Кытай экономикасынын өсүшү 1990-жылдардагы деңгээлге түштү

A woman purchases snacks at a supermarket on May 10, 2018 in Taiyuan, Shanxi Province of China

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2019-жылдын экинчи жарымында Кытайдын экономикасы 6.2 пайызга өстү. Бул 1990-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын солгундаганы дүйнө жүзүнө таасир этет деген тынчсыздануулар айтылууда. Бээжин экономикалык өсүшкө түрткү берүү үчүн салыкты азайтып, банктар тоңдуруп турчу акчанын көлөмүн төмөндөттү. Бул аркылуу Кытай бийлиги базарда көбүрөөк акча жүгүрүп калат деп үмүттөнүп жатат.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу да абалга терс таасир этүүдө. Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд. доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти. Жапонияда өткөн "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде Вашингтон менен Бээжин соода согушу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болушкан.

Кытайдын экономикалык абалы эмнеге маанилүү?

Соңку жылдары Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, орто эсеп менен алганда жылына 6,5 пайызга өсүп жатат. Соңку жыйырма жылдан бери экономикалык өсүш жылына 12 пайызга чейин жогорулап келген.

Chinese economy

Окумуштуулар 2019-жылы Кытайдын экономикасы 6,1 пайызга өсөт деп болжолдуу эсептеди. Буга кабатырланууга негиз жок дешет алар.

Он же жыйырма жыл мурункуга салыштырганда, Кытай экономикасы дүйнөлүк соода системасына байланды. 2000-жылдары Кытай глобалдык сооданын жети гана пайызын түзгөн. Быйыл бул сан 19 пайызга жетти.

25 жылдын ичинде Кытай экинчи ири экономикага айланып, жергиликтүү компаниялар дүйнөнүн ар бурчундагы ишканалар менен товар жүгүртүүдө.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кытай экономикасы тез өсүп, учурда айрым товарлардын баасын аныктай алчу деңгээлге жеткенин окумуштуулар белгилешүүдө.

Жер шарында өндүрүлгөн темир, жез, көмүр жана цементтин жарымы Кытайга сатылат. Демек, кытайлыктар бул товарды сатып албай калса, анын баасы кескин төмөндөйт. (AT)