Шайлоочулар коллегиясы Байдендин жеңишин тастыктады

Сүрөттүн булагы, AFP
Шайлоочулар коллегиясы АКШдагы президенттик шайлоону Жо Байден утуп чыкканын тастыктады. Жалпысы болуп Байден үчүн Шайлоочулар коллегиясы 306 добуш берген. Ал эми Дональд Трамп 232 добушка ээ болгон.
Шайлоочулар коллегиясынын жалпы саны 538. Шайлоону жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек эле. Эми коллегиянын добуштарын америкалык Конгресс бекитип берет. Ал жыйын 6-январда өтмөкчү.
Шайлоочулар коллегиясынын билдирүүсүнөн кийин Жо Байден кайрылуу жасап, АКШда элдин эрки жеңишке жеткенин айтты.
"Кезектеги ирет Америкада мыйзам үстөмдүгү, элдин эрки, жана биздин конституция жеңишке жетти",-деди ал. Трамптын командасы болсо добуш берүү жыйынтыктарын сот аркылуу жокко чыгарууга аракет кылууда.
Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 20-январда өтөт.
АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген. Буга чейин АКШнын башкы прокурору Уильям Барр президенттик шайлоодон кийинки добуш саноодо мыйзам бузуулар болгон эмес деп билдиргени бар. Өткөн түнү президент Дональд Трамп өлкөнүн башкы прокурору 23-декабрда кызматынан кете турганын кабарлады. Анын милдетин биринчи орун басары Жефф Розен убактылуу аткарат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баррдын кайрылуусун Трамп өзүнүн "Твиттер" баракчасына жарыялады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
New York Times басылмасы Баррдын кызматтан кетишине бир эле себеп болушу мүмкүн экенин жазды. Ноябрдагы шайлоодо масштабдуу мыйзам бузууларды таба албаганына Ак Үйдө нааразылыктар айтылган болушу ыктымал.












