"Партизандык жүрүш": Лукашенкого каршы акциялардын он биринчи аптасы

"Партизанский марш" в Минске

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Минскиде иш таштоого барган заводдордун жумушчуларына тилектештик билдирүү максатында жекшембиде "Партизандык жүрүш" өттү. ЖМКлар акцияга 15 миңдей киши катышканын кабарлашты. Полиция 200дөй кишини кармаган.

Мурдагы аптадай эле дем алыш күндөрү Минскиде шаардын борбордук бөлүгүндөгү станциялар жабылып, мобилдик интернет чектөөгө алынган. Муну байланыш түйүнү "улуттук коопсуздукту сактоо боюнча өткүрүлгөн иш чаранын алкагында" деп түшүндүрдү. Каршылык жүрүшү бүтөрү менен мобилдик интернет кайра калыбына келди.

Журүш маалында Беларус оппозициясынын лидерлери Светлана Тихановская, Мария Колесникова жана Вероника Цепкало Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Бул сунушту норвегиялык депутат Гейр Тоскедал жолдогон.

Жүрүш кандай өттү?

Силовики и спецтехника в Минске

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жекшембиде эрте менен Минскинин борбордук бөлүгүнө күч түзүмдөрү атайын техникаларды алып келип, Эгемендик аянтын курчоого алды.

Минск

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS

Маалымат каражаттары шаардын борборундагы бир нече көчө дагы бөгөлгөнүн кабарлашты. "Партизандык жүрүштүн" алдында полициянын "мобилдик тобу" кичи автобустар менен шаарды кыдырып жүрдү. Алар шаардын борбору көздөй жөнөгөн демонстранттарды кармашкан. Интерфакс агенттиги жүрүшкө 30 миң чамалуу киши катышканын жазды. Басылманын маалыматына караганда, полиция каршылык жүрүшүнө чыккандардын алдын тосуп чыгып, бир нече кишини кармаган. "Весна" укук коргоо борбору жалпысы 194 киши камакка алынганын айтып чыкты.

Минск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Задержания на "Партизанском марше" в Минске

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Беларустагы каршылык акциялары 9-августагы президенттик шайлоодон кийин башталган. Шайлоонун тыянагы боюнча Александр Лукашенко ишенимдүү жеңишке жетти. Оппозиция болсо добуштар бурмаланган деп эсептейт.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Лукашенко СИЗОго келип кеткенден кийин

Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан маалда камакка алынган Виктор Бабариконун штабында иштеген белгилүү адвокат Илья Салей жекшембиде абактан бошотулганы белгилүү болду.

"Илья Салейдин СИЗОдо эмес, үйүндө олтурганы абдан жакшы жаңылык. Бул сиз менен биздин режимге тынчтык жолу менен басым көрсөткөнүбүздүн жыйынтыгы",-деди оппозиция лидерлеринин бири Светлана Тихановская. Ал шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон.

Салей 9-сентябрда "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жана чакырык салган" деп айыпталып, камакка алынган эле. Ушундай эле айып менен оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова жана Максим Знак дагы айыпталган. Светлана Тихановскаяга дагы айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган эле.

10-октябрда Александр Лукашенко СИЗОго барып жолуккан оппозиция ишмерлеринин арасында Илья Салей да болгон. (AbA)