Трамп АКШ-Мексика чек арасына барып, өзгөчө кырдаал жарыялайм деп коркутту

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын президенти Трамп Мексика менен чектеш аймакта дубал куруу долбоорун Конгресс колдобосо, өзгөчө кырдаал киргизип "акча бөлдүрөм" деп айтты.
Президент Трамп АКШ-Мексика чек арасындагы кайрылуусунда өлкөгө "өзгөчө кырдаал киргизүүгө укугум бар" деп белгиледи.
Талдоочулардын айтымында, президент согуш же өзгөчө кырдаал киргизилген учурунда армияга дубал куруу боюнча буйрук берүүгө укуктуу. Мындай кырдаалда Конгресстин уруксаты жок эле чек арада дубал курулушу ыктымал.
Бирок Трамп бул кадамга барса, конституциялык жараяндар бузулганы үчүн демократтар сотко кайрылары бышык. Ошондой эле Конгресс башка долбоорлорду токтотуп, дубал тургузууну каржылайт. Буга айрым республикачылар каршы чыгышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кечээ күнү Президент Трамп Демократиялык партия лидерлери менен жолугушуу учурунда, жыйындан чыгып кеткен. Буга демократтардын чек арада дубал тургузууга каршы чыкканы себеп болду.
Жыйындан кийин АКШнын лидери демократтар менен сүйлөшүүлөрдү "убакытты текке кеттирүү" деп мүнөздөгөн.
Сенат дубал курууга каражат бөлүүгө каршы болуп жаткандыктан, АКШнын өкмөтү 20 күндөн бери жарым-жартылай иштеп келет. Демек, 800 миңге чукул өкмөт кызматкерлери бул айда айлык акы албай калышат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ал эми дубалга каражат бөлүнбөгөн бюджетке президент Трамп кол коюдан баш тартты. Республикачылар президенттин долбоорун колдоп жатышат.
Президент Трамптын айтымында, Мексика менен чек арага дубал тургузулса, транс чек аралык кылмыштуулукка, баңгизат соодасына бөгөт коюлуп, миңдеген кишилердин өмүрү сакталат.
Өлкө коопсуздугуна жаралган коркунучтардан улам, Трамп Конгресске чек ара аймактарын коргоо боюнча долбоорун жолдогон. Ага ылайык, дубалды тургузуу үчүн 5,7 млрд доллар сарпталат.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп атайын телекайрылуусунда "гуманитардык кризисти жайгаруу" үчүн Мексика менен чектеш аймакта дубал куруу зарыл экенин айткан. Трамптын атайын кайрылуусу прайм-тайм убактысында көрсөтүлдү.
АКШ лидеринин кайрылуусунан кийин Конгресстин Өкүлдөр палатасынын демократ спикери Ненси Пэлоси жана Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер дароо жооп кайтарышты.
"Президент элди коркутуп сүйлөгөндү жактырат. Биз фактыларга таянабыз. Чек арадагы аялдар менен жаш балдар коркунуч жаратпайт", -деди Пелоси айым.

Сүрөттүн булагы, AFP
Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер болсо "Американын символу дубал эмес, Эркиндик айкели" экенин баса белгилеген. Конгресс өкүлдөрү чек ара коопсуздугун дубал куруудан башка жолдор менен чечсе болот деген пикирде.
Мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн 3200 километр дубал тургузуу керек деген идеясын Трамп эки жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген. Шайлоо өнөктүгү учурунда да кызуу талкууланган. (AT)









