Р. Самудинов: Трампка күнөө коюлушу мүмкүн деген сөз болууда

Р. Самудинов:

Сүрөттүн булагы, Social media

АКШдагы Конгресс имаратын ээлеп алган демонстранттарды полиция төрт сааттан кийин сыртка чыгарды. Сенат Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктоо үчүн чогулганда демонстранттар полиция менен кагылышып имаратка кирип барган. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Төрт киши каза тапканы айтылды.

Биз АКШда жашап, эмгектенген кыргызстандык Ренат Самудинов менен байланыштык.

Р. Самудинов: Конгресмендер Капитолийге чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына акыркы чекитти коё турган күн болчу. Анан ошол күнгө Трамптын тарапташтары "биз Трампты колдойбуз" деп митинге чыгышкан. Ошол митингтин уландысы катары алар Капитолийди бастырып кирип, ичинде жанагыдай башаламандык болду.

Би-Би-Си: Капитолий деп калдык, бул имарат эмне деген имарат? Окурмандарыбызга түшүндүрө кетсеңиз.

Р. Самудинов: Эгер Кыргызстан менен салыштырсак, бул Жогорку Кеңеш десек болот. Капитолий - мамлекеттик символ. Американын демократиясынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу.

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Болуп кеткен окуяга, элдин, сиз тааныган адамдардын реакциясы кандай болуп жатат?

Р. Самудинов: Бул жерде Трамп президент болуп келгенден бери анын тарапташтары жана демократтар деген эки тарап бар. Чоң ажырым пайда болду десек болот. Эми демократтар эле эмес, республикачылдар дагы бул ишти сындап жатышат. Учурда ошол эле Трамптын тарапташтарынын бир бөлүгү дагы "зомбулукту токтоткула, мындайга жол бербеш керек" деп чыгышты. Американын демократиясына шек келет деп катуу сындарды айтышууда. Трамп 6-январдагы митингге келген тарапташтарынын алдына чыгып, "силер конгресмендерге анын ичинде републикачылдардан чыккандарга дагы басым кылгыла" дегендей мазмунда сөз сүйлөгөн. Алар добуштарды четке каксын деп талап кылган. Ушундан улам "Трамп мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылган" деп күнөө коюп калышы мүмкүн деген пикирлер дагы айтылууда. Трамптын тарапташтары "шайлоо жыйынтыгын уурдатып жибердик" деген ураандарга ишенип жатышат. Бирок, анын юристтери 61 жолу сотто утулду. Ага дагы карабай "жеңишти уурдаттык" дегенге ишенип жатышат.

Би-Би-Си: Маалымат каражаттары, коомдук медиа болуп кеткен окуяны кандай чагылдырууда?

Р. Самудинов: Коомдук медиада негизинен туура эмес болду деп жатышат. Алар полиция тараптан дагы, демонстранттар тараптан дагы жаракат алгандарды көрүп, ката кетти деп жатышат. Дагы бир кызык жагдай бар, Трамптын тарапташтары медиага эмнегедир ишенишпейт. Алар "медиа деген мамлекеттик чоң коррупцияны же мамлекеттик чоң корпорациялардын башкаруусун жактап жатасыңар" деп доомат коюп, медиага ишенбейт. Алар Трамптын Twitter баракчасын эле карап турушат.

Аудионун түшүндүрмөсү, Жо Байден Конгрессти басып алган Трамптын тарапкерлерин "козголоңчу" деп атады

Би-Би-Си: 6-январь күнү Трамп өзү жана уулу Эрик Трамп Twitter баракчасы аркылуу кайрылышты. Мазмундары бир аз айырмаланып турат. Мисалы, Эрик Трамп акыр аягына чейин күрөштү уланткыла дегендей мазмунда жазса, президент Трамп өзү сабырдуулукка чакырды деп чечмелеп жатышат.

Р. Самудинов: Ал Дональд Трамптын окуя жанагындай кызып кеткенден кийин жазган экинчи твитти. Ага чейин ал деле мазмунун уулунукуна окшош билдирүү чыгарган. Талашкыла, уурдап алууга жол бербегиле дегендей эле болчу. Кийинки твиттинде болсо өзүн юридикалык жактан актап алуу үчүн ушундай кылып билдирүү чыгарды го деп эксперттер болжоп жатышат. Эми келечекте кандай болот? Америкада мыйзам үстөмдүгү деген абдан күч. Бул жакта бирөө ким бирөөгө зыян келтиришине катуу бөгөт коюлат. Полиция дагы ага жол бербейт. Окуя учурунда Улуттук гвардияны Трамп жибербей койду. Бирок ал жерге ФБРдин спецназы барды. Алар Трамптын тарапташтарын чыгарып койду. Экспертердин божомолунда эки тараптын тиреши дале улана берет, бирок, башаламандыкка жол берилбейт.

Би-Би-Си: Ушул окуядан кийин Трамптын рейтинги кайсы жагына өзгөрүшү мүмкүн?

Р. Самудинов: Ал чоң бизнестен келди. Бирок, менимче ал саясатчы боло алган жок. Ал шайлоодо дагы көрүндү. Мисалы, мурунтан республикачылдар туруктуу утуп келген округдардан дагы Трамп утулуп калбадыбы. Бул окуя болсо Трампты талапкер кылып чыгарган республикачылдардын өздөрүн дагы ичинен экиге бөлүп-жарып салды.