"Бийликти иреттүү өткөрүп берем": Трамп Конгресске кол салгандарды сындады

Сүрөттүн булагы, White House via Twitter
АКШнын президенти Дональд Трамп тарапкерлери Конгрессти басып алгандан кийин бийликти "иреттүү" жол менен өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.
"Твиттер" Трамп "зомбулукка чакырды" деген жүйөө менен баракчасын убактылуу жаап салган эле. Компания президенттин баракчасын ачкандан кийин Трамп мыйзам бузгандары кескин сынга алып, Конгресстин имаратына кирип баруу "жийиркеничтүү кол салуу" болду деп айтты.
"Конгресс шайлоонун жыйынтыгын тастыктап, 20-январда жаңы администрация ант кармай турганын белгиледи. Эми мен бийликти иреттүү жол менен өткөрүп берүүгө көңүл бурам. Азыркы абал элдешүүгө убакыт келгенин көрсөттү",-деди Трамп.
Эксперттер болсо Трамп кайрылуусу аркылуу биринчи жолу шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды деп белгилеп жатышат. Буга чейин Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген.
Президент жаңы кайрылуусунда шайлоо бурмаланганы жөнүндө бир дагы жолу сөз кылган жок. Дал ошол сөзү шаршемби күнү тарапкерлерин Капитолийди басып алуусуна түрткөн.
Президенттин кайрылуусуна карабастан Демократтар Трампты бийликтен алып салууну талап кылууда. Дональд Трамп дагы 13 күн өлкөнү башкарат. Демократтар Конституциядагы 25-беренени колдонуп, президент психикалык же физикалык илдеттен улам өз милдетин аткара албай калды деген жүйөө менен бийликти вице-президентке өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Бирок бул берене күчүнө кирүү үчүн вице-президент Пенс менен Трамп администрациясынын сегиз өкүлү президент милдетин аткара албай калганын тастыкташы керек. Азырынча мындай кадамга баруу тууралуу эч сөз болгон жок.
Ага карабастан Республикачылар дагы Капитолийди басып алуу аша чапкандык болгонун белгилешип, Трамп администрациясынын айрым өкүлдөрү кызматтар өз ыктыяры менен кетишти. Президенттин жакын өнөктөшү саналган, Билим берүү катчысы Бетси ДеВос кызматын тапшырып берди. Ал шаршемби күнү болгон окуяларга Трамп күнөөлүү экенин айтууда.
"Сиздин риторикаңыз абалды курчутканында эч шек жок",-деп айтты ал.

Сүрөттүн булагы, Twitter/Ashli Babbitt
Шаршемби күнү болгон окуяда төрт киши каза тапты. Алардын бирин полиция атып өлтүргөн. Коопсуздук кызматкерлери бул кишинин аты-жөнүн Ашли Баббитт деп жарыялады. 35 жаштагы аял мурда АКШ армиясында кызмат өтөгөн жана Трамптын колдоочусу болгон.
Башаламандык учурунда 14 полиция кызматкери жаракат алды. Алардын бири оор абалда. Дагы бир полиция тепсендиде калып, медициналык жардам алууда.











