АКШ Москвага каршы жаңы санкцияларды даярдоодо

Вашингтон менен НАТО биргелешип бир аптадан кийин Орусияга каршы жаңы санкцияларын жарыялайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Анын айтымында, санкциялардын Орусиянын Украинадагы аракеттери менен байланышы бар.

Майк Помпео

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бирок кандай чаралар экенин мамлекеттик катчы ачык айткан жок.

15-мартта АКШ, Канада жана Европа Биримдиги украин аскерлери кармалган Керч кысыгындагы окуяга байланыштуу жана Крымдын аннексияланышынын беш жылдыгына карата Орусияга каршы жаңы чектөөлөрдү кабыл алган.

"Украинадагы уланып жаткан орусиялык агрессияга" жооп кылып, Вашингтон санкцияланган тизмеге дагы алты кишини киргизди. Алардын көпчүлүгү ФСБнын чек ара кызматынын өкүлдөрү. Андан сырткары сегиз компанияга чектөө салынды. АКШ аларды Крымдын аймагында аскердик багытта иш алып барган ишкана катары эсептейт.

Ушул жекшембиде Украинада президенттик шайлоо өтөт. АКШ жана анын өнөктөштөрү украин шайлоосундагы орусиялык таасирге каршы чараларын дагы караштырууда.

Украинадагы шайлоо тууралуу айтып жатып, Помпео "демократияны толук калыбына келтирүү үчүн" украин өкмөтү антикоррупциялык реформаларды улантуусу зарыл деп айтты. Ошол эле учурда Помпео Орусиянын АКШдагы шайлоолорго дагы кийгилишкен деп айыптады. (AbA)