Жапонияда өзгөчө абал, Кытайда коронавирус басаңдады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө коронавирус жуктургандар саны 1 млн 407 миңден ашты. Соңку маалыматтарга караганда, 80 миңден ашуун бейтап көз жумса, 298 миң чамалуусу айыгып чыккан.
Жапония бийлиги өзгөчө абал киргизди. Франция чектөө чараларын катаалдаштырып, париждиктердин күндүзү чыгып спорт менен машыгуусуна дагы тыюу салды. Кытайда январдан бери биринчи жолу өлүм-житим катталган жок. Соңку кабарларга сереп салалы.
Вирус эң көп жайылган өлкөлөр - Испания менен АКШ
Испанияда бир нече күндөн бери өлүм-житим көп болуп жатат. Акыркы суткада 743 бейтап көз жумду. Вирус жуктургандар саны боюнча Испания экинчи орунда турат.
АКШнын Нью-Йорк штаты болсо вирус жуктургандар саны боюнча Италиядан озуп кетти. Шейшембидеги маалыматтарда штатта коронавирус жуктуруп алгандар 139 миң кишиге жеткени айтылат. Өлкө боюнча 380 миңге жетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшембиде Нью-Йоркто пандемия башталгандан берки чоң жоготуулар болду. Акыркы суткаларда 731 бейтап көз жумду.
Бул аптада АКШда кырдаал эң жогорку чегине жетет деп күтүлүүдө. Өлүм-житим, ооруну жуктургандар жана жандандыруу бөлүмүнө бейтаптар көп санда түшөт деп болжонууда. Мындай пикирди ABC телеканалына терапевт жана адмирал Бретт Григуар билдирди.
Жапония: өзгөчө абал жана бизнеске жардам
Жапония өзгөчө абал киргизди. Бирок өтө катаал карантин чаралары каралган эмес. Коомдук транспорт ишин улантып, жарандардын кыймылына чектөө коюлбайт.
Бирок өзгөчө абал бийликке катаал чара көрүүгө укук берет. "Баарысы силердин аракетиңерден көз каранды",-деди премьер-министр Синдзо Абэ. Ал карым-катнашты азайтууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзгөчө абал алты префектурага жана борбор шаар Токиого кирди. Болжолу өлкө калкынын 44 пайызы өзгөчө абал шартында жашайт.
Абэ коронавирус эпидемиясын өлкө үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле "эң олуттуу кризис" деп атап, экономиканы колдоо үчүн казынадан триллион доллар (108,2 триллион иен же 990 млрд доллар) бөлүүгө буйрук кылды.
Жапонияда жайында Олимпиада оюндары өтүшү керек эле. Бирок бир жылга артка жылдырышты. Эгер зарылчылык болсо, олимпиадалык объектилерди ооруканага айландырып туруу керек деген Абэ.
Жапонияда вирус жуктуруп алгандар көрсөткүчү көп өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Өлкө боюнча 3906 кишиден вирус аныкталган. Соңку маалыматта 92 киши көз жумганы, 592 киши айыгып чыкканы айтылды.
Франция
Шейшембиден тарта бийлик карантин чараларын дагы катаалдаштырды. Өткөн дем алыш күндөрү Париж көчөлөрүндө кишилер топтошуп жүргөн учурлар көп болгон. Ошондуктан бийлик көчөдө спорт менен алектенүүгө дагы чектөө киргизди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Карантин чаралары Францияда 16-мартта киргизилген. Вирус жуктургандар саны 110 миңге жетип, 10 миң киши каза тапты.
Кытай
Кытайдын бийлиги өткөн суткада январдан бери биринчи жолу коронавирустан өлүм-житим катталбаганын билдирди.
Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө, жаңы катталган 32 учур болгонун, анын баары сырттан келгени айтылды. Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында инфекциянын бир дагы жаңы учуру катталган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP
23-январда Хубэй провинциясы карантинге алынган. Аймактын борбору 11 миллион калк жашаган Уханга кирип-чыгууга тыюу салынган эле. Шейшембиде 19-nCoV вирусу биринчи болуп табылган Ухандан блокада алынды. (AbA)











