АКШнын башкы прокурору президенттик шайлоодо мыйзам бузуу тапкан жок

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жакында эле өткөн президенттик шайлоодон кийинки добуш саноодо мыйзам бузуулар болбогонун билдирди.

Буга чейин президент Трамп Байден бурмаланган добуштардын негизинде жеңишке жеткенин, почта аркылуу добуш берүү ачык-айкын жана ишенимдүү болгон жок деген жүйөө келтирилген. Бирок АКШ лидери эч кандай далилдерди көрсөткөн эмес.

Уильям Барр президент Трамптын саясий өнөктөшү катары саналат. Себеби президент аны башкы прокурор кызматына сунуштаган.

Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байден жеңишке жетти. Ал шайлоочулар коллегиясынын 305 добушу алды. Жеңишке жетүү үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушу керек.

"Шайлоонун жыйынтыгын өзгөртө тургудай мыйзам бузууларды тапкан жокпуз",-деп айтты Барр. Буга чейин башкы прокурор "мыйзам бузуулар тууралуу олуттуу жүйөөлөрдү" иликтеп чыгууну тапшырган, бирок "көбүртүлгөн, реалдуулуктан алыс" даттанууларга убакыт коротпоого үндөгөн.

АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген. АКШ лидери командасы укуктук териштирүүсүн уланта берерин айтууда.

Республикачылардын штабы же юристтери тарабынан сотко жолдонгон 36 иштин 25и сот тарабынан четке кагылды же далилденген жок. Бирок ошого карабастан доо арыздар даярдалууда. Америкалык басылмалар "соттук териштирүүлөрдө ийгиликке жетишке Дональд Трамп өзү деле ишенбей калды" деп жазууда. Президент Трамптын көпчүлүк кеңешчилери жеңилгенин моюнуна алууга чакырган.

Многие сторонники Трампа готовы снова его поддержать на президентских выборах 2024 года

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Hеспубликачыларды колдогон шайлоочулардын 53 пайызы Трамптын төрт жылдан кийин шайлоодо талапкер болуусун каалайт

Дональд Трамп 2024-жылы шайлоого катышабы?

Соттук териштирүүлөр уланып жатканда президент Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Fox News каналынын Ак үйдөгү кабарчысы Трамп 20-январда өтө турган инаугурация күнү же ага жакын күндөрү муну расмий жарыялайт деп маалымдады.

Буга чейин президент Трамптын 2024-жылы шайлоого катышуу ниетин Daily Beast басылмасы жазып чыккан. Алар Трамп администрациясындагы булагына таянган. Макалада Трамп шайлоого катышуу ниетин кабыл алганын, кеңешчилери менен аны качан жарыялоону тактап жатканы айтылат.

АКШда Трампты колдогон республикачылардын саны дагы деле көп. Politico жана Morning Consult компаниялары ири сурамжылоо жүргүзүп, республикачыларды колдогон шайлоочулардын 53 пайызы Трамптын төрт жылдан кийин шайлоодо талапкер болуусун колдогонун аныктаган.