Гонконгдогу кыргызстандык студенттер мекенине кайтты

учак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

18-19-ноябрда Гонконг-Алматы-Бишкек жана Гонконг-Москва-Бишкек аба каттамы менен кыргызстандык 27 студент мекенине учуп келди деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Студенттердин аэропортко чейинки жол чыгымын Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги төлөгөн. Студенттердин калган бөлүгү Гонконгдон 21-22 ноябрь күндөрү учуп келет деди расмий булактар.

Өткөн аптада Гонконгдогу кырдаал курчуп кеткенден кийин жогорку окуу жайлар убактылуу жабылып, студенттер каникулга таратылган.

"Гонконгдогу каршылыктар күчөп кеткенине байланыштуу, бизди шаардын четине алып келип жайгаштырышты. Менимче, кыргызстандык студенттердин баары эле коопсуз жердебиз. Окуу токтотулган, ушул семестрди бүтүрүп, өзүңөрдүн өлкөңөргө барсаңар болот деди. Колдон келишинче, электрондук жол менен окууну улантып жатабыз. Абал жайгарылса, окуу мурдакы нугуна түшөт деп айтышты. Демонстрациялар шаардын борбордук бөлүгүндө болуп жаткандыктан биз аны көргөн жокпуз",-деген эле Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин бири Амирбек Абдирасулов.

Гонконгдо билим алган кыргызстандык студенттердин ата-энелери кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, балдарын аман-эсен кайтарып келүүгө жардам сураган.

Апта башында Гонконгдогу Политехникалык университетке демонстранттар кирип алып, полиция окуу жайды курчоого алды.

Окуу жайдын имаратынан чыгып кетүүгө аракет кылгандарды полиция кармап кеткен. Университеттин комплексиндеги демонстранттарды сүрүп чыгаруу жекшембиде кечинде башталган эле.

полиция менен студенттер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйшөмбүдө эрте менен полициянын курчоосун бузуп чыгууга аракет кылган жүздөй кишиге көздөн жаз агызчу газ колдонулду. Аларды желим ок менен атышты. Бир нече киши кармалып, демонстранттардын көпчүлүгү кайра имаратка кирип кеткен. Полиция университеттин кампусуна кирип барууга аракеттенген. Бирок демонстранттар таш жана бөтөлкө ыргытып коопсуздук кызматкерлеринин чабуулун токтотту.

Университеттин ректору Цзинь Тен-Гуан каршылык билдиргендерди өз эрки менен имараттан чыгып кетүүгө чакырды. Окуу жайдын ичинде турган студенттердин бири кампустан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатканын айтып берди.

"Чынын айтсам, айлам кетип турат. Себеби университеттен тынч жол менен чыгып кете албай калдык. Мени камакка алат деп корккон жокмун, полицияга карата күч колдонгон эмесмин. Бирок бул жерден чыкканда полиция мага карата ашыкча күч колдонот деп чочулап турам",-деди ал.

Гонконгдун башка аймактарында дагы демонстранттар менен полиция кагылышты. Нааразылык акциялардан улам өлкөдө мектеп, университеттер жабык бойдон турат. Кытайдын лидери Си Цзиньпин Гонконгдогу "бир мамлекет, эки система" принциби коркунучка кептелгенин эскерткен эле. Кытай бийлигинин Гонконгдогу өкүлдөрүнүн бири Марим Там Вай-Чу Бээжин Гонконгдо туруктуулукту орнотууга умтулуп жатканын белгиледи.

"Төрага Си Гонконгдо тез арада туруктуулукту орнотууну көздөйт. Күн сайын зомбулук боюнча кабар тарап жатат, шаардын тургундары коркуп турат. Курч абал ар бирибизге терс таасир этип жатат. Бизнесмендер, студенттер, бүт баарына тескери таасир этүүдө. Демонстрациялардын экономикалык кесепети дагы бар. Андан тышкары шаардын тургундары коопсуздугуна чоочулап турат",-дейт Вай-Чу.

демонстрант у здания университета

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гонконгдон Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы акциялар төрт айдан бери уланып жатат. Ага миллиондогон кишилер катышууда. Ɵкмөт бул мыйзамды кароону токтоткону менен, демонстрациялар токтогон жок.

Буга чейин кагылышуулар окуу жайдан сырткары жерлерде болуп жаткан. Өткөн аптадан тарта акциянын катышуучулары менен полиция ортосундагы кагылышуу Гонконгдогу Кытай университетинин кампусуна жетти. Полиция демонстранттар окуу жайдын жолун бөгөп алышканын айтып, бошотууга аракет кылган.

Гонконгдо төрт айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы миллиондогон адамдар катышкан акциялар токтобой жатат. (AbA)