Cот залында көз жумган Мохаммед Мурсинин тагдыры
Египеттин экс-президенти "Мусулман агайындар" уюмунун мурдагы лидери Мохаммед Мурси сот залында көз жумду. Аны тыңчылык боюнча айыптап, соттук териштирүү жүрүп жаткан эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мурсиге бир катар айыптар тагылып, анын ичинде экс-президентти палестиналык ХАМАС радикал тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта болгон деп күнөөлөшкөн.
Мурси Египтеттин тарыхында биринчи жолу демократиялык жол менен шайлоону утуп чыккан президент. 2012-жылы "Араб жазы" аталган окуялар учурунда Хосни Мубарак бийликтен кулатылып, өлкөдө шайлоо өткөрүлгөн.
Көп өтпөй 2013-жылы июлда аскер төңкөрүшү Мурсини бийликтен кулатат. Бийлик башына келген Абдул-Фаттах ас-Сиси "Мусулман агайындарды" террористтик уюм деп жарыялаган.
Мурси өмүрүнүн соңку жылдарын абакта өткөрдү. 2015-жылы апрелде сот Мурси президент болуп турганда демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп, 20 жылга эркинен ажыраткан.
Египеттик басылмалар экс-президент инфарктан көз жумганын жазууда. Буга чейин анын ден-соолугу тууралуу маалыматтар айтылган эмес.
Мурсинин өмүр жолу
Мурси 1951-жылы ал-Адуа кыштагында туулган. Каир университетинде инженер кесиби боюнча билим алган.
2000-2005-жылдары Египет парламентинде көз карандысыз депутат болуп турган.
2011-жылы январда Мубарактын режими кулагандан кийин "Мусулман агайындар" түзгөн Эркиндик жана акыйкат партиясына лидер болуп шайланат.
Көп жылдар бою Мурси "Мусулман агайындар" кыймылынын лидерлеринин бири саналып келген. Бирок көмүскөдө жүргөндү артык көрүп, коомчулуктун көзүнө көп түшкөн эмес.
Мурси президенттик шайлоо учурунда резервдеги талапкер эле. Шайлоо жарышынан "Мусулман агайындардын" талапкери Хайрат Шатер (мурда соттолгон деп) четтетилген соң, Мурсиге жол ачылат.
Шайлоо учурунда Мурси бүтүндөй мусулмандардын адилеттүү президенти болорун, Египет коомунун башын бириктирип, жашоо-турмушту оңдой турганын убада кылат.
Биринчи айлампада 25 пайыз добуш алып, атаандашынан 250 миңден көп добушка ээ болот.
Президент болуп шайлангандан кийин бийлик бутактарына исламчылардын келишине жол берип, убадаларын аткарган жок деген сынга кабылган. Анын саясаты экономиканы талкалады деп айыпташкан. Мурсинин президенттигинин алгачкы жылында эле массалык демонстрациялар башталып, өзгөчө Каирде каршылык жүрүштөрү токтобой койду.
2013-жылы 3-июлда аскер күчтөрү бийликти колго алып, техникалык өкмөт түзөт. Аскер төңкөрүшүн Мурси катуу айыптаган. Бирок анын өзүн камакка алышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Мусулман агайындар" деген кимдер?
Кыймылды 1928-жылы саясий ишмер, динаятчы Хасан ал-Банна негиздеген. Башында бул кыймыл жергиликтүүлөр арасында исламдын баалуулуктарын жайылтуу жана кайрымдуулук кылуу максаты менен түзүлгөн.
Андан кийин акырындап саясатка аралаша баштайт. Египеттин толук көз карандысыздыгын талап кылып, батыш баалуулуктарын жайылтууга каршы турат.
Бирок "агайындар" демократия принциптерин карманып, шариаттын эрежелерине баш ийген мамлекет курабыз деп билдирип келишкен.
1940-жылдардын соңунда Египеттин өзүндө эле алардын мүчөлөрү жарым миллионго жетет. 1952-жылы Египеттеги колониалдык башкаруу кулады. "Эркин офицерлер" аталган аскер төңкөрүшүнө "Мусулман агайындар" кол кабыш кылган.
1954-жылы президент Насер Гамаль Абделдин көзүн тазалоо аракети ишке ашпай калып, кыймылдын миңдеген мүчөлөрү абакка түшөт. Уюмга тыюу салынып, ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзө баштаган.
Бул окуялар уюмдун келечектеги аракеттерине таасир эткен. "Мусулман агайындардын" лидерлеринин бири Сейид Кутб жаңы идеологияны иштеп чыгып, "каапыр" бийлик өкүлдөрүнө жихад жарыялоону сунуштаган. Сейид Кутбдун пикири келечектеги "Ислам жихадынан" тарта террордук "Ал-Каида" уюмунун идеологиясына таасир эткени айтылып келет.(AbA)












