"Твиттер" менен "Фейсбук" Трамптын баракчасын убактылуу жапты

N/A

Сүрөттүн булагы, N/A

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп демонстранттарга "мен силерди жакшы көрөм", силер "чыныгы патриотсуңар" деген кайрылуу жолдогон

АКШда Конгрессти басып алган демонстранттарды колдогону үчүн "Твиттер" менен "Фейсбук" президент Дональд Трамптын баракчасын убактылуу жаап салды.

Коомдук сайттар аркылуу тараткан билдирүүсүндө Трамп тарапкерлерин "мен силерди жакшы көрөм", силер "чыныгы патриотсуңар" деп айтып, эми үйгө кеткиле деп суранган. Андан тышкары президент шайлоо бурмаланды деп чагымчыл маалымат тараткан.

"Твиттер" Дональд Трамптан мыйзамсыз саналган үч билдирүүсүн өчүрүп салууну суранганын билдирди. Эгерде Трамп билдирүүлөрүн өчүрбөсө, "Твиттер" анын баракчасын жаап салууга аргасыз болот. Андан тышкары "Твиттер" Трамп мындан ары зомбулукка чакырган билдирүүлөрдү таратса, анын баракчасы толугу менен жабылат деп эскертти. Буга чейин Трамп бир дагы жолу "Твиттердин" эскертүүлөрүнө көңүл бурган эмес.

Ал ортодо "Фейсбук" Трампты баракчасын 24 саатка жаап салды. YouTube болсо президенттин зомбулукка чакырган видеосун өчүрдү.

"Бул билдирүүлөр зомбулукту күчөтөт деп ойлойбуз. Ошондуктан аны өчүрдүк",-деп айтылат "Фейсбук" тараткан билдирүүдө.

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШдагы башаламандык: “демократия мурда болуп көрбөгөн чабуулга кабылды”

Трамптын тарапкерлери Конгресстин имаратына күч менен кирип барып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Башаламандыктын алдында президент Трамп тарапкерлерине шайлоо бурмаланганын айткан.

Коомдук сайттар Трамптын билдирүүсүн жалган маалымат катары кабыл алышууда. Себеби соттук териштирүү учурунда АКШдагы президенттик шайлоодо бурмалоолор болбогону аныкталган.

Эксперттер болсо жаңы шайланган президент Байден коомдук сайттардагы "кутум теориялар" жана "жалган маалымат" менен күрөшүү эң негизги багыттарынын бир болушу керек экенин айтышууда.