Эл аралык коомчулукту дүрбөткөн коронавирустун жаңы түрү

Сүрөттүн булагы, EPA
Эл аралык коомчулук Британияда тарап жаткан коронавирустун жаңы түрүнө тынчсызданууда. Кырктан ашуун мамлекет Британиядан сапарга чыккандарды кабыл албай турууну чечти.
Европа Биримдиги болсо бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Данияда вирустун жаңы түрү катталгандыктан, Швеция бул мамлекеттен сапарга чыккан чет өлкөлүктөрдү дагы кабыл албайт.
Коронавирустун жаңы түрү тез жайылып жатат, бирок мутацияланган вирус көбүрөөк кишинин өмүрүн алат деп айтууга эч далил жок.
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер Британиядан учкан жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү киргизип жатканда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тобокелчиликти контекстке алууга чакырды.
ДССУнун чукул кырдаалдар боюнча программасынын башчысы Майк Райан вирустун жаңы түрү пандемия эволюциясынын бир бөлүгү экенин эскертип, көзөмөл "колдон чыгып кеткен жок" деп айтты. Буга чейин Британиянын саламаттыкты сактоо министри Хэнкок көзөмөл "колдон чыгып" кеткенин билдирген.
Ал ортодо Түштүк Африкадан сапарга чыккан жүргүнчүлөр дагы чектөөлөргө туш болууда. Бул өлкөдө дагы коронавирустун жаңы түрү аныкталды. Түштүк Африкадагы мутацияланган вирус Британия менен эч байланышы жок.

Сүрөттүн булагы, EPA
Кайсыл мамлекеттер чектөөлөрдү киргизди?
Европа мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү Британияга карата чектөөлөрдү колдоду. Франция болсо бир гана жүргүнчүлөр эмес, жүк ташыган унааларды дагы кабыл албай турууну чечти. Мындай улам Британиянын чек арасында жүк ташыган унаалар тыгыны пайда болду.
Британиянын премьер-министри бул маселени тез арада чечүүгө аракет кылып жатканы менен, Париж чектөөлөр 48 саат бою күчүндө болорун билдирди. Франция шейшемби күнү бул чектөөлөрдүн ордуна кандай чара көрүлөрүн жарыяламакчы.
Индия, Иран, Канада жана башка мамлекеттер дагы Британиядан сапарга чыккан жүргүнчүлөрдү кабыл албай турарын маалымдаган. АКШ болсо коронавируска кабылбаганын тест аркылуу далилдей алган жүргүнчүлөрдү гана өлкөгө киргизип жатат. Ал эми Сауд Арабия, Кувейт жана Оман чет өлкөлүк жүргүнчүлөргө чек арасын толугу менен жаап салды.
Брюссел шаарында Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер вирустун мутацияланган түрүнө каршы бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Азырынча кандай талаптар болору белгисиз. Бирок Британиядан чыккан жүргүнчүлөр сапардын алдында Covid-19 аныктаган тест тапшырууга милдеттүү болушу мүмкүн.
Ал тапта Европа Биримдиги дагы Pfizer-BioNTech компаниясы чыгарган вакцина коопсуз экенин таап, дарыны каттоодон өткөрдү. Региондо жекшемби күндө тарта жапырт эмдөө башталат.












