"Дүйнөнү таң калтырган окуя": Вашингтонго өзгөчө кырдаал жарыяланды

Armed guards

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуяда бир аял каза тапты

АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байден Конгрессти басып алган Трамптын тарапкерлерин "козголоңчу" деп атап, бул кадамды кескин сынга алды. Окуяда төрт киши каза тапты.

Демократия партиясынын өкүлү, президент болуп шайланган Байден президент Трампты зомбулукту токтотууга чакырды.

"Президент Трамп тез арада улуттук телеканалдан кайрылуу жасап, Конституцияны коргойм деген антын аткарышы керек. Ал бул курчоону токтотууну талап кылышы керек. Конгресске кирип барып, терезелерди талкалап, шайлоо аркылуу бийликке келген расмийлерди коркуткан демонстрация эмес, ал көтөрүлүш",-деди Байден.

Президент Трамп болсо алгач тарапкерлерин Конгрессти көздөй жүрүшкө барууга чакырган, кийин аларды үйгө тарап кетүүсүн суранды. Президент "Твиттер" баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

"Силер кейип турганыңарды, ачууланып турганыңарды түшүнөм. Шайлоо бурмаланып, жеңишти колубуздан жулуп кетишти. Биз чоң жеңишке жеткенбиз, аны баары билет, өзгөчө биздин атаандаштар. Бирок азыр үйгө кетели. Тынчтык болушу керек",-дейт айтты Трамп.

What was meant to be a day of peaceful power being transferred turned into a historic black mark.

Сүрөттүн булагы, During a speech earlier in the day, President Trum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын тарапташтары демонстрацияга катуу даярдык менен келгени айтылууда

Конгресс өкүлдөрү Байден президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктаганы жатканда, демонстранттар полиция менен кагылышып имаратка кирип барган. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Окуяда ок атылып, көз ачыштырган газ дагы колдонулду. Жыйын үзгүлтүккө учураганы менен азыр кайрадан уланганы айтылууда. Полиция башаламандык учурунда бир аялга ок атып, ал каза тапканын тастыктады. Андан тышкары дагы үч киши "медициналык маселеден" улам каза тапканы айтылды. АКШнын вице-президенти Пенс бейшемби таңда болгон окуяны "АКШнын тарыхындагы кара так" деп атады.

Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер 15 күнгө өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Байден президент катары ант кармаган күнү өзгөчө кырдаал абалы күчүндө болот. Вашингтондо жергиликтүү убакыт боюнчу саат 06.00гө чейин коменданттык саат дагы киргизилди.

"Көптөр Вашингтонго курал көтөрүп келишти. Алар зомбулукка, башаламандыкка катышууну көздөп турушат. Алар кирпич, бөтөлкө, курал жана химиялык заттарды колдонушту",-деди Мюриэл Баузер.

Полиция төрт сааттан кийин гана имараттан демонстранттарды чыгарды.

Tear gas is used to disperse protesters at the Capitol building

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция көздөн жаш агызган газ колдонду

Башаламандыкка Жоржия штатындагы Сенатка болгон шайлоонун экинчи айлампасында Демократия партиясынын талапкерлери жеңип чыкканы себеп болду. Эми демократтар Ак үй, Сенат жана өкүлдөр палатасы саналган Конрессти башкарат. Республикачылар Сенатты 2014-жылдан бери башкарып келген.

Шайлоодон кийин Байден өзү каалаган реформаларды жана саясатты жүргүзө алары анык болду. АКШда президент каалагандай саясат жүргүзүү үчүн мыйзам чыгарган бийлик бутагынын колдоосу зарыл. Эгерде Республикачылар Сенатта көпчүлүк орунга ээ болуп калса, демократтардын мыйзамдары өтпөй калышы ыктымал эле.

Байден президент Трамптын саясатын "бульдозер менен түрттүрүп", жаңыдан баштоо керек экенин айтканы бар. Ал эми Сенатта көпчүлүк орун болбосо, Байден ар бир мыйзамды "бир кирпичтен" карап чыгууга аргасыз болмок.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Дүйнөлүк коомчулук кандай реакция жасады?

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы саясатчылар жана өлкө башчылары окуяга таң калганын билдиришти. Британиянын премьер-министри Жонсон "уят көрүнүштү" кескин сынга алып, "бийликти тынч жолу менен өткөрүп берүүгө" чакырды.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас "Трамп менен анын тарапкерлери америкалык шайлоочулардын тандоосун урматташы керек жана демократияны тебелегенин токтотушу зарыл" деп белгиледи.

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШдагы башаламандык: “демократия мурда болуп көрбөгөн чабуулга кабылды”

АКШнын мурдагы президенти Буш окуя "абдан кейиштүү" экенин айтып, шайлоонун жыйынтыгын мындай жол менен талашып, четке кагуу "демократия орногон мамлекетте эмес, артта калган өлкөлөрдө" болорун кошумчалады. Мурдагы президент Барак Обама болсо бул окуя "абийирсиздик жана уят" күн катары тарыхта калат деп билдирди.

Республика партиясынан сенатор Марко Рубио Кытай менен Орусия сыяктуу мамлекеттер АКШдагы окуяны карап, "күлүп жатканын" айтты.

"Владимир Путин мындайды ойлоп чыга алмак эмес. Бизде башаламандык болуп жаткандай ой кетти. Саясаттан улам акылыбыздан адашып баратабыз!",-деди Марко Рубио.