1945-жылы Варшава үчүн болгон согуш: боштондукпу же режимди алмашуубу?

Варшавадагы советтик аскер көрүстөнү мыйзам менен корголот. Бирок соңку жылдары башка бир топ эстеликтер алынды.

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Варшавадагы советтик аскер көрүстөнү мыйзам менен корголот. Бирок соңку жылдары башка бир топ эстеликтер алынды.
    • Author, Ольга Ившина
    • Role, Би-би-си

1945-жылы 17-январда Польшанын борборунан нацисттер куулуп чыгарылган. 75 жылдан кийин бул күндү Варшавада белгилешпейт, бирок Москвада кеңири майрамдашат. Би-Би-Си бул күнгө Польша менен Орусияда эмне үчүн эки башка мамиле бар экенин түшүндүрөт.

"1944-жылы декабрда бизди Варшаванын алдына жеткиришти. ...Бир станцияда начальниктер самогон сатууга тыюу салып көрүштү. Жетип келген танкисттер танктын башнясын буруп туруп кабаттар ортосундагы коменданттын үйүн дүң эттире бир согуп калышты. Начальник жылаңач чуркап чыгып араң кутулган деп айтышат",-деп эскерет Варшавага чабуулду ошондогу артиллерист, азыр Эрмитаждын белгилүү кызматкери Николай Никулин.

Польшанын баш калаасы үчүн согуш көпкө созулган жок. Болгону үч күндө -14-январдан 17-январга чейин Кызыл Армиянын бөлүктөрү жана Польша аскерлери гитлердик гарнизонду урандыларга айланган шаардан кууп чыгышты.

"Өңү өчкөндөр"

Согуш аяктап баратканда Варшаванын 90% талкаланган эле. 1944-жылы Варшава көтөрүлүшүнөн кийин гитлерчилер шаарды жер менен жексен кылгылары келген. (Польшада көпчүлүк ошол убакта Кызыл армияны жардамга келбей койгон деп күнөөлөп келет).

Ошондон кийин аман калган элдин көбү талкаланган шаардан чыгып кеткен. Немистер өздөрүнүн позициясын бекемдеп алышкан, алардын гарнизону "Варшава чеби" деп аталчу. Бирок советтик бөлүктөр менен Польшанын аскерлери сан жагынан үстөмдүк кылып, душмандын коргонуусун бат эле жарып өткөн. Курчоодо калбаш үчүн гитлерчилер шаардан чыгып кеткен.

17-январда күндүз советтик жана поьлшалык аскерлер Варшаваны бүтүндөй көзөмөлгө алышкан. Алар көргөн шаардын түрү боор ачыгандай эле.

1943-жылы фашисттер Варшава геттосун түп орду менен жок кылышты. Андан кийин шаардын түбүнө жетүүнүн бардык аракетин көрүштү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1943-жылы фашисттер Варшава геттосун түп орду менен жок кылышты. Андан кийин шаардын калган бөлүгүн талкалашты.

"Варшаванын көчөлөрү менен баратабыз. Талкаланган имараттардын үстүндө түтүн уюлгуйт... Көлөкөдөй болуп ар кай жерден жашоочулар көрүнө баштады. Алар коркуп туш карабын карап, кылчактап жатышты. Алардын өңү өчкөн, көздөрү үңүрөйгөн", - деп эскерет Варшава үчүн болгон согушка катышкан генерал Станислав Поплавский.

Ошондой "өңү өчкөндөрдүн" бири атактуу польшалык пианист Владислав Шпильман эле. Ал Варшавадагы геттодон аман чыгып, еврейлерди концлагерге алпараткан эшелондон качып кеткен.

1945-жылы Шпильман өзүнүн жашынган жеринен чыкканда ал сууктан коргонуп немец аскеринин кителин кийип жүргөнүн унутуп калган экен. Владислав өзүнүн Варшаванын катардагы жашоочусу экенине аны жаман көзү менен караган аскерлерди араңдан зорго ишендирген. Кийин Шпильмандын окуясы боюнча Роман Полански "Пианист" деп аталган фильм тартат.

