Мексика менен чек арасында АКШ аскерин алты эсе көбөйтөт

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын Коргоо министрлиги Мексика менен болгон чек аранын түштүк-батыш бөлүгүнө 3750 аскерин чек арачы жана бажы кызматкерлерине кошумча күч катары жиберүүнү чечти.
"Бул чек арадагы күчтөрдүн 4350 адамга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет",-деди Пентагондун өкүлү. Бул билдирүү чек арадагы аскерлердин саны алты эсе көбөйөт дегенди билдирет.
Кошумча жиберилген күчтөр чек арада 90 күндүк мөөнөттө жайгашмакчы.
Чек арада аскерден сырткары мобилдүү байкоо салуу системасы коюлуп, ошондой эле 240 км аралыкта тикенек зым тартылат.
Бейшембиде америкалык ЖМКларда АКШнын Мексика менен болгон чек арасына 3500 аскер жөнөтүлөрү жөнүндө маалыматтар чыккан. Андан кийин Дональд Трамп бул планды өзү ырастады.
"Биздин өлкөгө кербен топ болгондордун мыйзамсыз кирүү аракеттерин токтотуш үчүн түштүктөгү чек арага көп аскер жөнөтүп жатабыз. Биз мурдакы кербендерди да токтотконбуз, муну да токтотобуз",-деп жазды президент "Твиттерге".
Трамп ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз кирип жаткан мигранттарды токтотуу үчүн эч нерсе кылбай жатат деп Мексиканы айыптады.
Гондурас, Гматемалы жана Сальвадордон мигранттардын кербендери АКШны көздөй өткөн жылы күзүндө жылып баштаган. Мигранттардын бир бөлүгү депортация болду, кайсы бир бөлүгү Мексикада калды, калгандары АКШнын чек арасына жакын жерде турат.
Бул аптада ошондой эле Мексиканын борборунан АКШнын чек арасын көздөй 2400 адамдан турган кезектеги кербен жөнөгөнү кабарланды.









