Covid-19: Кыргызстандын милициясы кошумча төлөмдөн өз ыктыяры менен баш тарттыбы?

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте өзгөчө абал 11-майга чейин узартылды

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы күрөшкө тартылган милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөрдөн баш тартып жатканын бейшембидеги парламент жыйынында билдирди.

Мыйзам боюнча өзгөчө кырдаал шартында иштегендиги үчүн коомдук тартипти сактоого тартылгандардын айлык акылары үч эсе көп төлөнүп берилиши керек эле.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланганы коомдук тартипти камсыздоого жалпы он миңден ашуун аскер кызматкери тартылды. Милиция дарыгерлер менен катар эле коронавируска каршы күрөштө алдыңкы тилкеде иш алып барууда.

"Бул Сузактын Благовещенка айылында төрт көчөдөгү карантиндик блокпост. Жакында эле ЭлТР телеканалынан келишкенде коргоочу кийимдерди кийгизип, видеого тартып бүткөн соң алып койду. Эч кимисинде коргоочу кийимдер жок",-деп өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жарандын тарткан тасмасы коомдук сайттарга тарап кеткен.

Көп өтпөй Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул видеонун авторун жалган маалымат таратты деген негизде кызматынан алганын ырастады. Бирок милициянын тийиштүү коргонуучу каражаттары жок, ачка-ток калып, оор шартта иш алып барып жатканы тууралуу буга чейин көп эле айтылып келгени бар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, карантин маалында милиция кызматкерлеринин он экиси вирус жуктуруп алган.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Бирок эми өкмөттүн алар кошумча төлөмдөрдөн өз эрки менен баш тартты дегени коомчулукта эле эмес, парламентте дагы талкуу жаратууда.

"Бажы, Салык кызматтары апрель-мартта 13,5 миллиард сом жыйнаптыр. Андан тышкары, сырттан жардам катары 120 миллион доллар келген. Эми акча жок дейсиңер. Бүгүнкү күнгө чейин медицина тармагына кичине төлөндү, бирок көчөдө турган милицияга бир тыйын төлөнө элек. Каякка иштетип жатасыңар? ...бир айдан ашык милиция, аскерлер көчөдө күнү-түнү турушат. Акчадан баш тартып жатат деп сиз бекер айттыңыз. Баш тартпашы керек. Алардын да бала чакасы бар да, багышы керек", -деди депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында.

Ал тапта Каржы министрлиги 4-апрелде эле өзгөчө кырдаал шартында иштеген аскерлердин кепилдиги жана кенемте акысы тууралуу токтомго толуктоо сунуштап, аны өкмөткө макулдашууга жөнөткөнү маалым болду.

Ага ылайык, кошумча төлөмдөр бардык аскерлерге эмес, алар тартылган иш шарттарынын катаалдыгына жараша төлөнөт делет.

Бирок маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен ал долбоордун көчүрмөсү тууралуу Каржы министрлиги расмий тактоо бере элек.

Премьер-министр күч орган өкүлдөрүнүн айлык акысы өз убагында төлөнөт деп ишендирүүдө.

Милиция кызматкерлеринин биринин жубайы Алтынай жолдошу 25-апрелде айлык алганын, бирок нааразы экенин бизге айтып берди:

"Карантин башталгандан бери күчөтүлгөн шартта күнү-түнү иштеп жатышат. Бул убакта бир күн иштегени үч күн болуп саналат экен, кошумча акча берилет дешкен. Бирок андай болгон жок. Ишемби жана жекшемби күндөрү да эс алуусуз иштеп жатышат. Ага да кошулбаптыр, ага чейин канча алса ошондой эле алышты".

Кыргызстанда милициянын орточо айлык акысы 8-15 миң сомду түзөт. Өкмөт 2020-жылдан тарта алардын айлыгын кеминде 40% көтөрүү тууралуу убадалап келе жаткан. Бирок эми азыркы шартта аны ишке ашыруу өкмөт үчүн мүмкүн эмес сыяктуу.