Эки күндө 10 пайыз: Биткоиндин курсу кескин жогорулады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшембиде биткоиндин курсу 34 800 долларга жетип кеткен. Бирок дүйшөмбүдө 33 миң доллар болуп калды деп кабарлады Coindeck сайты. Азиянын базарында курс 32 990 долларды түзгөн.
Биткоиндин курсу акыркы күндөру кескин жогорулап, тарыхый рекорд жаратты. 2-январда биткоиндин баасы 30 миңге, андан кийин 33 миңге жетти. Дагы кымбаттап жатканы байкалууда. Акыркы күндөрү эле 10 пайызга өсүп кетти.
Рейтер белгилегендей, өткөн жылдын март айынын ортосунан бери биткоин орточо алганда 800% өстү. Бул криптовалюта келчекте кеңири тараган төлөм каражаты болуп калат деп айткандар бар. Айрым аналитиктер анын баасы кескин өсүп кеткенин, ири инвесторлордун тез арада киреше табуу каалоосу менен түшүндүрүүдө. Башка криптовалюталар дагы акыркы айларда өсүп жатканы байкалды.
Биткоиндин курсу декабрдын экинчи жарымынан тарта өсө баштаган эле. Мындан эки апта мурун эле криптовалюта 20 042 долларга жетип, чоң жаңылык жараткан. Өткөн жылдан тарта соодалана баштаган биткоиндин баасы жыл ичинде төрт эсеге өстү. Өткөн жылы март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк фондулук базар кыйрап, мунай арзандап жатканда биткоин кымбаттай баштаган эле.
Октябрь айында PayPal системасы 2021-жылы криптовалютаны төлөм каражаты катары кабыл алууга даярдыгын билдиргенден кийин баасы өсө баштады.
Аналитиктер алдыда биткоин кескин арзандап кетиши мүмкүн экенин айтууда. Бирок азырынча ал канчалык чекке чейин кымбаттай турганын болжоо кыйынга туурууда.