1945-жылдын январында Варшавада согушка чейинки калктын 12% эле калган. Эл өңүнөн азып, ачкалыктан арып-ачып, көбү жер төлө менен урандылардын арасында түнөп, фашисттерден жашынып жашап жүргөн.

Кимге сыйлык, кимге түрмө

19-январда Варшаваны бошотуу урматына чакан парад болуп, аны этникалык поляк, согушта Кызыл Армиянын генералына чейин жеткен Станислав Поплавский башкарган.

1944-жылы декабрда Поплавский Польшанын Биринчи армиясынын башына келген, 1945-жылы Советтер Союзунун Баатыры жылдызын алып, кийин Польша Элдик Республикасынын коргоо министринин орун басары болду.

Бирок Польшанын аскер жетекчилеринин баарынын эле жолу мындай ийгиликтүү болгон жок.

1945-жылы 27-28-мартта Польшанын жашыруун мамлекетинин жетекчилери СССРдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барышкан.

НКВД келген делегацияны камакка алган, 15 чоң даражалуу жетекчи, анын ичинде Крайова армиясынын кол башчысы генерал Леопольд Окулицкий, вице-премьер Ян Станислав Янковский бар болчу. Алардын баарын Москвага алып барып, үч ай бою катуу суракка алышкан. Акыры польшалык саясатчылар менен аскер жетекчилери он жылдан түрмөгө кесилген. Окулицкий менен Янковский советтик лагерде өлгөн.

Боштондукпу же режим алмашуубу?

Варшаванын жаңы администрациясынын алдында шаардагы эпидемияны кантип токтотуу керек деген маселе турду.

"Варшава тоодой болгон урандылардын алдында жатты, жер төлөлөр болсо өлүктөргө толгон. Бардык жерде мүрзөлөр - көчөлөрдө жана скверлерде бүт", - деп эскерет "Согуш жөнүндө эскерүү" китебинде шаарды бошотууга катышкан жоокер Николай Никулин.

Варшаванын көчөсүндөгү өлүктөр жарым жылдан ашык убакыт - Варшава көтөрүлүшүнөн 1944-жылдын август айына чейин жатты.

Шаардын негизги инфраструктурасын, анын ичинде суу түтүктөрүн, канализацияны жана электр камсыздоону калыбына келтиргенге бир нече ай кетти. Советтерге ыктаган жаңы бийликтин аракеттерин башында Варшавадагы элдин көпчүлүгү жакшы кабыл алган.

Тарыхый документтерге караганда, 1945-жылдын башында Польшанын борбордук жана чыгыш тарабынын жашоочуларынын Кызыл Армияга болгон мамилеси жакшы эле. Бирок барган сайын маанай өзгөрдү.

Варшавада Польшанын жашыруун мамлекети менен Крайова армиясына коюлган эстелик бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Варшавада Польшанын жашыруун мамлекети менен Крайова армиясына коюлган эстелик бар

1945-жылдын жайында НКВД Крайова Армиясынын мурдакы жоокерлери менен териштирүүлөрдү баштаган. Бул жашыруун аскердик уюм Германияга каршы согушуп, качкындагы Польша өкмөтүнө баш ийген. Анын командирлеринин өзөгүн согушка чейин Польшанын армиясында кызмат кылган жоокерлер түзгөн. Сталин аларга ишенбей шектүү мамиле кылчу.

Натыйжада НКВД Крайова Армиясынын бакандай көп офицерлерин эле эмес, катардагы жоокерлерин да камакка алган. Алардын көбү жакшы билим албаган, саясатта эчтеке түшүнбөгөн жапжаш балдар эле, алар болгону өзүнүн мекенин фашисттик оккупациядан коргоп калгысы келишкен.

