky/TASS
Чет өлкөлүк аскерлер АКШдагы 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин Ооганстанга киргизилген. 2009-жылы декабрь айында Ооганстанда 100 миң чет өлкөлүк аскер бар эле. 2014-жылы АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы аскерлеринин саны кыскарта баштаган. Бирок коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам Вашингтон аскерлерин толугу менен чыгарбай келген. Себеби ооган күчтөрү талиптерге туруштук бере алмак эмес. Ошондуктан АКШ "Талибан" кыймылы менен келишимге жетүүгө аракеттенди. Анда чет өлкөлүк аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүү шарттары жазылган - АКШ жана анын өнөктөштөрү үчүн коопсуздук кепилдиктери, Ооганстандын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо, туткунга алынган аскерлер менен алмашуу ж.б.
Келишимге 2020-жылы февраль айында Доха шаарында кол коюлган. Ушундан улам АКШ аскерлерин чыгарып кетүү чечимин кабыл алган. Андан бери АКШ, Орусия жана башка мамлекеттер талиптер менен ооган өкмөтү ортосундагы диалог баштоого аракет кылууда. Бирок азырынча андан майнап чыга элек:
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү айрым учурда сүйлөшүүлөргө келбей коет, жаңжалды токтотуу үчүн так долбоор дагы деле жок. СҮРОТ - 2021-жылдын март айында "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвага сүйлөшүүлөр үчүн келген Ортомчулар сүйлөшүүлөрдү баштоого аракет кылып жатканда, ар бир тарап - ооган өкмөтү менен талиптер өздөрүн өлкөдөгү легитимдүү бийлик катары көрөт.
Ооганстандагы туруксуздук
Ооганстандын өзүндө НАТО күчтөрү чыгып кеткен соң өлкөдө советтик аскерлер чыгарылып кеткенден кийинки 1991-жылдардагыдай кризис болбойбу деген чочулоо бар.
"Аскер күчтөрүнүн чыгарылышы катализатор болуп, тараптарды чечим кабыл алууга түртөт. Алар сентябрга чейин кандайдыр бир саясий чечимге келет, болбосо Сириянын сценарийи сыяктуу жарандык согушка кириптер болушат",-деди Кабулдагы Согушту жана тынчтыкты изилдөө институтунун аткаруучу директору Тамим Асей.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Жогорку экономика мектебинин Дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинин профессору Андрей Казанцев Би-Би-Сиге курган маегинде Ооганстандан чет жерлик контингенттин чыгарылышы "домино эффектин" жаратышы мүмкүн деди.
"Талибан" кыймылынын чабуулу бүтүндөй регионду туруксуздукка алып келбейби деген кооптонуу бар дейт Казанцев.
"Мындай кырдаал 1990-жылдары Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдө болгон. Ооганстандан советтик күчтөрү чыгып кеткенден кийин ал жерде баары кыйрап, 1992-жылы Нажибулланын режими кулады. Моджахеддер бири-бири менен араздашып, андан ары Тажикстанда жарандык согуш башталып кетти. Тажик-ооган чек арасы ачылып, андан ары кырдаал бүтүндөй чөлкөмгө таасирин тийгизди",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Андрей Казанцевдин пикиринде талиптер бирдиктүү, борбордук башкаруусу бар күчкө ээ эмес. Алар эл аралык террордук уюмдарга көмөк көрсөтүп, ошондой эле өз алдынча аракеттенген майда экстремисттик топтор менен байланышта.
Ошону менен бирге эле талиптердин позициясы өлкөнүн ар кайсыл аймагында ар башка. Бүтүндөй аймакка бийлик орнотуу аракети жарандык согушка айланып кетет. Маселен, пуштун уруусу, өзбек же тажик, хазар улуттук азчылыктарына үстөмдүк кылуу аракети.
"Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө олуттуу кырдаал. Анткени ал жердеги тажиктер Тажикстан менен байланышта, Тажикстан болсо Орусия менен байланыш. Ошол эле өзбектер Өзбекстан, Түркия менен, хазарлар Иран менен байланышта. Жалпы регионалдык чоң согуштун потенциалы автоматтык түрдө пайда болот",-деди Андрей Казанцев.
2020-жылы орусиялык Стратегиялык анализ жана технология борбору (ЦАСТ) тарабынан чыгарылган "Союздаштар" деген китепте Ооганстандагы моджахедердин жеңиши 1990-жылдардын башындагы Тажикстандагы кандуу жарандык согуштун катализатору болгону айтылат.
