Гербицид үчүн ракка чалдыккан үй-бүлө: немис компаниясы 2 млрд. доллар төлөп берет

File photo taken on July 9, 2018, shows an employee placing Roundup products on a shelf at a store in San Rafael, California

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глифосат - дүйнөгө кеңири тараган гербициддердин бири

АКШнын соту Bayer аттуу немис фармацевтикалык компаниясы америкалык үй-бүлөгө 2 млрд. доллар төлөп бериши керек деген өкүм чыгарды. Алар Bayer компаниясынын товарынан улам ракка чалдыкканын айтышкан.

Калифорниядагы арачы сот Bayer отоо чөптү жок кылган Roundup аттуу каражатында глифосат заты бар экенин эскерткен эмес деп тапты.

Bayer айыптарды четке кагып, каражатында кооптуу заттар жок экенин билдирди.

Элва менен Альберта Пиллиод америкалык Monsanto компаниясын каражаттарга гербицид кошкону үчүн сотко берген. Бул заттан улам аларда рак илдети козголгон деп айтылууда. Bayer өткөн жылы Monsanto компаниясын 63 млрд. долларга сатып алган.

Сот отоо чөптү жок кылган Roundup каражатын өндүргөн компанияга каршы үчүнчү жолу чечим чыгарууда. АКШда эле Roundup каражатындагы кооптуу заттар үчүн жүздөгөндөр сотко кайрылган. Алар гербицид менен рак илдетинин байланышы бар дешүүдө.

Сотто утуп алган үй-бүлөнүн адвокаты өкүмдү "тарыхый" деп атады.

"Monsanto Roundup каражатында кандай кооптуу заттар бар экенин териштиргиси дагы келген эмес. Документтерде так көрүнүп турат",- деди адвокат Брент Уизнер.

Bayer соттун чечимине нааразы болуп, арызданарын билдирди. Бул компания бир нече жылга созулган изилдөөлөр глифосат кооптуу эмес экенин далилдеген деген пикирде.

Глифосат затын Monsanto компаниясы 1970-жылдары иштеп чыккан. Андан бери бул зат түрдүү каражаттарга кошулуп, дүйнөгө тарады.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

2015-жылы Ракты изилдөө эл аралык агенттиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Рак менен күрөшүү агенттиги бул заттын рак илдети менен байланышы бар деген тыянак чыгарган.

Бирок АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги глифосат коопсуз экенин айтып келет. (AT)