Жоржия: Американын келечегин аныктаган шайлоо

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын түштүк тарабында жайгашкан Жоржия штатындагы шайлоо Сенаттын жана жаңы шайланган президент Байдендин келечегине таасир этет.
Учурда добуштар саналууда жана кайсыл талапкер алдыга чыкканы белгисиз. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, шайлоочулардын 49 пайызы Республикачыл талапкерди колдоду, 48 пайызы Демократтарга добуш берди.
Жеңүүчү шаршемби күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23.00дө белгилүү болот. Шайлоодо Демократия партиядан Оссофф менен Уорнок, Республикачыл партиядан Пердью менен Леффлер ат салышууда.
Эмнеге Жоржияда кайрадан шайлоо болуп жатат жана эмнеге бул шайлоо маанилүү? Би-Би-Си Жоржиядагы шайлоону түшүндүрүп берет.

Жоржиядагы шайлоо эмнеге маанилүү?
Штаттын мыйзамына ылайык, 50 пайыздан көп добуш алган талапкер жеңүүчү катары саналат. Бирок ноябрь айында Сенат үчүн жарышкан бир дагы талапкер 50 пайыз добуш ала алган жок. Демек, 5-январда кайрадан шайлоо болот.
Эгерде Демократтар ноябрдагы жетишкендиктерин кайталап, мурда Республикачылар утуп келген Жоржияда жеңишке жетсе, анда алар Ак үй, Сенат жана өкүлдөр палатасы саналган Конрессти башкарып калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Демек, Байден өзү каалаган реформаларды жана саясатты жүргүзө алат. АКШда президент каалагандай саясат жүргүзүү үчүн мыйзам чыгарган бийлик бутагынын колдоосу дагы зарыл. Эгерде Республикачылар Сенатта көпчүлүк орунга ээ болуп калса, Демократтардын мыйзамдары өтпөй калышы ыктымал.
Байден президент Трамптын саясатын "бульдозер менен түрттүрүп", жаңыдан баштоо керек экенин айтканы бар. Ал эми Сенатта көпчүлүк орун болбосо, Байден ар бир мыйзамды "бир кирпичтен" карап чыгууга аргасыз болот.
Бирок бул оңой болбойт. Себеби, Республикачылар Сенатты 2014-жылдан бери башкарып келет.
Демократтар Жоржияда жеңишке жетсе, кошумча эки орунга ээ болот же Сенатта 50 өкүлү болмокчу. Республикачылардын дагы 50 сенатору болот. Бирок мыйзам кабыл алууда 50-50 болуп, тең чыгып калса, Демократтардан вице-президент Харристин добушу чечет.

Жоржиядагы үгүт иштери кандай болду?
Жоржияда үгүт иштери учурунда рекорддук сандагы каражат жумшалды. Өзгөчө Демократтар абдан көп каражат бөлдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2019-жылдагы каттоого ылайык, штаттын калкынын 32 пайызы афро-америкалыктар. 2000-жылдан тарта Жоржияда афро-америкалыктар шайлоолорго жигердүү катышып келет. Мисалы, 2019-жылы 2,5 миллион афро-америкалык шайлоого катышкан же Жоржиядагы добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бирин түзгөн.
Дал ошол себептен Демократия партиядан президенттикке талапкер болгон Байден 30 жылдан бери биринчи жолу Жоржияда жеңишке жетти.

Жоржияда ким алдыда келе жатат?
Демократтар ондогон жылдардан бери Жоржияда жеңишке жеткен эмес. Бирок Байден ноябрь айында афро-америкалык добуш берүүчүлөрдүн жардамы менен Жордияда утуп алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сурамжылоолор, Республикачылар менен Демократтардын ортосунда ажырым абдан аз экенин көрсөтүүдө. Бирок штатта көп деле сурамжылоолор жүргүзүлгөн жок. Медиа агенттиктер эмнеге сурамжылоолор аз жүргүзүлгөнүн кызуу талкууга алышууда.
Коронавирус пандемиясынан улам штаттын тургундары бир нече апта мурун эле добушун жөнөтө баштаган. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, шайлоого катышкандардын саны жогору болот.