"Варшава бошотулгандан кийинки биринчи айлар поляктар үчүн жаңы жашоого жана эркиндикке үмүт жандырды, бирок ошол үмүттөр акталган жок", - дейт тарых илимдеринин доктору Лукаш Адамский.

"Кандуу фашисттик режим жоголду. Бирок Польша эркин боло алган жок. Түрү суук немецтик тоталитаризм менен геноцид саясатынын ордуна башка режим келди, бирок ал да тоталитардык болуп калды. Ырас, советтик режим поляктарды улут катары жок кылууну көздөгөн эмес, "класстык душмандар" менен саясий каршылаштарын жок кылууга иштеген".

Польшанын тарыхчыларынын баамында, 1956-жылы Польшанын эки миллионго жакын калкы НКВДнын жана польшалык коопсуздук органдарынын репрессиясына кабылган.

Бүгүнкү мамиле

Польшанын көпчүлүк тарыхчылары жана мамлекет башчылары азыр "Варшаваны бошотуу" деген терминди колдонушпайт. Мектептеги окуу китептерде Кызыл Армиянын жана Польшанын аскерлеринин операциясы "Варшава үчүн салгылашуу" же "Варшаванын алынышы" деп аталат.

Варшавда Кызыл Армиянын жоокерлеринин көрүстөнү бар, ал мыйзам тарабынан корголот. Польшанын аскерлерине коюлган мемориалдык такта бар. Декоммунизация мыйзамы боюнча коомдук жайлардагы эстеликтер эгер алар массалык көмүүлөрдүн орду же аскердик көрүстөн болбосо, бузулушу керек. Башкаларга кошуп, 2018-жылы Варшавада Скарышевск паркында Кызыл Армияга тургузулган эстеликти бузуп алып салышкан.

Варшаваны фашисттерден бошотуу күнү белгиленбей калганына көп жыл болду. Шаардын мэриясынан РИА-Новости агенттигине бул жылы 17-январда Варшавада эки жерде гана өзүнчө бир көчө майрамы болорун билдирди.

Орусиянын ТИМ Польшанын борборунун бийликтеринин мындай мамилесине түшүнбөй жатат.

"Мен түшүнө албайм, согуштун башталган күнүн белгилеп, ошол эле учурда анын бүткөн убагын кантип эске албай койсо болот",-деп жазды ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова.

Москвада Варшаваны фашисттерден бошотуу күнүндө бир нече тармактык конференциялар жана көргөзмөлөр болот, кечинде салют атылат.

"Россиялык бийликтер Польшанын тагдырын кандайдыр бир дихотомия кылып көрсөтүп жатканында. Кандуу фашисттик режим же советтерге ыктаган өкмөт. Мындай караганда советтерге ыктаган өкмөт, албетте, жакшы вариант болуп көрүнөт. Бирок эмнегедир көз каранды эмес Польша мамлекетинин белгиси жок. Ошондуктан поляктар мунун баарын боштондук катарында кабыл алышы кыйын",-дейт профессор Адамский.

Ошол эле убакта Польшада 8-май жеңиш күнү дагы анчалык салтанат менен өтпөйт. Варшавада масштабдуу түрдө Дүйнөлүк экинчи согуш менен байланышкан дайыма эки гана датаны - Варшава көтөрүлүшүнүн күнүн (1-август, 1944-жыл) жана Освенцимди бошотуу күнүн (27-январь, 1945-ж) белгилешет.

"Польшада көпчүлүк Освенцим жана башка лагерлердин бошотулганын өлкөнү фашизмден куткаруу деп кабыл алат. Бул лагерлердин туткундарын Кызыл Армия куткарып калды. Польшадан фашисттерди кууп чыгуу үчүн өзүнүн өмүрүн берген советтик аскерлердин эр жүрөктүүлүгү менен баатырлыгын эч ким талашкан жок",-дейт профессор Адамский. (КС)