Нацисттерди ким жеңген? СССРдин ролу тууралуу АКШ менен Орусия тартыша кетти

Сүрөттүн булагы, EPA
Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленип жатканда, нацисттик Германияны жеңүүдөгү СССРдин ролу тууралуу Орусия менен АКШ кайым айтыша кетти.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ак үйдүн "нацисттерди АКШ менен Улуу Британия жеңген" деген билдирүүсүнө ачуу менен жооп берди.
8-майда АКШ президентинин администрациясынын расмий аккаунтунда Дональд Трамптын Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго гүлчамбар коюп жаткан видеосу коюлуп, билдирүү жарыяланган.
"1945-жылы 8-майда Америка менен Улуу Британия нацисттерди жеңген! Америкалык дух ар дайым жеңет. Дайым ушундай болгон",-деп жазылган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Буга жооп кылып Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "биздин өлкөнүн нацизмди кыйратуудагы чечүүчү салымын Вашингтон бурмалаганын токтотпой жатканы кыжырданууну пайда кылат" деп билдирди. Америкалык кесиптештер менен "олуттуу сүйлөшүү жүргүзүүнү" убада кылды.
Ак үйдүн твити англис тилдүү колдонуучулар арасында катуу реакция жаратты. Экинчи дүйнөлүк согуштагы СССРдин ролу тууралуу жүздөгөн комментарийлер жазылган.
Алардын биринде pasanospoco аттуу колдонуучу Германиянын капитуляцияланышына кол коюлган учурдагы сүрөттү жарыялады. Анда советтик делегацияны көрүүгө болот.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Башка комментарийде "СССРдин курмандыктарын башка союздаштардын жоготуулары менен салыштууруга болбойт" деп жазды.
Ак үйдүн билдирүүсүн орусиялык оппозиционер Алексей Навальный дагы сынга алды. "Твиттер" сайтына англис тилинде: "Менин өлкөмдүн бул улуу жеңишке салымы - ошол согуштагы эң кандуу кармаштарда 27 млн орус өмүрүн берген",-деп жазды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 3
7-майда Мамдепартамент жана Чыгыш Европанын тогуз өлөкөсүнүн лидерлери биргелешкен кайрылуу жасаган. Анда нацизмге каршы күрөшкөндөргө таазим кылышкан. Бирок согуштун жыйынтыгы "Европага эркиндик алып келбегени" дагы белгиленген.
"Балтика өлкөлөрү мыйзамсыз оккупацияланган жана аннексияланган. Советтер Союзу аскердик үстөмдүгү, репрессия жана идеологиялык көзөмөл аркылуу башка өлкөлөрдү дагы чеңгелинде кармап турган",-деп айтылат.
Билдирүү дүйнөдөгү өлкөлөр ортосундагы тынчтык "эл аралык нормаларды, анын ичинде өлкөлөрдүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн сактоону талап кылат" деп жыйынтыкталган.

Сүрөттүн булагы, EPA
Документке АКШнын мамдепартаментинин жетекчиси Майк Помпео, Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакиянын лидерлери кол койгон.
Мындан тышкары Балтика өлкөлөрү дагы өз алдынча билдирүү менен чыкты. Ал эми Орусия Батыш өлкөлөрүн "тарыхты бурмалап жатат" деп айыптады. (AbA)












