АКШ: Трампты бийликтен кетирүү аракети

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампты бийликтен кетирүү чакырыгы менен вице-президент Майк Пенске кайрылганы жатат.
Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзгөн демократтар резолюция кабыл алып, президентти мамлекет башкарууга жараксыз деп табууну сунуштайт. Бул ишке ашса, вице-президент анын милдетин аткарып, шайлоону утуп келген талапкерге бийликти өткөрүп бермекчи.
Палатанын спикери Нэнси Пелоси эгерде бул бир добуштан колдоо таба албаса, документти кийинки күнү пленардык жыйынга алып чыгарын айтты.
Демократтар Дональд Трампты башаламандык жана зомбулукка шыкактаган деп айыпташууда. Ак Үй импичмент демилгесин саясий негизде деп мүнөздөп, мындай кадам америка коомундагы ажырымды кайра күчөтөөрүн эскерткен.
Блумберг агенттиги булактарына шилтеме берип, Трамп вице-президент Пенс аны кызматтан четтетпей турганына бекем ишенерин жазды. Ошол эле кезде Си-Эн-Эн телеканалы вице-президент окуянын мындай өнүгүшүн четке какпасын билдирди.
Өткөн аптада Трамптын тарапкерлери Конгрессти басып алган окуяда төрт киши каза тапты. Алардын бирин полиция атып өлтүргөн.
"Твиттер" Трамп "зомбулукка чакырды" деген жүйөө менен баракчасын убактылуу жаап салган эле. Компания президенттин баракчасын ачкандан кийин Трамп мыйзам бузгандары кескин сынга алып, Конгресстин имаратына кирип баруу "жийиркеничтүү кол салуу" болду деп айтты. Дональд Трамп бийликти "иреттүү" жол менен өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.






