Беларустагы кырдаал: Минскидеги жол бөгөө, ИИМ ок чыгарууга даяр

Митингге чыккандар кыймыл көп болгон унаа жолдорду бөгөп салууга аракет кылды

Сүрөттүн булагы, Tut.by

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингге чыккандар кыймыл көп болгон унаа жолдорду бөгөп салууга аракет кылды

Минскиде президенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу жана полициянын зомбулугун токтотууну талап кылган жүрүштөр уланууда. Дүйшөмбүдө кечинде шаардын ар кайсыл жеринде топтошкон кишилер жолдорду бөгөп салууга аракет кылды. ИИМ кайрылуу жасап, каршылык акциялары радикалдашып баратканын, зарылчылык болсо милиция ок чыгара турганын эскертти.

Европа Биримдиги кырдаал жакшы жагына өзгөрбөй турган болсо, президент Александр Лукашенкого жеке санкциялар салынышы мүмкүн экенин айтууда.

Дүйшөмбү күнү кечинде Минскинин бир нече районунда каршылык жүрүштөрү стихиялык түрдө башталды. Митингге чыккандар кыймыл көп болгон унаа жолдорду бөгөп салууга аракет кылды.

Tut.by порталы кабарлагандай, демонстранттар тобу кеминде Минскидеги 13 райондун жолун бөгөштү. Жолдун ортосуна дөңгөлөк өрттөп салган дагы учур болду. ТАСС кабарчысынын айтымында, жол бөгөлгөн аймактарга милиция күчтөрү келип, магистралды бошотуп, демонстранттарды кармады.

"Энелер эл менен"

Пенсионерлер дагы шайлоону жокко чыгаруу талабы менен чыгышты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пенсионерлер дагы шайлоону жокко чыгаруу талабы менен чыгышты

Пенсионерлердин жүрүшү күндүзү болуп, бир нече миң киши катышты. Аларды дагы милиция күч менен таратты.

Жекшембидеги акциялардын соңу дагы камакка алуулар менен бүткөн эле. "Весна" укук коргоо борборунун маалыматын караганда 600дөй киши кармалды.

Ички иштер министринин орун басары Геннадий Казакевич күч түзүмдөрү демонстранттарга каршы курал колдонууга даяр экенин эскертти. Анын айтымында, каршылык жүрүштөрү "уюшкандыкта жана өтө радикалдуу" боло баштады. Буга байланыштуу ички иштер органдары "зарылчылык болсо атайын каражаттарды жана керек учурда ок атуучу курал колдонот" деди ал.

Жекшембиде милиция күчтөрү менен демонстранттар кагылышкан. Күч түзүмдөрү атайын каражаттарды колдонсо, каршылык көрсөтүп жаткандар бөтөлкө ыргытышты. Соңунда күч колдонуп, бир нече кишини кармашты.

Никита Домрачев

Сүрөттүн булагы, Tyt.by.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кармоо учурунда сабалгандардын бири Никита Домрачев журналисттерге сүрөтүн жөнөткөн

Минскиде сабалгандардын арасында белгилүү беларус биатлончусу Дарья Домрачеванын агасы Никита да болгон. Анын айтымында, каршылык жүрүштөрүнө катышкан эмес. Ошол маалда велосипед менен өтүп бараткан экен.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Никита Домрачев милициянын атайын күчтөрү тарабынан ур-токмокко алынгандан кийинки сүрөтүн Tut.by. порталына жөнөткөн. Милиция аны кармап жаткан учурда сабаганы видеого да түшүп калган.

Ал ортодо Европа Биримдиги президент Лукашенко санкциялар менен коркутуп жатат. Биримдиктин 27 өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери чогулган жыйында Александр Лукашенкого персоналдуу санкциялар салынышы мүмкүн деп айтылды.