Чек ара аркылуу качкындардын агымы менен катар эле курал-жарак өтүп турган. Ошону менен бирге эле өлкөгө "Ислам мамлекети" тобу тараптан олуттуу коркунуч бар. "Улуттук коопсуздук кызматынын 2018-жылдын соңундагы маалыматы боюнча Сирия менен Ирактагы "ИМ" катарында Тажикстандан барган 1,9 миң жоочу согушкан",-деп айтылат китепте.
Орусия кризисти алдын алуунун кандай аракетин көрүүдө?
Ондогон жылдар ичиндеги Ооганстандагы эл аралык операцияларды камсыздоодо Тажикстан менен Өзбекстан маанилүү борбор бойдон калууда. 2001-жылдан 2007-жылга чейин Дүйшөмбүдөгү аэропортто франциялык Mirage 2000D аскер учагы жана С-135F учагы жайгашып турду. Кийин алар Кандагарга жылдырылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ЦАСТ маалыматы боюнча Тажикстан 2001-жылдан 2019-жылга чейин АКШдан аскердик жардам алып турду. Бирок коопсуздук боюнча Дүйшөмбүнүн негизги өнөктөшү Москва бойдон калды. Тажикстанда 201-аскер базасы жайгашып, айрым маалыматтар боюнча үч миңден алты миңге чейинки аскери бар.
Базанын курамына тик учактар Ми-8 менен Ми-24 тобу кирет. Алар Дүйшөмбүдөн алыс эмес жердеги "Айни" аскер аэродромунда жайгашкан.
ЦАСТ маалыматы боюнча тажик аскерлерине 201-мотоаткычтар дивизиясынын каражаттарынын бир бөлүгү берилип, ошонун негизинде база түзүлгөн. Андан сырткары Орусия бул өлкөгө бронетранспортер, аскер тик учактарын, артиллериялык системаларын, Абадан коргонуу каражаттарын жана танктарды берген. Көпчүлүгү акыркы жылдары берилди.
Орусиялык аскер окуу жайлары тажик армиясы үчүн кадрларды даярдайт. Ооганстандагы операциялар учурунда АКШнын Борбор Азиядагы негизги өнөгү Өзбекстан болду. 2001-2005-жылдары "Карши-Ханабад" деген ири америкалык база иштеп турган.
Сасий келишпестиктен улам Ташкент Вашингтон менен кызматташуудан баш тартып кетти. Ушундан кийин базаны Орусия пайдаланды, бирок аны менен Ташкенттин мамилеси оңой болгон жок - Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан эки жолу чыгып кетти.
Азыркы маалда Орусия региондогу таасирин гана күчөтпөстөн, өлкөлөрдүн ар биринде бекемдөөгө аракет кылып жатат дейт эксперттер. Жаңы экономикалык же аскердик блокту түзгөнгө умтулган жок, болгону эски бирикмелердин структураларын өзгөртүүгө аракет кылууда. Бул региондогу өлкөлөрдүн Орусия менен биргеликте кирген жалпы келишимдери ар башка экенине байланыштуу. Айталы, Тажикстан ЖККУнун мүчөсү, бирок Евразия экономикалык шериктештигинин мүчөсү эмес (Кыргызстан менен Казакстан анын курамында), Өзбекстан ЖККУдан чыгып кеткенден кийин КМШга гана мүчө, Түркмөнстанда гана блокторго кошулбоо турумун сактап келүүдө.
Дагы бир себеби бул өлкөлөр ортосундагы мамиле. 29-апрелде Сергей Шойгунун регионго сапарынан кийин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тутанып, ондогон кишилер каза тапты.
Орусиялык аскер эксперти Виктор Мураховский азыркы учурда ар кандай блокторду курагандан көрө, эки тараптуу байланышты сактап калуу натыйжалуу экенин белгилейт. Анын айтымында Орусия бул аймакта жаңы аскер базаларын түзбөйт, ал тургай иштеп жаткан базаларын кеңейтпейт. Тажикстан менен Өзбекстан өз алдынча коопсуздукту камсыз кылышат.
"Тажикстанга каршы түздөн-түз аскердик агрессия болгон учурда гана Орусия аба күчтөрү менен колдошу мүмкүн",-дейт Виктор Мураховский.
Аркадий Дубновдун пикиринде, АКШ Ооганстандан чыгып кеткенден кийин деле аймакта иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракет кылышы мүмкүн деген маселе бар. Орусиянын биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча Тажикстанга сунушун ушуну менен түшүндүрсө болот.
"Тажикстандын аба мейкиндигине ким чабуул коюшу мүмкүн экенин мен билбейм. Бирок ал Тажикстандагы орусиялык кийлигишүүнү гана күчөтөт. Эмне үчүн ал жакка С-400 сыяктууну орнотконго болбосун?",-деди ал.










